Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:33

"Кылым шамы": запкы көргөн адам реанимацияда


"Кылым шамы" укук коргоо борбору 5 миң доллар талап кылган адамдардан запкы жеген көкжаңгактык тургундун укугун коргоого чакырууда.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулованын айтымында, милициянын кыйноосуна кабылды деген адам учурда оор абалда ооруканада жатат. Бул фактыны Башкы прокуратура иликтөөдө. Эксперттер болсо Кыргызстанда кыйноо боюнча абал оор экенин белгилеп жатышат.

Ош шаарындагы адвокат Назгүл Сүйүнбаева милиция кызматкерлеринин кыйноосуна кабылган адам республикалык оорукананын реанимация бөлүмүнө түшүп, оор абалда жатканын, ал жардамга муктаж экенин айтып, 16-ноябрда “Кылым шамы” борборуна кайрылган.

“Кылым шамы” тараткан маалыматка ылайык, көкжаңгактык тургунду милиция кызматкерлери Ошто жана Бишкекте ур-токмокко алышкан. Милициянын запкысына чыдабай акыры өз жанын кыйганга аракет кылган адам агасынын жардамы менен аман калган.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова тергөө кызыкчылыгына байланыштуу жабыркаган адамдын аты-жөнүн азырынча айтпай турууну өтүндү.

- Жардам сурап кайрылгандар өтө коркуп турушат. Себеби үч күн бою Ошто жер төлөдө, кийин Бишкекке алып келгенде да уруп-сабоону улантып, жигит өз жанын кыюуга аракет жасаганга чейин барган. Ал балага жолугуп, керектүү суроолорду бергенге гана мүмкүнчүлүк болду. Бирок бүгүнкү күндө анын жанына эч кимди киргизбей, дарыгерлердин кароосунда жатат. Анын башына желим баштыкты кайра-кайра кийгизишкен, денесин туш келди ургулашып, тамеки күйгүзүп басышкан.

Абдирасулованын айтымында, милиция кызматкерлери көкжаңгактык тургундан беш миң доллар талап кылышып, агасы аркылуу банктан акча котортууга мажбурлашкан.

- Беш миң долларды булар жабыркаган баланы Ошто кармап турганда талап кылышкан. Бишкектеги агасына телефон чалдырып, "тезирээк акча салып жибериңиз" деп жалдыраганга чейин жеткиришкен. Бизде күбөлөр бар, агасы жүгүрүп жүрүп, акча таап, беш миң долларды банк аркылуу Ошко жөнөткөн. Беш киши жигитти колундагы кишени менен банкка алып келгенде ал жерде иштегендер коркуп, акчаны бербей коюшкан.

Учурда “Кылым шамы” жабырлануучунун адвокатын коргоого алып, окуя боюнча тиешелүү органдарга кайрылышты. Бул фактыны Башкы прокуратура иликтеп жатканын аталган мекеменин маалымат катчысы Сейитжан Апышев билдирди.

- Бул окуяга байланыштуу кайрылуу прокуратурага түштү. Азыр иликтөө жүрүп жатат.

Башкы прокуратуранын айтымында, 2013-жылдын тогуз айында кыйноолор боюнча 208 кайрылуу катталган. Алардын 11и боюнча кылмыш иши козголуп, 8и сотко өттү, 2 кылмыш иши боюнча тергөө уланууда. Башкы прокуратуранын маалыматында, кыйноолор тууралуу кайрылуу өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 31,5 пайызга азайган.

Кыйноолордун алдын алуу борборунун жетекчиси Бакыт Рысбековдун айтымында, Кыргызстанда уруп-сабоо фактылары көп учурда жаап-жашырылат.

- Кыргызстанда абал өтө оор. Айрым мамлекеттик кызматкерлер Орусия менен Өзбекстанды мисалга тартышат, ал жакка караганда бизде абал жакшы дегенсип. Биз салыштырганда артка кылчайбай, алдыга кеткен мамлекеттерди мисал кылсак. Экинчиден, адамгерчилик жагынан да аксап атабыз. Көп иштер көмүскөдө калат, ачыкка чыкпайт. Бир гана кыйноонун алдын алуу боюнча жаңы түзүлгөн улуттук борбор эмес, жалпы коомчулук, мамлекеттик кызматкерлер буга көз карашын өзгөртмөйүн маселени чечүү өтө кыйын.

Укук коргоочулардын пикиринде, кыйноо фактыларын кыскартууда сот, прокуратура жана коомчулуктан көп нерсе көз каранды. Ошондой эле айрым мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү зарыл.

Адистер кыйноо фактылары кылмышка шектүүлөр кармалган алгачкы учурларда көп катталарын белгилеп келишет. Көбүнесе кыйноо фактылары милиция тарабынан жасалары айтылып жүрөт.

Азиза Абдирсулованын билдиришинче, биз макаланын башында сөз кылган көкжаңгактык жаран тууралуу маалымат келерки күндөрү дагы кененирээк айтылат. Өзбүз айтылган даректеги ооруканага издеп барганыбызда дарыгерлер кыйноого кабылган адам аларга түшпөгөнүн айтышты. Ал эми бул окуяга милициянын катышы бар же жогу прокуратуранын иликтөөсүнөн кийин белгилүү болот.

XS
SM
MD
LG