Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:54

"Чалгынчы дипломаттын" чалмакейи


Орус чалгынчысы экени айтылган Виктор Пухов.
Орус чалгынчысы экени айтылган Виктор Пухов.

Бишкекте орус дипломаты катышкан бир жыл мурдагы жол кырсыгына байланыштуу жаңы жагдайлар ачыкка чыкты.

Мындан бир жарым жыл мурда Бишкекте болгон жол кырсыгы кыргыз жараны Евгений Лексиндин өмүрүн алган. Анда Фучик жана Васильев көчөлөрүнүн кесилишинде "Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин дипломаты" деп айтылган Виктор Пухов айдап бараткан “Тойота” үлгүсүндөгү жолтандабас катуу ылдамдыкта жолчырактын кызыл жарыгынан өтүп, Лексин айдап келаткан “Мерседес-Спринтер” жүк ташуучу автоунаасын сүзгөн.

62 жаштагы Лексин оор жараат алып, бейтапканада жан берген.

Пухов айдап бараткан автоунаада "Роснефть" компаниясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директорунун орун басары Игорь Рясный да болгон. Экөө тең жеңил жараат алган.

Виктор Пухов ооруканага түшкөн убактагы дарыгерлердин каттоосу. 16-февраль, 2017-жыл.
Виктор Пухов ооруканага түшкөн убактагы дарыгерлердин каттоосу. 16-февраль, 2017-жыл.

Кырсык учурунда Пухов мас абалында болгонун ошол кезде эле Бишкектеги Медициналык-консультативдик жана спорттук медицина борборунун дарыгерлери айтып чыккан. Бирок буга карабай окуядан соң Пухов менен Рясный Кыргызстандан дароо чыгып кеткен. Себеби рулда отурган Пуховдо Орусиянын элчилигинин биринчи катчысы болуп эмгектенгени үчүн дипломаттын кол тийбестик укугу болгон.

Ошондуктан жол кырсыгына күнөөкөр өз өлкөсүндө, тагыраагы Орусияда жоопко тартылары айтылып келген. Бирок жергиликтүү "Дело №" гезити 22-августтагы санына Виктор Пуховдун дипломат эмес, Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын полковниги болгону тууралуу өз маалымат булактарына таянып жазып чыкты.

Гезиттин маалыматына караганда полковник Пухов ФСБнын 5-кызматынын офицери болуп иштеген. Бул кызмат Орусиянын ичиндеги чалгын иштери менен алектениши керек. Бирок Пухов 2012-жылдан бери Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинде эмгектенген.

Гезит жол кырсыгынан кийин Виктор Пухов ФСБдагы кызматынан бошотулганын жазды.

Дарыгерлер: орус дипломаты кызуу болчу
Дарыгерлер: орус дипломаты кызуу болчу
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:39 0:00

Бир адамдын канына забын болгон кырсыктын себепкери дипломат эмес, чалгын кызматкери болгону жөнүндө маалымат маркум Евгений Лексиндин жесири Нелли Лексинага да келген:

- Быйыл жайында, июнь айында болсо керек эле, мага Орусиядан сот тууралуу кабарлама кат келди. Анда Виктор Пухов Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын полковниги экени тууралуу жазылыптыр. Бул ишти тергеген Кант аба базасынан тергөөчү Москвага барып, Пуховду суракка алып келди. Ал учурда Москвада экен, - деп айтып берди "Азаттык" радиосуна Нелли Лексина.

Маалыматка караганда, алгач Пуховго каршы жазылган арызды Тажикстанда жайгашкан Орусиянын №109 аскер гарнизондук соту карамай болгон. Бирок айыпталуучу жараян өз өлкөсүндө өтүшүн өтүнүп, кийин иш Урал округдук аскер сотуна өткөн. Буга да макул болбогон Виктор Пухов Жогорку сотко кайрылган. Анын негизинде Пуховдун кылмыш жоопкерчилигин Брянск гарнизондук аскер соту карамай болду.

Маркум Евгений Лексин.
Маркум Евгений Лексин.

Орусиянын Жогорку сотунун расмий сайтынан Пуховдун иши кароого келип түшкөнү жана ал аскер кызматкери болгону үчүн ишти аскердик коллегия карай турганы жөнүндө маалыматты көрүүгө болот. Ошол эле учурда Нелли Лексина күйөөсүнүн өлүмү үчүн буга чейин Виктор Пухов 10 миң доллар кун төлөп берүүнү сунуш кылып байланышка чыкканын, бирок ага макул болбой койгонун кошумчалады.

Ал эми Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги маркумдун үй-бүлөсүнө кырсыктан эки ай өткөндө гана расмий көңүл айткан. Ошондон кийин элчилик Лексина менен байланышкан эмес.

Орусиянын элчилиги ФСБнын полковниги кандай негизде дипломаттык макам менен иштеп жүргөнү тууралуу да комментарий берген жок. Бирок эксперттер элчиликтерде чалгынчыларды дипломат катары көрсөтүп, өз кызыкчылыгына пайдаланган учурлар арбын экенин белгилешет.

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков мындай тажрыйбаны башка мамлекеттер сыяктуу эле Орусия да колдонорун белгилеп, бирок мыйзам бузган кызматкерин жоопко тартууга аракет көрүү зарыл экенин билдирди:

Артур Медетбеков.
Артур Медетбеков.

- Көпчүлүк ири өлкөлөр элчиликтериндеги биринчи катчы, маданий маселелер боюнча кеңешчи сыяктуу кызматтарга чалгын кызматкерлерин коюшат. Алар ошол өлкө тууралуу маалыматтарды топтошот. Бирок аскердик же атайын кызматтан келип, элчиликте иштеген адам дал ушундай кырсыкка кабылса, кайсы кызматты ээлесе да жазага тарттырууга аракет кылыш керек.

Юрист Клара Сооронкулованын айтымында, Кыргызстандын бийлик органдары тиешелүү келишимдерди колдонуу менен бул сыяктуу окуяларга мыйзамдуу баа берүүнү талап кылышы керек.

- Сөзсүз түрдө мамлекет арасында келишимдер болуш керек. Ушул келишимдерди карап туруп, "мына бул нерселерди бузуп жатасыңар" деп так айтып, жазага тартылышын талап кылуу зарыл.

Буга чейин элчиликтин кызматкери катышкан кырсык боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы алгач жол кырсыгын иликтөөгө көмөктөшүүнү өтүнүп Орусияга кат жазган.

Кийин бул маселе боюнча Башкы прокуратура иштеп, Орусиянын Башкы прокуратурасына өтүнүч жиберген. Бирок ал кезде Пуховду дипломат катары таанып, иш ошонун негизинде жүрүп жаткан. Эми жол кырсыгына кабылган адам чалгынчы экени белгилүү болгон соң Кыргызстандын расмий органдары кандай чара көрөрү белгисиз. Азырынча бийлик өкүлдөрү эч кандай комментарий бере элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG