Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:45

Жабыркаган мигранттар жөлөк пулдан куру калабы?


Анваржон Сотволдиев үй-бүлөсү менен.
Анваржон Сотволдиев үй-бүлөсү менен.

9-январда Москвада ресторанда өрт чыгып, анда иштеген эки кыргызстандык набыт болуп, 6 адам ооруканага түшкөн. Башында материалдык жардам сөзсүз көрсөтөбүз деген Москванын бийлиги эми Орусиянын жарандарына гана жөлөк пул берилээрин айтып чыгышты.

“Азатыкка” Москва шаарынан өзүн Санжар Калматай деп тааныштырган адам кат жазды.

“Саламатсыңбы “Азаттык” үналгысы!

Баарыңарга белгилүү, 9-январда Москва шаарында Il Pittore ресторанында газ жарылып, бир нече кыргызстандык жабыркаган. Анын ичинде Орусия жана Кыргызстандын жарандары болгонуна байланыштуу экиге бөлүшүп, ар башка ооруканаларга алып барып салганы баарыбызга эле белгилүү болсо керек.

Мына ошол Кыргызстандын жарандарына дары-дармектен тышкары эч кандай колдоо болбой жатканын ошол жабыркагандар арыздарын айтып, элчиликке кайрылса, алардан да эч кандай колдоо болбой жатыптыр. Жок дегенде ошол күнү өрттөнүп кеткен кыргыз паспортторун калыптандырууга да жардам бере албастыгын айтышыптыр...

Анан ушул армандарын угуп отуруп, "кыргыз элчиси ушундайда жардам бербесе, анда кыргыз жарандарына качан жардам берет?" деп ойлоп кеттим".

"Азаттык" бул суроону Москвадагы кыргыз элчилигине узатканда, маалымат катчы Айымкан Кулукеева мындай жооп кайтарды:

Толгонай Сатыбалдиева
Толгонай Сатыбалдиева
- Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Улугбек Чыналиев Москванын өкмөтүнүн өкүлү менен жолуккан. Бирок чын эле мыйзам боюнча Орусиянын жарандарына гана жардам көрсөтүлөт экен. Андан соң элчилик Орусиянын Тышкы иштер министрлигине нота жөнөткөн.

Набыт болгон 24 жаштагы Толгонай Сатыбалдиеванын денеси Кыргызстанга жөнөтүлгөн. Ал Кыргызстандын жараны болгондуктан ага жөлөк пул берилбейт деп айтылууда, анын денесин Кыргызстанга жөнөткөнгө ресторандын ээлери көмөктөшкөн.

Толгонай ашпозчунун жардамчысы болуп иштесе, анын бир тууган эжеси да ошол эле ресторандагы ашканада иштеген. Феруза Сатыбалдиева ооруканага денесинин 35 пайызы күйүп түшүп, ага операция жасалды. Аны ооруканада карап жаткан Гүлчехра Сатыбалдиева жардам, же жөлөк пул тууралуу эч кандай маалыматка ээ эмес.

Каза болгон кыздын жездеси Айбек Атаханов азырынча оорукана акча сурай элегин айтат.

Каралоонун көнүмүш ыкмасы

Ошол эле ресторанда жүк ташуучу Анваржон Сотволдиев набыт болгон. 34 жаштагы Анваржон Сотволдиев Кыргызстандын Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунда туулган. Орусияга 1992-жылдары эле көчүп келген соң жарандыгын өзгөрткөн, бирок бир туугандарынын айрымдары Кыргызстанда.

Анын 1 уул, 2 кызы калды. Эң кичүүсү жакында бирге толот. Анваржон орус жараны болгону менен бийликтер жөлөк пулду ага да төлөбөй коюшу мүмкүн. Себеби Москва шаарында жана облусунда гана каттоосу барларга материалдык жардам көрсөтүлөт деген сөздөр айтылууда. Бул тууралуу анын аялы Дилфуза Кимсанбаева айтып берди.
30-январда Орусиянын “сары” гезити катары таанымал “Лайфньюс” басылмасы Анваржонду ашпозчу деп атап, анын канында ВИЧ жана гепатит табылганынын далили жок эле, эч кимге шилтеме бербей жазып чыгышты. Ал жерде видеого Дилфузаны жашыруун тартып алышкан.

Дилфуза менен байланышып, буларды билдик:

- Алар менин дарегимди кайдан алганын билбейм, бирок кечээ Соцфонддон деп бир кыз жана бала келишкен, анан алар "сиздин күйөөңүз СПИД менен оорулуу экен" деп, мени ыйлата башташты. Мен алар жардам беришет го деп сүйлөшкөм. Мен 3 бала менен жалгыз калдым, алардын пособиеси ар бир балага 1000 рубль. Компенсация берилбесе, мен аларды кантип багам?

Маркум Анваржондун үйүнө мен да баргам, анын бир кыз, бир уулу мектепке барышат, бир кызы – эмчекте.

“Мен өзүмдү кармайын деп араң турсам, эми ушинтип айтышат. Анваржон бир жарым ай мурун текшерилген, бүт кагаздары бар. Менин эң кичүү балам да ай сайын анализ тапшырат, эч кимибизде ВИЧ жана гепатит жок. Өрттөн кийин 3 апта өттү, эми аны эмне үчүн каралап атышат? Моргго чалып, дарыгерден гепатиттин кайсы түрү деп сурасак, жооп бере албай койду, себеби бул жалган”, - дейт Дильфуза.

Мигранттардын баарын оорулуу, кылмышкер катары көрсөтүү орус медиасында адатка айланып калган көрүнүш. Бул жолу Анваржон тууралуу берилген маалыматтын айынан ага жөлөк пул берилбей калынаары толук ыктымал.

Элчиликтин маалымат катчысы Айымкан Кулукеева Анваржондун аялы жана балдары сөзсүз жөлөк пул алат дейт.

Ооруканаларда жаткан башка кыргызстандыктардын айрымдары мага маек берүүдөн баш тартышты. Айымкан Кулукеева алардын активдүүлүгү да жөлөк пулду алууга көмөктөшөт эле деген пикирде.

Руслан Кимсанбаев - Анваржон Сотволдиевдин аялынын агасы. Руслан Кимсанбаев мындай кырдаалда элчи өз жумушун так аткарышы керек деген ойдо.

- Биз эми Кыргызстандын жараны эмеспиз, бирок баары бир Кыргызстанда чоңойгонбуз. Ал бул жерде кыргызстандыктардын эсебинен айлык алып иштеп атпайбы, чечиш керек. Ресторанда отурган кардарлар оор жаракат алышкан эмес, аларды күйүк борборлоруна дароо алып кетишкен. Анваржон жарым саат тез жардамдын жанында турган, дагы бирөө видеодо “чыда” деп койот. Ал эки кызды имараттан алып чыккан. Бирок ошол газ менен ууланып калган.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG