Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:32

Көз жумган жубайлар Кыргызстанга жеткирилет


Орусиянын Приморье крайынын Артем шаарында унаа кырсыгынан набыт болгон кыргызстандык жубайлардын сөөгүн мекенине жеткирүү маселеси чечилди.

Анын алдында ошол аймакта жашаган кыргыздар сөөктү жеткирүү үчүн үч күндөн бери жетиштүү акча топтой албай жатканын айтып чыгышкан.

Жыл башынан бери Москва аркылуу эле 79 жарандын сөөгү келди. Мыйзам боюнча мигранттардын сөөгүн мекенине жеткирүү – өкмөттүн милдети болуп саналат.

Каргашалуу окуя 15-июлда болгон экен. Өзүн Гуля деп тааныштырган Артем шаарындагы кыргызстандык айым үч күндөн бери жетиштүү каражатты топтой албай кыйналышканын “Азаттыкка” айтып берди:

- Документтер дээрлик даяр болуп калды. Жубайлар бул жакта өздөрү эле иштеп жүргөн. Эки баласы Таласта. Баласы эки жашта эле болчу. Келинчеги деле жаңы эле келген. Атүгүл биринчи айлыгын да ала элек болчу. Таласта картаң ата-энеси бар экен. Бир туугандары менен бул жакта айлыкка иштеп жүрүшкөн. Таластан деле чоң жардам болооруна үмүт жок. Кыргыздарда сөөктү койгон кандай машакат экенин өзүңөр деле билесиңер да.

“Азаттык” бул окуя тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине жеткирди. Ал жактан маселени чечүүгө жардам берүү Хабаровск шаарындагы ардактуу консул Кадырбек Мырзабаевге тапшырылганы дайын болду. Мырзабаев Новосибирсктеги консулдук да кирише баштаганын, каражат маселеси толук чечилгенин “Азаттыкка” маалымдады. Анын айтымында, “Кыргызстан” авиакомпаниясы маркумдардын сөөгүн Бишкекке бекер алып келип берет:

- Сөөктөрдү Владивостоктон Новосибирскке жөнөтөбүз. Ал жактан Бишкекке чейин консулдук бекер жөнөтөт. Владивостокто диаспоранын балдары акча чогултуп, каражат маселеси толук чечилди.

Өткөн жылдын этегинен тарта “Кыргызстан” авиакомпаниясы каттаган бардык тараптан “жүк-200” үчүн акы алуудан баш тарткан болчу. Андан кийин башка авиакомпаниялар да четте жүрүп каза тапкан маркумдун тууган-туушкандарынын түйшүгүн жеңилдетүү үчүн бул демилгени колдоп жатканы маалым болгон. Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин маалымат катчысы Айымкан Кулукееванын билдиришинче, бирок азыр бул милдетти бир эле компания аткарып жатат:

- Төрт авикомпания бизге бекер жеткириле турганы тууралуу жарыясын, буйругун берип, биз төрт авиакомпания бекер ташымак болду десек, болгону иш жүзүндө “жүк-200дү” “Кыргызстан” авиакомпаниясы гана ташып жатат. Биздин ошол төрт авикомпания каттабаган жерлерде ошентип кыйналып жатышат. “Кыргызстан” авиакомпаниясы каалаган рейсине салып жакшы иштеп атышат. Түнү чалсаң түнү, күнү чалсаң күнү баш тартпай алып кетип жатышат.

Учурда Кыргызстандын он миңдеген жараны сыртта жүрөт. Мигранттар арасында каза болгондорду мекенине жөнөтүү көп учурда материалдык кыйынчылык менен коштолот.

Жыл сайын болжол менен четте ар кандай шартта курман болгон 300дөй жарандын сөөгү жөнөтүлөт. Алардын көпчүлүгү Орусия менен Казакстанда каза тапкандар. Ушул жыл башынан бери Москва аркылуу эле 80ге жакын адамдын сөөгү келди.

XS
SM
MD
LG