Линктер

шаршемби, 14-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 19:12

Түрткүнчүк болгон "жээндер"


Кезек күткөн кыз-келиндер.

Ушул күндөрү Москвада эки келин балдары менен Кыргызстанга кете албай жүрүшөт.

Балдардын аталары башка өлкөнүн жарандары болгондуктан наристелерди Кыргызстанга алып кетүүгө консулдуктан жарандыкты аныктоо боюнча эрежеде көрсөтүлбөгөн кошумча документтерди талап кылышкан.

Айзада Москвадагы кыргыз элчилигине кайрылып, баласынын жарандыгын аныктаган кошумча баракча ала албай жатат. Колундагы үч айлык баласынын атасы чет өлкөнүн жараны. Баласын Кыргызстанга алып кете албай жаткан келин консулдук улам бир документ сурап жатканын айтып кайрылган.

Консулдукта эне баласы менен.
Консулдукта эне баласы менен.

- Кыргызстанга бир айдан бери кете албай жүрөм, - дейт ал. - Биринчи жолу баланын күбөлүгү менен келип "энесимин, балама кыргыз жарандыгын бергиле, барак (вкладыш) алам" десем, "атасын алып кел" дешти. Экинчисинде атасын алып келсем, балага кыргыз жарандыгын берип, "Кыргызстанга алып кеткенге атанын уруксатын расмий жаздырып келгиле" дешти. Үчүнчүсүндө, юристке барып, нотариалдык уруксат кагазын да алып келдик. Эми "Өзбекстандын элчилигине барып, бала өзбек жарандыгын албагандыгын тастыктаган маалымдама алып кел" дешти. Ал жакка барсам "бул бала Орусияда төрөлсө, атасы уруксат кагазын жазып берсе, биз эмне сизге андай маалымдама беришибиз керек" деп мени чыгарып жиберишти.

Айласы кеткен эне төртүнчү жолу консулдукка укук коргоочу Валентина Чупик менен келген.

Валентина Чупик.
Валентина Чупик.

Москвада мигранттарга жардам көрсөтүп жүргөн укук коргоочу консулдук жарандыкты аныктоо боюнча мыйзамга таянып, улам кошумча документтерди талап кылып, чет жерде жаш балалуу келиндерди убайымга салып жатканын айтты:

- Бул келиндин колунда бардык документтери турат. Элчилик эч кимге кереги жок кагаздарды сурап, эми "Өзбекстандын элчилигинен маалымдама алып кел" деп жатат. Баланын атасы өзү келген, колунда нотариалдык бекитилген уруксаты бар, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү бар, энеси кыргыз жараны. Эмне үчүн консулдукта арызын кабыл албай жатышканына мен түшүнбөйм. Минтип балалуу энелерди кыйнап жатышат. Жарандык боюнча мыйзамды булар өздөрү каалагандай бурмалашууда.

Акыры Валентина бул ата-эненин атынан арызды өзү толтуруп, мурунтан документтерин кабыл албай жаткан консулдуктун кызматерлерине тапшырып кетти.

Орусияда расмий никеде турбаган, жарандыктары ар башка мигранттардын ортосунда төрөлгөн балдардын жарандыгын аныктоо орчундуу көйгөйлөрдүн бири. Атанын же эненин балага бир тараптуу толук укугун бир гана сот аркылуу чечип, кийин жарандыгын аныктоого болот.

Канатбек Абдилов.
Канатбек Абдилов.

Москвада мигранттарга акысыз жардам көрсөткөн юрист Канатбек Абдилов учурда баласынын жарандыгы аныкталбай, Кыргызстанга кете албай жүргөн дагы бир келин тууралуу айтып берди.

- Бизге эки жума мурун 24 жаштагы келин кайрылды. Колунда баласы бар, анын атасы ​Өзбекстандын жараны экен. Бала төрөлгөндөн кийин бир айдан кийин качып кетиптир. Атасы болсо Өзбекстанда жүрөт деп жатышат. Эми атасынын расмий уруксаты жок, ал баласын Орусиядан чыгарып кете албай жатат. Өзү жалгыз бой эне болсо, баласы менен же иштей албайт. Билесиздер, Москвада иштебеген адам үчүн бир күн да оор.

Канатбек Абдилов баланын атасы чет өлкөнүн жараны болуп, анысы аз келгенсип изин жашырып кеткени абалды оорлотуп турганын белгилейт. Эми сот аркылуу аталык укуктан ажыраткандан кийин гана балага кыргыз жарандыгын алууга болот.

- Сотто мындай иштер алты айга чейин каралат, - деп түшүндүрдү ал. - Бул келиндин Москвада баласы менен соттошуп жүргөнгө мүмкүнчүлүгү жок. Биз жардам берип жатабыз. Сотко деле кайрылабыз. Бирок элчиликтин юристтери "энеси кыргыз, бала расмий никеде төрөлгөн эмес" деп, абалына түшүнүп бир жолун карап бериши керек да. Биз келин менен кошо консулдукка бардык. Алардын айткандары деле жөндүү, мыйзамда көрсөтүлгөндөй. Бирок "мыйзам уруксат бербейт" деп кол шилтеп, көчөгө чыгарып койбош керек да. Абдан орой сүйлөп, бизди кубалап эле чыгышты. Элчинин атына арыз жазып, күчтөп эле таштап кеттик.

Москвадагы кыргыз элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова бул эки келиндин арыздары элчинин көзөмөлүнө алынганын билдирди. Ал консулдук Кыргызстандын жарандыкты аныктоо мыйзамынын чегинде иш алып барып, эрежеде көрсөтүлгөн гана документтер талап кылынып жатканын түшүндүрөт.

Гүлбарчын Байымбетова.
Гүлбарчын Байымбетова.

- Элчилик мыйзам чегинде иштейт. Өзбек жараны бир күнү "баламды уурдап алып кетти, элчилик кагаз берген" деп чыгышы мүмкүн. Биз келиндердин абалын түшүнүп, кагаз берип койгон мыйзамга да туура келбейт. Бирок биз алардын арыздарын кабыл алдык. Аларга жардам берүүнүн жолдорун карап жатабыз.

Элчилик айтып жаткан дагы бир жүйө - Өзбекстандын жарандык тууралуу мыйзамдары боюнча чет жакта төрөлгөн баланын атасы же энеси өзбек жараны болсо, ал ата же эне бул маалда Өзбекстанда туруктуу жашаган жери боюнча каттоодо турса, жаңы төрөлгөн бала дароо өзбек жараны болуп эсептелет. Буга байланыштуу өзбек элчилигинен кошумча маалымдама талап кылынат.

Москвадагы элчилик январдан бери жарандарга баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүккө кошумча жарандыгын ырыстаган 4 миңден ашык барак даярдап бергенин маалымдайт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG