Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:21

Туристтерди качырган бейбаштар


Москвадан келген турист Константин Стасенконун чолпонаталык бала таш менен уруп салган автоунаасы
Москвадан келген турист Константин Стасенконун чолпонаталык бала таш менен уруп салган автоунаасы

Ысык-Көлдө эс алуучулар менен жергиликтүүлөр чатакташкан видеолор интернетке тарап, социалдык тармактарда талкууланып жатат.

Видеолордун биринде жергиликтүүлөр орусиялык эс алуучунун автоунаасынын терезесин сындырып салганын көрүүгө болот.

Жаңжал 30-июлда Чолпон-Атадагы базардын жанында унаа токтотуучу жайда болгон. Ал жерде турган өспүрүм орусиялык туристтен машинесин токтоткону үчүн 50 сом акы сураган. Дубалда “токтотуу акысы 20 сом” деп турганына байланыштуу турист ага ашыкча акча берүүдөн баш тартат. Өспүрүм буга макул болбой, машиненин жолун тороп туруп алган. Ортодо кайым айтышуу болуп, бала унаанын айнегин таш менен сындыра урган. Карап турган күбөлөр өспүрүмгө болушуп, туристтердин кетип калуусун айтышат.

15 жаштагы өспүрүм акча үчүн эмес, турист анын бутун машинеси менен тепсеп кеткени үчүн таш ыргытканын айтууда. Учурда бул жаңжалдын чоо-жайын милиция иликтеп жатат.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов “Азаттык” радиосуна билдиргендей, эки тарап тең бирин-бири күнөөлөп арыз жазышкан.

- Баланын ата-энеси бутун тебелеп кетиптир деп арыз жазды. Беркилер болсо машинабыз талкаланды дешүүдө. Учурда териштүү жүрүп жатат.

Ошондой эле милиция Чолпон-Ата шаардык мэриясына да суроо-талап жиберген. Алар базардын жанындагы унаа токтотуучу жай канчалык мыйзамдуу иштеп жатканы тууралуу аныктама беришет.

Жергиликтүүлөр менен чатакташкан Константин Стасенко үй-бүлөсү менен эс алууга Орусиянын Москва шаарынан келген. Учурда автоунаасы териштирүү бүтмөйүн милицияда турат. Константин 400 долларга чыгымга учураганын айтып, эс алганы келген үй-бүлө буга чейин деле жергиликтүү эл жүдөткөнүн айтууда.

- Бул жерде башаламан экен. Жергиликтүүлөр аябай ачуулуу келишет. Кандай жол менен гана болбосун келгендерден акча өндүрүп калууну ойлошот. Коркутушат, расмий алынчу төлөмдөрдү жогору айтышат. Кээде тоногондорун угуп калабыз. Алыс жактан келгиси келгендер көп, бирок коопсуздугунан коркушат. Бул базардагы алгачкы окуя эмес. Өкүнүчтүүсү - мындайлар жазасыз калат.

Айткандай эле мындай окуялар эс алуу сезонунда алгачкы жолу болуп жаткан жок. Сезон башталганы бул өңдүү видеолордун бир нечеси интернетке тарады.

Көлгө келген казакстандык Салтанат Абильтаева аттуу эс алуучу жеке блогунда жергиликтүүлөр менен болгон чатагын баяндаган. Анда ал аэропорттун таксисин чакырган үчүн жергиликтүү такси айдагандар менен жаңжалдашкан. Окуяда эс алуучу жайдын кайтаруучусу да эч нерсе кыла албай койгонуна таң калат. Ысыккөлдүк бейбаштардын жоруктары социалдык тармактарда дагы кызуу талкууланып жаткан учур. Фейсбуктагы айрым пикирлер:

Назима Байчерикова: Тартипке келтириш керек! Бир нерсе болсо эле жергиликтүү жаштар чогулуп келишет.

Нурсултан Майназаров: Көлдүк туугандар, сезон силердики, конок да силердики! Кыргызга жараша тургандай мамиле кылып тоскула.

Айгул Сарымсакова: Кээде күнөө эс алуучулардан деле кетет. Бир жактуу эмес.

Разак Өмүрбеков: Баары эле билет жергиликтүү балдардын топтошуп алып, башаламан кылгандарын. Бул интернетке кирип калган видеолор, кирбегени толтура.

Чынында өздөрүн “местныйларбыз” деген топ балдар Бишкектен же чет жактан келген жаштарга ыдык көрсөтүп, кээде акча талап кылары айтылып келет. Ириде мындай көрүнүштөр туризм тармагына терс таасирин тийгизээри бышык. Туризм адистери бир тоскон конокторду кийинки жылдары да кайрылып келе тургандай тосуп алуу негизги маселе экенин белгилеп келишет.

Туризм департаментинин жетекчиси Азамат Жаманкулов бул окуялар боюнча жаштар менен талкуу уюштуруларын билдирди.

- Биз канча акча коротуп, өлкөнүн атын чыгарабыз деген аракеттер ушундай бир окуя менен жуулуп кетүүдө. Муну жергиликтүү жаштарга далай түшүндүрдүк. Бирок окуялар кайталанып жатканы өкүнүчтүү. Бул боюнча талкуулар уюштурулат.

Өткөн айда майып баласын Ысык-Көлгө дарылоого алып бараткан орусиялык үй-бүлөнүн машинасын Бишкектин четинде милиция кийимчен эки адам токтотуп, миң долларга жакын акчасын алып койгон. Былтыр Чоң-Өрүктү айылындагы пансионат ээси менен эс алуучунун чатагы адам өлүмү менен аяктаганы белгилүү.

Негизи Кыргызстанга келген саякатчылар менен эс алуучулардын сапарында ар кандай тобокелдиктер арбын болот. Бул алардын коопсуздугуна кепилдиктердин жоктугуна байланыштуу.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG