Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:46

Көлгө бараткан туристтер тонолду


Ысык-Көл
Ысык-Көл

Ысык-Көлгө эс алганы келген орусиялык туристтерди тоногон топ Чүй облустук ИИБнын кызматкерлери тарабынан кармалган. Азырынча кармалган кишилердин саны, тек-жайы тууралуу ИИМ расмий маалымат бере элек.

Милициянын билдиришинче, кармалгандар мурда ички иштер тармагында иштеген.

- Алар экөө тең милицияда мурда иштеп, кылмыш кылганы үчүн ички иштер органдарынан айдалган. Азыр булар экөө тең ИИМдин убактылуу камоочу жайына киргизилди, - деди ИИМдин маалымат катчысы Бакыт Сеитов.

Орусиялык туристтерди тоногондордун бири 41 жашта, экинчиси 47де. Бири 2-11-жылы чет элдиктерди карактоо фактысына аралашканы үчүн милициядан айдалса, экинчиси жол-транспорттук кылмышка тиешеси бардыгы үчүн ички иштер органдарынан бошотулган.

Бакыт Сеитовдун айтуусунда, учурда бул маалыматтар да такталып жатат. Кармалгандардын баш коргоо чарасы 9-июлда сот тарабынан аныкталат. Ага чейин алардын аты-жөнү жана сүрөттөрү жарыяланбайт.

Окуя 4-июлда Бишкек-Балыкчы каттамында, Токмок шаарына кире бериште болгон. Орусиянын Волгоград облусунан Ысык-Көлгө санаторийлердин бирине майып баласын дарылоо максатында бараткан Дмитрий Ребровду өздөрүн милиция кызматкерлери деп тааныштырган белгисиз адамдар токтотуп, тоноп кетишкен. Жабырлануучу өзү туш болгон окуя тууралуу “Азаттык” радиосуна билдирди:

- Токмоктогу “Гавайи” деген эс алуу борборунун жанында “Мазда" үлгүсүндөгү машинедеги адам токтотуп, автоунаа менен документтерди текшере турганын айтты. Менин унаам орус номурлуу болчу. Алар өз машинелерине отуруп, суроолоруна жооп беришим керектигин айтышты. Барсам, арткы орундукта дагы бир адам бар экен. Ал “ичип алган жоксуңбу, нашаа чегип алган эмес белең” деп сурап, чөнтөгүмдү сыйпалап, чакан китепчем менен акча салган капчыгымды текшерди. Жезл көтөргөн шериги болcо көчөдө машинемди текшерип жаткан. Андан соң буюмдарымды, капчыгымды колума карматып, кое беришти. Жубайым экөөбүз бизге маңзат таштап койгон жокпу деп шектенип, текшерүүгө өттүк. Акчаны санасак, бир тобу жок. 100 евро, 20 миң рубль жана 45 миң сом жетпей калды.

Ысык-Көлгө келген туристтер, 2015-жыл
Ысык-Көлгө келген туристтер, 2015-жыл

Ребровдордун үй-бүлөсү жакын жердеги Кемин райондук милиция бөлүмүнө арыз жазышкан. Натыйжада Чүй облустук ички иштер башкармалыгы бул боюнча кылмыш иш козгоп, туристтерди карактагандар издөөгө алынган.

Мекеменин басма сөз катчысы Нурбек Токтосунов милиция кылмышкерлердин изине түшкөнүн маалымдап, алардан кандайдыр бир илинчек табылганын, жакын арада кармаларын айтып ынандырган эле:

- Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков орусиялык туристтер кабылган окуяны териштирүүнү ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге тапшырган. Бул иш азыр министрдин жеке көзөмөлүндө. Кылмышкерлерди кармоо боюнча ыкчам топ түзүлүп, иштеп жатышат.

Тонолгон орус жаранынын автоунаасынын видео каттоосунда кылмышкерлер түшкөн машиненин номуру жазылып калган. Автомобиль бир жыл мурун уурдалганын милиция аныктады. Туристти алдап кеткендер мурдагы орган кызматкерлери болушу ыктымал деген божомол айтылууда.

Жабырлануучулар алгач кыргыз милициясына ишенбей, күнөөлүүлөр табылбайт, анткени тартип коргоочулар тоноочуларды коргойт деп кооптонуп жаткан болсо, эми бул иш аягына чыгып, алар жазасын алат деп үмүт артышууда. Бирок азырынча айыпкерлер кармала элек.

Бул четтен келген конокторду тоногон биринчи учур эмес. Буга чейин да өлкөдө чет элдиктерди карактаган, зордуктаган окуялар катталган. Ошондой эле жол коопсуздук кызматкерлерине туристтерди улам токтотуп, тынчын алат деген сын-пикирлер да айтылып жүрчү.

Ысык-Көл
Ысык-Көл

Кыргызстандагы туроператорлор бирлигинин аткаруучу директору Нурбек Сапаров азыркы маалыматтык доордо мындай окуялар тез тарап, туристтик потенциалга терс таасир этет деген пикирде:

- Бул өңдүү окуялардын тарашы туризмге көлөкө түшүрөт. Ысык-Көлдө туристтердин коопсуздугун камсыздоо, сезонду ийгиликтүү өткөрүү боюнча быйыл өкмөттүк деңгээлде жакшы иштер жүрүп жатат. Бирок көл кылаасын эле карап, жолдогу коопсуздукка көңүл бөлүнбөй калган го.

Кыргыз бийлиги туризм казынаны толтурчу тармактардын бири экенин белгилеп, сентябрда экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө белсенүүдө. Анткен менен туристтик мезгил май айында башталган Ысык-Көлдө эс алуучулардын агымы көңүл жылытпайт.

Туризм департаментинин жетекчиси Азамат Жаманкулов эс алуу жайлары көп учурда бош турганын билдирип, муну аба ырайы менен байланыштырды. Ошол эле маалда туристтердин коопсуздугу боюнча жергиликтүү эл менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын, жогоркудай окуяларга жол бербөө аракети көрүлөрүн айтты:

- Албетте, орусиялык туристтер кабылган көрүнүш Кыргызстандын беделине шек келтирип, туристтердин агымын азайтышы мүмкүн. Мындай окуялар эми кайталанбайт деген ишеничтебиз. Укук коргоо кызматкерлери менен биргеликте эс алуучулардын коопсуздугуна кепилдик берүү, туристтерге шарт түзүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Ал арада орус жарандары кабылган окуядан кийин көлгө алып барган кан жолду Чүй жана Ысык-Көл облустук патрулдук милициясынын ондон ашык тобу көзөмөлгө алмай болду.

P/S: “Азаттык” радиосу Ысык-Көлгө келатып, милиционердин кийимин кийген эки кишиге 1000 доллардай акчасын тоноткон орусиялык туристти колдоо максатында #Меймандос деп аталган акция баштады. Анын алкагында активисттер туристке жоготкон акчасын топтоп беришмекчи. Максат - кыргызстандыктар меймандос жана боорукер экенин көрсөтүп, туризмди даңазалоо.

XS
SM
MD
LG