Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:46

Туздуу көл мамлекетке кайтабы?


Туздуу көл. 6-август, 2015-жыл.
Туздуу көл. 6-август, 2015-жыл.

Тоң районунун Күн-Чыгыш айыл өкмөтү дарылык касиети бар Туздуу көлдү жеке ишкерге 49 жылга ижарага берген токтомду жокко чыгаруу боюнча демилге көтөрүп жатат.

Жергиликтүү бийлик өз сунушун инвестор тартып келип, көлдүн инфраструктурасын оңдоо, туристтерге заманбап шарт түзүү максаты менен негиздеп жатат. Туздуу көлдү жыйырма жылдан ашык иштетип келген ишкер жергиликтүү бийликтин бул аракетин басым катары баалады.

Тоң районундагы "Гүлистан" дыйкан чарбасынын жетекчиси, академик Үсөн Мамыров 90-жылдардын башында 300 гектар жерди мамлекеттен 49 жылга ижарага алган. Анын тутумуна Туздуу көл жана Сасык көл деп аталган эки көл кирген.

Туризмге жана балыкчылыкка багытталган бул чарбачылыкты азыр Үсөн Мамыровдун уулу Нурлан Мамыров иштетет.

Бирок учурда Күн-Чыгыш айыл өкмөтү ишкерден Туздуу көлдү муниципалдык менчикке кайтарып алууга умтулууда. Айыл өкмөт башчысы Улан Турганбаев муну инвестор тартып келүү аркылуу эс алуучуларга жакшы шарт түзүү, туристтик аймакты жакшыртуу максаты менен түшүндүрдү:

Улан Турганбаев.
Улан Турганбаев.

- 300 гектар жерди алгандан кийин ошол жерге элге шарт түзүп коюшу керек эле. Жөнөкөй эле ажаткана, суудан чыккандан кийин чайкана турган душ кабиналарын салып койсо болмок. Ижарага алганга жараша жолду жасап коюш керек. Азыр биздин максатыбыз - көлдү мамлекеттин карамагына алуу. Ошондо гана бул аймакты өнүктүрүү үчүн инвесторлор тартууга шарт түзүлөт.

Жергиликтүү бийликтин демилгесин райондун акими Таалайбек Ажиев да колдоп жатат:

- Бул жерде мыйзам Мамыров тарапта болуп атат. Биз, жергиликтүү бийлик чара көрө албай жатабыз. Өкмөт 1995-жылы өкмөт аркылуу берилген токтомду жокко чыгарса гана мыйзамдын чегинде иш алып барат элек.

Ал эми ишкер Нурлан Мамыров жергиликтүү бийликтин аракеттерин басым катары баалап, дооматтарын четке какты:

Улан Мамыров.
Улан Мамыров.

- Булар "миллион таап жатат" деп ойлошот. Чынында андай эмес. Түшкөн акча тазалыкты, коопсуздукту сактаганга, документ иштерине эле кетет. Бул жерге жеткирген 12 чакырым жолду 20 жылдан ашык убакыттан бери өзүбүз эле оңдоп келдик, башка эч ким бир тыйын салбады. Жакында эле жолду толук оңдодук. Сезондо жок дегенде жолду эки-үч жолу ремонттош керек. Бул жерди ээн жаткан кезде алып, ушул деңгээлге чейин биз жеткирдик. Аракет кылабыз, иштеткенге мүмкүнчүлүк берсин. Ошол эле, биздин суранганыбыз.

"Азаттык" Туздуу көлгө келген айрым адамдарга бул жердин шартын билиш үчүн микрофон сунду. Алардын бири Данияр Хамидов Ташкенттен келген экен.

- Автоунаа токтотуучу жайлары бар экен, кийим алмаштыра турган кабиналары, жууна турган кабиналары бар экен. Көлдөн кичине ылдыйраак жерде боз үйлөрдүн комплексине бардык, ал жерде тамактануучу, жата турган жайларды көрдүк. Бир аздан кийин тамактанганы барабыз. Тейлөө кандай экени ошондо билинет, - дейт ал.

Тоңдогу Туздуу көл.
Тоңдогу Туздуу көл.

Казакстандык Жапаркул Тажиев Туздуу көлгө буга чейин да келип кеткен экен.

- Мурда таза эмес эле. Азыр таштанды үчүн урналар турат. Бирок көл жээктеринде тазалык жагы анча эмес экен, - дейт Тажиев.

"Эс алуучулар арасында дарылык касиети бар деп эсептелген Туздуу көлдүн шартын мындан да жакшыртса алыс жактан каттаган элдин агымы көбөйт эле" дегендер да бар.

Тоң районундагы "Гүлистан" дыйкан чарбасынын жетекчиси, Кыргыз илимдер академиясынын академиги Үсөн Мамыров аймакты ижарага алганга чейин эле Туздуу көлдүн суусун жана кара баткагын изилдетип, бир канча ооруларга шыпаа экенин далилдегенин жергиликтүү тургундар айтып жүрөт.

Туздуу көл: бийлик менен ишкердин талашы
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:53 0:00

Байкоочулар Туздуу көлгө келген туристтердин агымы 2000-жылдан бери көбөйө баштаганын айтышат. Адистердин айтымында, көлдүн айланасындагы кара баткак тери дарттарын, бронхит жана астманы айыктырууга жардам берет. Мында дарыланууга Европа менен Орусиянын алыскы аймактарынан жана бүтүндөй Азиядан туристтер келет.

Туздуу көлгө эс алууга бир эс алуучудан күнүнө 100 сомдон акы алынат. Ал эми ар бир автоунаага 150 сомдон акы алынып, анын 50 пайызы жергиликтүү бюджетке которулат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Асеин Маданбеков

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусу боюнча кабарчысы. 2015-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG