Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Март, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 02:41

Сары-Челектин кунарын качырган көрүнүштөр


Сары-Челек көлүнө чөмүлгөндөр

Сары-Челек коругу ЮНЕСКОнун тарыхый мурастар тизмесинен чыгып калуу коркунучуна кептелгенин жергиликтүү активисттер айтып чыкты. Алар муну биосфералык коруктун эрежелери сакталбай, жан-жаныбарлар атылып, өсүмдүктөр кыйылып жатканы менен байланыштырууда. Жетекчилик болсо муну жалган доомат деп атап жатат.

Жергиликтүү активисттердин бири Кенжебай Усубалиев Сары-Челек коругунун айланасындагы сатылып жаткан балыктар жөнүндө айтып берүүдө. Алар коруктун айбанаттарын коргоо боюнча атайын иликтөө иштерин жүргүзүп келет:

- Сары-Челек көлүндө маринка деген балык азайып кеткени үчүн ага мораторий жарыяланып, кармоого жана сатууга тыюу салынган. Бирок ошого карабай аны ээн-эркин сатып жатканын көрүүгө болот. Браконьерлерге корук жетекчилиги уруксат берип койгону үчүн тутуп жатышат да. Биз булар менен күрөшүп, токтотолу дегенибизге карабай ушул көрүнүш уланууда. Биз ал тургай балык уулап жаткандарды кармап алганбыз. Аларды жазага тартууга укугубуз жок болгондуктан башка органдарга өткөрүп бергенбиз. Бирок алар жазага тартылбай калды.

Сары-Челек коругунда эс алгандар
Сары-Челек коругунда эс алгандар

Аксы районунун аймагындагы Сары-Челек биосфералык коругунун аянты 24 миң гектарды түзөт. Анын 1600 гектар жери жаңгак багынан турат. Корукта өсүмдүктөрдүн миңдей түрү, канаттуунун 150дөй түрү жана жаныбарлардын 50дөй түрү бар.

Бирок акыркы мезгилде айбанаттардын саны азайып жатканын жергиликтүү экологдордун бири Үсөн Бобошев билдирди:

- Корук деген өзү кол тийгис деген сөз да. Анын аймагындагы өсүмдүктөргө эч ким тийбеши керек, жаныбарларын атып, кармабашы керек. Алардын бардык түрлөрү сакталып, андан ары көбөйүп жүрүп отурушу керек. Ал жерге болгону илимий байкоо салганга гана уруксат берилиши керек, андан ашыкчасына уруксат болбоого тийиш. Бирок айбанаттарга корукта жылдан жылга азайып жатат. Маселен, бир да каман калган жок. Баары Тажикстан менен Пакистан тарапка ооп кетти. Азыр кийик, элик, бугулар бар, бирок абдан аз санда калды.

Сары-Челек коругунда эс алгандар
Сары-Челек коругунда эс алгандар

Сары-Челектин карамагындагы Кызыл-Туу айылдык кеңешинин депутаттары менен жергиликтүү тургундар аз күн мурдараак эле өздөрүнүн иликтөөсү учурунда коруктун аймагында жаңгактар терилип, чөптөр орулуп, дарактар кыйылып жатканын аныкташкан.

Ошондой эле көлдө мотору күчтүү кайык адамдарды ташып бизнес кылып жатканын, бул балыктарды үркүтүп, башка жаныбарларга зыян алып келерин такташкан. Буга чейин коруктун ичинде аңчылык кылып жүрүп, мылтык менен колго түшкөндөр да болгон. Андан да карагайларды кыркып келип, жергиликтүүлөр үй салган фактылар катталган.

Корукта моторлуу кайыкка кезек күткөндөр
Корукта моторлуу кайыкка кезек күткөндөр

Ушул себептерден улам Сары-Челек биосфералык коругу ЮНЕСКОнун тизмесинен чыгып калуу коркунучуна кептелгенин айтып, өкмөткө жана башка бийликтерге кайрылуу жолдошкон. Жергиликтүү кеңештин депутаты Сатар Жакыбалиев мындай деди:

- Негизи корукта бардыгы табигый шартта турушу керек. Егерлер да атчан же сууда калагы бар кайык менен жүрүшү керек. Бирок ошентсе да өтө кичинекей моторлуу кайыкка уруксат берилип, ошо менен күзөт кылып жүрүшчү. Анан коруктун жетекчилиги көп орундуу катер алып алышып, алар туристтерди кыдыртып, акча тапканды адат кылып алышкан. Бул суудагы балыктарга терс таасирин тийгизет. Корукта сууга түшкөнгө, акыр-чикир таштаганга болбойт, өсүмдүктү үзүп, жаңгак тергенге болбойт. Ушуга окшогон эрежелер сакталбагандан улам ЮНЕСКО коруктун жетекчилигине ачык эскертүү берген. Талаптар аткарылбаса тизмеден Сары-Челекти чыгара турганын айткан. Аны жетекчилиги коруктун кызматкерлерине бир сыйра айтымыш болуп, бирок кайра эле мурдагы мыйзамсыз иштерин уланта берген. Эгер ушул темп менен жүрүп отурсак, корук ЮНЕСКОнун тизмесинен чыгып калышы мүмкүн.

Сары-Челектин кире бериши
Сары-Челектин кире бериши

Коруктун жетекчилиги да ЮНЕСКО аларга эскертүү бергенин билдирип, бирок корук тизмеден чыкпайт деп ишендирди. Директор Эсенали Ормоналиев мындай деди:

- ЮНЕСКО куду ошол талаптар аткарбагандан улам маданий жана жаратылыш баалуулуктарынынын тизмесинен чыгарат деген маселе жок. Андай коркунуч жок. Болгону илимий изилдөө иштериндеги отчеттордо кичине кемчилик болуп калган экен, ошону гана маселе кылышкан. Ал кемчиликтерди биз жойгонбуз жана түшүндүрмө берилип, такталган.

Ормоналиев ошондой эле, жан-жаныбарлардын азайып жатканын жана өсүмдүктөргө зыян келтирилип жатканын четке кагып, айрым кемчиликтер оңдолуп жатканын белгиледи:

Сары-Челек көлү
Сары-Челек көлү

- Коруктун эрежелери толугу менен сакталып жатат. Болгону коруктун аймагында эл жашагандыктан малдын өтүп кеткени, анча-мынча чөп чабылышы, жаңгак терүү сыяктуу мыйзам бузуулар болуп турат. Мунун себеби Сары-Челек коругунун ичинде Аркыт аттуу калктуу конуш жайгашкандыгы менен түшүндүрүлөт. Айылда 287 кожолук бар, миңден ашуун бодо мал, 800дөн ашык жандык бар. Анан алар илгертен эле ал жерде мал жайып, чөп чаап, мөмө-чөмө терип, тиричилик кылып жүрүшкөн. Аны биз чектей албайбыз. Эгер бул талаптарды баарын аткарабыз десек, анда ошол Аркыт айылын башка жакка көчүрүп чыгарышыбыз керек, ага азыр мамлекеттин күчү жетпейт. Ал эми катерди токтоттук, балыктарды туткандарга чара көрүп жатабыз, айбанаттарга аңчылык кылгандарды кармап атабыз. Ал аракеттер токтогон жок.

Сары-Челек биосфералык коругу түзүлгөн 1959-жылы эле ЮНЕСКОнун тизмесине талапкер катары киргизилген. Былтыр 2016-жылы 10-17-июль күндөрү Стамбул шаарында өткөн Уюмдун кезектеги 40-сессиясы сессиясында каралып, корук тизмеге толук бекитилген. Бирок минтип жыл айланбай эле анын тизмеден чыгып калуу коркунучу пайда болду.

Сары-Челектен сырткары Кыргызстанда Падыша-Ата, Беш-Арал коруктары, Сулайман-Тоо жана Чүйдөгү байыркы Невакет, Суяб, Баласагын шаарлары да ЮНЕСКОнун тизмесине кошулган. Ал эми Ысык-Көл ЮНЕСКО тарабынан Биосфералык резерваттардын Дүйнөлүк торчосуна киргизилип, улуттук деңгээлде корголушу керектиги белгиленген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (11)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG