Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:23

Жээналиев: Нурада азыр кооптонуу жок


Нура айылына курулган жаңы үйлөр, 2009-жылдын 17-августу.
Нура айылына курулган жаңы үйлөр, 2009-жылдын 17-августу.

Алайдын Нура айылында 14-февралда болгон жер титирөөдөн кийинки кырдаал боюнча район акими кеп салат.

Ош облусундагы Алай районуна караштуу Нура айылында 14-февралда түнкү саат бирден өткөндө күчү 4-5 баллга жеткен жер титирөө болду. Чукул кырдаалдар министрлигинин алдын ала маалыматына ылайык, зилзаладан жабыр тарткандар жок. Алай районунун акими Айтибай Жээналиев телефон аркылуу аймактагы табигый кырсыктар, алардын алдын алуу аракеттери тууралуу “Азаттыкка” айтып берди.

- Айтибай мырза, 14-февраль күнү күчү 5,5 баллга жеткен силкинүү болгон Нура айылында баары тынч элеби?

-Он төртүнө караган түнү саат бирлер чамасында Нура айлынын түштүк-батыш жагынан 10 чакырым аралыкта жер тербелди. Силкинүүнүн очогундагы күчү 5,5 баллга жеткен. Кудайга шүгүр, мындан жапа чеккендер жок, буга бир жагынан жер титирөөнүн очогу болгон жерде эл жашабаганы да себеп болду. Ошентсе да Нура айлына өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондогу бөлүмү тарабынан байкоочулар коюлган, алар иштеп жатышат. Мындан тышкары жергиликтүү тургундарга да ар кандай табигый кырсык тууралуу эскертилип, катуу жер титиресе кайда качуу керек, кай жерге жашынуу керек жана башка нускоо, жол-жоболор айтылып, үйрөтүлгөн. Азырынча эч кандай коркунуч, кооптуулук жок. Биз Нура айылы менен күнү-түнү байланышта болуп атабыз.

- 2008-жылы Нурада болгон катуу жер титирөөдөн кийин жергиликтүү элдин жүрөгү үшүп калган болуш керек, кечээки силкинүүнү алар кандай кабыл алышты?

- Ооба, ошондогу жер титирөө элге өлүм, катуу чыгым апкелген, элде чындыгында коркунуч-кооптонуу бар. Бирок ошол каргашадан кыйрап калган үйлөрдүн ордуна фин үлгүсүндө, силкинүүгө чыдай турган, а түгүлү 7-8-9-10 балл жер титирөөгө чейин чыдай турган үйлөр салынган.

- Ошол үйлөр менен Нурадагы элдин баары камсыз болгонбу? Же кыштан, ылайдан салынган үйлөр да барбы?

- Нура айлындагы турак-жайлардын баары 100% ошондой жер титирөөгө чыдай турган үйлөргө алмаштырылган. Жөнөкөй, кыштан же ылайдан өз алдынча салып алган үйлөр жок. Бардык тургундар ошондой мобилдик үйлөрдө жашашат.

- Январь айынын аягында Алайда болгон силкинүү жердин жарака кетишине алып келди деген маалыматтар да айтылып атты эле. Азыр абал кандай?

- 24-январда Кичи-Алай тоо кыркаларында жер титирөө катталган. Анда 157 үй изилденип, алардын ичинен 19 үй авариялык абалда, 66 үй капиталдык ремонт талап кылат, 7 үй байкоого коюлган, 65 турак-жай канааттандырарлык абалда деп табылган. Бул өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери тарабынан үймө-үй кыдырып, изилденген, такталган маалыматтар.

- Эми аларга материалдык жактан жардам берүү маселеси кандай чечилет?

- Ал жерди барып, өз көзүбүз менен көрүп, мониторинг жүргүзүп, актылар түзүлгөн. Аларды өзгөчө кырдаалдар министрлигине сунуштап атабыз. Эгер алар биз берген маалыматтарды тактап, беките турган болсо, ошол жабыркаган үй ээлерине башка жактан жер участокторун берүү керек, же болбосо ошол эле жерге силкинүүгө чыдай турган там салууга уруксат берүү керек. Ал эми там салууга насыя акча берүү маселесин мамлекет өзгөчө кырдаалдар министрлиги аркылуу чечип берет.

- Айтибай мырза, сизге чоң рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG