Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:17

Чек ара: Хоженттеги тополоңдун илеби


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тажистандагы соңку окуяларга байланыштуу Кыргызстандын тиешелүү күч түзүмдөрү кыргыз-тажик чек арасындагы коопсуздукка өзгөчө көңүл бурууда.

Тажикстандын Хожент шаарындагы түрмөдө 8-ноябрга караган түнү козголоң чыгып, анын натыйжасында кеминде жыйырмадан ашуун адам каза тапкан.

Алардын арасында түрмө кайтарган эки күзөтчү өлтүрүлгөнү жана алты кызматкер ооруканага түшкөнү ырасталган. Түрмө жетекчилиги каза болгон эки күзөтчүнүн зыйнатында өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлер абактан качыш үчүн башаламандык уюштурганын билдирген.

Түрмөдөгүлөрдүн козголоңун басыш үчүн милициянын атайын даярдыктагы отряды тартылганы кабарланды. "Озоди" тажик кызматы өз булагына таянып, атайын операция учурунда каза болгондор менен жарадарлардын саны белгисиз экенин маалымдады.

Анда аймакты Өзбекстан жана Кыргызстан менен байланыштырган чоң жолдорго тажик күч түзүмдөрүнүн блок-посттору коюлганы айтылды.

"Чек арада кырдаал туруктуу"

Анткен менен Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын расмий өкүлү Гүлмира Бөрүбаева кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу экенин билдирди:

Гүлмира Бөрүбаева.
Гүлмира Бөрүбаева.

- Бизде бул жагдайга байланыштуу кечээ тажик кесиптештер менен маалымат алмашуу болду. Ал жакта абакта козголоң чыкканы айтылды. Бирок биз азыр бул багытта мамлекеттик чек араны кайтарууну күчөткөн жокпуз. Биз болгону чек ара өткөрмө бекеттеринде жана чек арада турган түзүмдөрдүн кыраакылыгын күчөттүк. Бизде кыргыз-тажик чек арасында ар кандай өзгөрүүлөргө каршы турчу күчтөр жана каражаттар жетиштүү. Бүгүнкү күнгө карата кырдаал тынч. Биздин чек арачылар кадимкидей эле кызмат өтөп жатышат. Аларга чек арада кыраакылыкты күчөтүү боюнча гана талап коюлду.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинде Тажикстан менен чектешкен Баткен жана Ош облустарындагы райондордо коопсуздук жагынан тиешелүү чара көрүлүп, шектүү жагдайларга ыкчам көңүл буруу тапшырылганы белгилүү болду.

Ички иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Эрнис Осмонбаев Хоженттеги түрмөдөн качкандар тууралуу тажик тараптан расмий маалымат келип түшпөгөнүн билдирди:

Ички иштер министрлиги.
Ички иштер министрлиги.

- Азыр Тажикстан тараптан түрмөдөн канча кылмышкер качканы жөнүндө расмий маалымат жиберилип, кылмышкерлер боюнча багыттама бериле элек. Болгону атайын операция учурунда козголоң чыгаргандардын арасынан бир нече киши жок кылынганын айтып жатышат. Анан ошол абактан качкандар барбы же жокпу, азырынча бизге расмий маалымат келип түшкөн жок. Бизде азыр милиция кадимкидей эле иштеп жатат. Бирок чек арага жакын аймактардагы коопсуздукка өзгөчө көңүл бурулуп турат.

Буга чейин жергиликтүү маалымат агенттиктери Тажикстандын Бадахшан аймагындагы Хорог шаарында да абал тынч эмес экенин жазып чыгышкан.

Анда 5-ноябрь күнү Хорог шаарында жергиликтүү бейформал лидер Хурсанд Мазоров жетектеген жаштардын тобу андагы милиция постторунун ишине жолтоо болуп, МАИ постторунун жетекчисинин автоунаасына кол салганы белгиленген. Анан милиция жаштарга ок атып, андан үч адам жарадар болгону кабарланган.

Бирок бул окуянын күбөлөрү анын чоо-жайы башкача болгонун айтып, милиция аларга жөн жерден курал колдонгонун айыптап, эртеси аларды колдогон ондогон адамдар митингге чыгышкан.

Ооган коркунучунун жаңырыгы

Ал арада айрым эл аралык агенттиктер мурдагы тажик полковниги Гулмурод Халимов куралдуу тобу менен Жакынкы Чыгыштан Ооганстанга кайтып келгени тууралуу тастыкталбаган маалыматтарды таратты.

Мындай жагдай жалпы эле чөлкөм үчүн кооптуу белги экенин айткан айрым талдоочулар Тажикстандагы соңку окуялардын удаалаштыгы жөн жерден эмес деген тыянак чыгарышты. Улуттук коопсуздук боюнча эксперт, генерал-майор Марат Иманкулов ооган багытындагы кырдаалды көңүл сыртында калтырууга болбойт деп эсептейт:

Марат Иманкулов.
Марат Иманкулов.

- Мамлекет ал жактан келчү негизги тышкы коркунучтарды көз жаздымда калтырып койбошу керек. Биз азырынча буга анча маани бербей жатабыз. Азыр Сирияда, Иракта согушуп жүргөн, Борбор Азиядан барган жоочулар ал жактардан качып чыгып кетишти. Алардын качып кутулгандары Ооганстанды көздөй ооп кетип, ал жакта топтошуп жатканы тууралуу маалыматтар бар. Албетте, алар ал жакта көпкө турбайт. Алардын көздөгөнү эле - кандайдыр бир мүмкүнчүлүк болору менен биздин чөлкөмгө өтүп, кайтып келүү. Алар Сирия менен Иракта бир топ согуштук тажрыйба топтошкон. Чалгын маалыматтары боюнча ал жакта согушкан борбор азиялыктардын болжолдуу саны алты миңден он миңге чейин чамалап барат. Акыркы маалыматтарга ылайык алар Ооганстандын кээ бир начар көзөмөлдөнгөн провинцияларына келип отурукташып, ал жактарда лагерлерди ачып жатышат. Анан эми Тажикстандагы соңку окуялар менен да ал жактын байланышы жок деп айтууга болбойт. Анткени радикалдык күчтөр кылмыш чөйрөсү менен өнөктөштүк түзгөн учурлар көп. Себеби алардын көздөгөн максаттары окшош.

Жамаатык Коопсуздук жөнүндө Келишим Уюму (ЖККУ) буга чейин Ооганстандагы кырдаалды Борбор Азия чөлкөмүнө коркунуч келтире турган жагдай катары карап, уюмдун курамындагы мамлекеттерге чек араны кайтарууга өзгөчө көңүл бурууну сунуш кылган. Ооганстандан ооп келген жоочулар 1999-2000-жылдары Тажикстан аркылуу кирип, Баткен, Кадамжай жана Чоң-Алай райондорундагы Кыргызстандын күч түзүмдөрү менен кагылышканы азыр да көпчүлүктүн эсинен чыга элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG