Линктер

жекшемби, 21-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 13:48

Жанын кыйган жаштар: тарбиянын ролу


Иллюстрация

Жыл жаңыргандан бери Кыргызстанда он чакты өспүрүм өз өмүрүнө кол салган.

ИИМдин маалыматы боюнча былтыр өз өмүрүн кыйып, жарык менен кош айтышкан балдардын саны жүзгө чамалаган. Өспүрүмдөрдүн суицидге барышынын себептери эмне? Эмнеге мындай окуялар тыйылбай жатат? Балдардын өмүрүнө ким жоопкер? Балдарды тарбиялоонун маани-маңызы өзгөрдүбү? Адистердин ата-энелерди бала тарбиялоого окутуп-үйрөтүү зарылдыгы тууралуу айтканы канчалык негиздүү?

Ушул жана башка суроолор бүгүнкү "Арай көз чарай" талкуусунун өзөгүн түзөт. Талкууга Балдарды коргоо борборунун адиси Кумар Эргешова, психиатр Кеңеш Үсөнов катышты.

"Азаттык": Кеңеш мырза, өспүрүм балдардын суицидге барышына эмне себеп? Өспүрүм курактагы өткөөл мезгилди себеп кылууга болобу?

Баланын айлана-чөйрөсүндөгү адамдар анын жанын кейитип аткан түрдүү суроолоруна жооп бере албашы мүмкүн.

Үсөнов: Эгер бөлүп айта турган болсок, биринчиси - өспүрүм балдардын физиологиялык-психологиялык кырдаалы, ошол кездеги жашына жараша психикасынын өзгөчөлүгү.

Алар өтө сезимтал болушат, айлана-чөйрөсүндө болуп жаткан бардык окуяларга өтө катуу көңүл бурушат. Аларды көбүнчө "Бул жашоого эмнеге келдим, эмне жасап жатам?" деген суроолор түйшөлтөт. Баланын айлана-чөйрөсүндөгү адамдар - ата-энеси, мугалимдер, жоро-жолдоштору, бир туугандары - баланын жанын кейиткен түрдүү суроолоруна жооп бере албашы мүмкүн. Тиешелүү деңгээлде балага көңүл бурбашы мүмкүн. Эгерде бала кандайдыр жоготууга, кемсинтүүгө, басмырлоого кабыла турган болсо ал көйгөйдү өз жанын кыюу менен гана чечсе болот деп ойлойт.

Жанынан кечкен жаштар
please wait

No media source currently available

0:00 0:24:38 0:00
Түз линк

"Азаттык": Кумар айым, оор тагдырга туш болгон балдар менен иштеп келе жатканыңызга көп жыл болду. Тажрыйбаңыздан улам айтсаңыз - начар турмуш, ата-энелердин биринин жоктугу канчалык деңгээлде балдарды өз жанын кыюуга алып барат?

Азыр эми көр оокаттын айынан ата-энелердин көпчүлүгү сыртта жүрөт. Ошондуктан үй-бүлөдөгү баалуулуктар, карым-катыштар үзүлүп калат.

Эргешова: Биринчи кезекте бала үй-бүлөдө тарбияланып, чоңоет. Баланын өз жанын кыйышына мажбурлап турган себептердин бири - ата-эне менен баланын ортосундагы жакын мамиленин, ишенимдин жоктугу. Азыр эми көр оокаттын айынан ата-энелердин көпчүлүгү сыртта жүрөт.

Ошондуктан үй-бүлөдөгү баалуулуктар, карым-катыштар үзүлүп калат. Көп учурда ата-эне көр оокат менен алек болуп, баласына тийиштүү мамиле кыла албайт. Мен иш тажрыйбамда кездештирип жүрөм: алыс жакта миграцияда жүргөн ата-энелер үч айлап, жарым жылдап, кээде эки-үч жылдап баласы менен байланышпайт. Бала туугандарынын колунда басмырланып өсүп калат.

Сөзсүз басмырлоого туш болот: биринчиси психологиялык абалы болсо, экинчиден өсүп жаткан муун өзүн кем сезе баштайт. Ошол абалдан кантип чыгуунун жолун билбейт. Жакыр турмуштан, кедейчиликтен кысынат. Мектептен да кысым болот, "сен убагында акча алып келбейсиң, фондго төлөбөйсүң" деген сыяктуу. Баланын тили кыска болуп, айтайын десе сырдаша турган, кеңеше турган эч кимиси жок. Андан сырткары өзүнүн эле чөйрөсү - курбу-курдаштары да баланы топтон чыгарып салат. "Колуңдан эч нерсе келбейт" деген кемсинтүү башталат. Бул да баланын өз өмүрүн кыйышына алып келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG