Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:10

Чийки кыш: коопсуздук көңүл сыртында


Нарын шаарынын айрым тургундары өз алдынча кыш куюп, үй куруучуларга сатуу менен үй-бүлөлөрүн багып келишет. Чийки кыштар курулуш жана жер титирөөгө каршы талаптарга жооп береби?

Нарын шаарынын чыгыш тарабындагы РТС деп аталган аймакта 4-5 жылдан бери кыш куюга адистешкен адамдар тобу бар. Бул жерге суу кыйынчылык менен келет экен.

Чийки кышты жалаң кара күч менен, жыгач калыптын, кетмен-күрөктүн жана чаканын жардамы менен куюшат. Топону болсо жердин үстүнө чылап жатышат. “Ушундай азап менен куйган кирпичтерди кээде жаан жеп кетет” деп кейиди өзүн Бакыт деп тааныштырган адам:

- Биз бул жерде 2 жылдан бери кирпич куябыз. Кирпичтин баасы 8 сом. Кардарлар деле нааразы болгон жок. Алып кетип жатышат. Бир күндө ар кандай куябыз, кээде жүздөн, кээде элүүдөн. Кээде куйган кирпичтерди жаан жеп, такыр жарабай калат.

Арыраакта кыштын бетин которуп жаткан Эрнис ылай кечип жүрүп ооруга чалдыгыптыр:

- Оорудум, ооруканага барсаң акча. Айыксаң айыктың, айыкпасаң жок экен да. Акча болбосо жок экен. Ден соолук кетет, суук тиет, буттар ооруйт, дене ооруйт, калчылдап каласың. Нымда, сууда жүрөсүң. Беште туруп алып эптеп чылап, куябыз. Бир жагынан жаан да эзип атат.

Эрнис мырза менен баарлашып турганыбызда кардары да келип калды. Өзүн Таалай деп тааныштырган адамдын чийки кыштардын сапатына дооматы жок экенин айтты:

- Бар болуп турган нерсе жакшы да. Керектүү оокат болгондо сатып алат экенбиз. Негизи РТС да куюп аткан кирпичтики Москва чөлкөмүндөгү топуракка караганда эзилбейт, жакшы. Анан 5-10 же 100 кирпич керек болгондо сатып алабыз.

Кыш куйгандардын бири Алтынбек жергиликтүү бийлик менен тил табыша албай турган фактыларга токтоло кетти:

- Бул жакта жер аябай тар болуп, куйганга эч кимдин мүмкүнчүлүгү жок. Мисалы, топону бир машина менен алып келип түшүрүп алып куйганга мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, ар кайсы жерди казып куюп атат. Мэрияда, муниципалдан келип алып, асылып, “бул жакка үй салынмак” дешет. Жарабаган, үй салынбай турган жерлерге деле куйдурбай атышат. Эми кыйынчылыктар көп эле болот.

Майнап чыкпай келет

РТСта кыш куйгандар мыйзам чегинде иштейби? Нарын шаардык муниципалдык менчик департаментинин башчысы Курманбек Жакыпов:

- Өздөрү өз алдынча жерлерди алып, мыйзамсыз кирпичтерди куюп, сатып атышат. Ал боюнча көптөгөн чараларды колдонгонбуз. Салып аткандарга эскерткенбиз.

Ал жер негизи эски мүрзө болчу. Мүрзөнүн ары жагы генпландын негизинде эч кимге кесилип берилген эмес. Ошондон пайдаланып, РТСтин эли мыйзамсыз ээлеп алып кирпич куюп атышат. Биз канча жолу барып айтканбыз. Чара колдонолу деп тартип коргоо органдарына да кайрылганбыз.


Нарын облустук архитектура курулуш көзөмөлдөө башкармалыгынын инспекция бөлүмүнүн башчысы Дүйшеке Айтиев чийки кыштардын сапаты тууралуу “Азаттыкка” буларды айтты:

- Биздин тоолуу райондо 8-9 баллдык жер титирөөгө чыдай албайт. Ал кирпичтер курулуштун ортосун толтуруу конструкциясына жарайт. Эгерде ошол ылайга саман кошуп, атайын көп жылдар менен жасалып келе аткан практика менен жасалса, ал кирпич чыдамдуу болот. Бирок бышкан кирпичке жетпейт.

Айтиев кыш куйгандарга сапаттуу кирпич куюу боюнча түшүндүрүү иштеринен майнап чыкпай жатат деп эсептейт:

- Биздин мекеме менен ошол адамдар ортосундагы байланыш начарыраак.

Себеби алар дароо чуркап келип даттанып, “бизге бут тосуп атат, иштейин десем ишти түшүнбөй атат” деген шылтоо менен моюн бербейт. Биз да өзүбүздүн функциябызды көрсөтүп, бышык кирпич куйдурууга кеңешип, акылыбызды айтсак укпай атпайбы.


Нарын шаарында ар жерде там-таш салгандар бар, акчалуулары бышкан кыш менен тургузса, алы чактары чийки кыш менен салып жатышат. Анткени чийки кыштын баасы арзаныраак.

Чийки бир кыштын баасы азыр 8 сомго чыкты, бирок ал адамдардын ден соолугунун эсебинен, бир чети кудай анын жүзүн ары кылсын, жер катуурак силкинсе, ошого чыдайбы деген санаанын кунун жабаар-жаппасын эч ким айталбайт.

XS
SM
MD
LG