Линктер

ишемби, 23-июнь, 2018 Бишкек убактысы 21:58

Парламент былтыр кабыл алып, быйыл жыл башынан ишке кире турган “Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу долбоордун тагдыры арсар.

Мыйзам долбоорун парламент 7-мартта кароодон баш тартты. Жогорку Кеңеш "1-апрелге чейин эски мыйзам колдонулсун" деп белгилеген мөөнөттү узартаары же чекит коеру белгисиз. Ал эми эл арасында "мыйзам ишке ашпайт, анткени мамлекеттин капчыгы ага туруштук бербейт" деген пикир күчтүү.

Парламент жөлөкпул мыйзамын кабыл алабы же биротоло четке кагабы? Популисттик мыйзам деп бааланган мыйзамды президенттик шайлоо алдында кабыл алууга эмне түрткү берген? Өлкө боюнча канча бала жөлөкпулдан куру калууда?

"Азаттык" радиосунун "Арай көз чарай" талкуусунун кезектеги темасы ушул болду. Талкууга Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Касымалиева, Карамат Орозова, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөкпулдар жана акчалай компенсациялар башкармалыгынын башчысы Жыпара Рысбекова катышты.

"Азаттык": Аида айым, мыйзам долбоорунун авторлорунун бири жана ошол мыйзам кабыл алынаарда "популисттик мыйзам болбойт, аткарууга толук негиз бар" деп маалымат берген депутат катары жооп берсеңиз. Ишке ашырылышы 1-апрелге чейин узартылган бул мыйзамдын эми тагдыры кандай чечилгени турат? Парламент эмне үчүн бул маселени күн тартибинен алып салды? Деги мындай көрүнүштүн башкы себеби эмне?

Мыйзамга өткөн жылдын 28-июлунда кол коюлган. Ошондон тартып министрлик эмне үчүн даярданган эмес? Качан гана мыйзам күчүнө кирерде өкмөт башка мыйзамды алып келип жатат.

Аида Касымалиева: Мен дагы бир жолу эскертейин - бул популисттик мыйзам эмес. Анткени долбоор даярдалып жатканда коомдук талкуудан жана бардык министрлик, мекеме, уюмдардын экспертизасынан өтүп, бардыгы макулдугун берген. Андан тышкары мыйзамга добуш берген 118 депутат жана ошол кездеги премьер-министр, азыркы президент кол койгондо да баары эсептелип чыгып, ишке ашаарына ишенишкен.

Мыйзамдын зарылдыгына жана ага киргизилген жоболордун абдан керек экенине биз жер-жерлерде эл менен жолугушууларда көзүбүз жеткен. Мыйзамга өткөн жылдын 28-июлунда кол коюлган. Ошондон тартып министрлик эмне үчүн даярданган эмес? Качан гана мыйзам күчүнө кирерде өкмөт башка мыйзамды алып келип жатат.

Жаңы мыйзам долбоору - анык популисттик, бардык регламенттик талаптарды бузуу менен даярдалган мыйзам. Анткени ал 2009-жылкы мыйзамга эле сүйүнчү кошуп алып келишти. Бул жерде кандай саясат же кандай кызыкчылык болуп жатканы мага белгисиз. Азыр өкмөт башчынын эле "акчаны бербейм" деп ачык айтышы зарыл болуп калды.

"Азаттык": Карамат айым, мыйзамдын авторунун бири катары айтсаңыз, эмне үчүн "өкмөт сунуш кылган түзөтүүлөрдө коррупциялык эски схемалар сакталып калган" деп айтып жатасыздар? Ал эмне болгон схема? Ал мыйзамды ишке ашырууга кандай тоскоолдук жаратат экен?​

Карамат Орозова
Карамат Орозова

Карамат Орозова: Бул мыйзам жөлөкпулга муктаж үй-бүлөлөрдү аныктоо критерийин жаңылоо жана Социалдык өнүктүрүү министрлигинде реформа жүргүзүү зарылдыгынан улам даярдалган. Анткени 2009-жылы жөлөкпулдар жөнүндө мыйзамды кабыл алганда эле жарандар арасында нааразылык чыккан. Буга мал-жандыктар, телевизор, муздаткычтар да киреше катары эсептелгени себеп болгон.

Андан тышкары даректүүлүк таптакыр туура эмес болуп, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жөлөкпул албай, тескерисинче бай адамдар алууга укук алышкан. Себеби, үлүшү жоктор, багар адамын жоготкондор, үй-жайы жок кайната-кайненеси менен жашагандардын жөлөкпул алууга укугу жок болуп калган.

Ошондой эле өтө көп тастыктамаларды чогултуу өзүнчө эле коррупциялык ыкмага айланып, бекер бериле турган тастыктамалар кеминде 200 сомдон сатылып калган. "Ушундай көрүнүштөрдү жоелу" деп демилге көтөргөндө министр Таалайгүл Исакунова өзү макул болуп, бардык эсеп маалыматтарын өзү жазып берген.

Коррупциялык кандай ыкмалар бар экенин тартип коргоо органдары жакшы билишет. Азыр алардын баары унчукпай отурганына мен таң калып жатам. Анткени канчалаган тастыктамалар туура эмес берилип, канча жөлөкпул жөн жерден берилгени, керек болсо "өлүү жандарга" жөлөкпул берилгени боюнча канча кылмыш иштери ачылып, кайра жабылып калганы Улуттук коопсуздук кызматына, Ички иштер министрлигине, прокуратурага белгилүү.

Бул мыйзам кабыл алынгандан кийин аны аткарыш үчүн 1 миллиард 800 миллион сом бюджетке киргизилген. Казынада акча турат. Аны өкмөт балдардан аяп жатканына таң калып жатам. Ошон үчүн өкмөт мыйзамды аткарбай жатканы үчүн жооп бериши керек. Өкмөт жаңы мыйзам долбоор менен коррупцияга 2009-жылдагы мыйзамдан да көп шарт түзүп берген жатат.

"Жөрмөлөткөн" жөлөкпул
please wait

No media source currently available

0:00 0:28:32 0:00

"Азаттык": Жыпара айым, ушул мыйзам долбоору даярдалып, талкууланып жатканда эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Лунара Мамытова дал ушул студияда отуруп, "мыйзамды ишке ашырууга толук даярдык бар, бардык эсеп-кысаптар иликтенди" деп айтты эле. Бирок өкмөт алгач "каражат жетпейт" деген негизде Жогорку Кеңештен ишке ашыруу мөөнөтүн узартууну суранган. Мыйзамга ылайык, Кыргызстанда канча бала жөлөкпул алмак жана ага айына, жылына канча каражат талап кылынып жатат?

Жыпара Рысбекова: 2017-жылдагы эсеп боюнча жөлөкпулду үч жашка чейин 400 миң бала, сүйүнчүнү 159 миң бала, 3 баладан көп баласы бар 260 миң үй-бүлө алмак. Буларга азыр токтотулуп турган мыйзамдын негизинде жалпысынан 5 миллиард 300 миң сом зарыл болмок. Мурда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 810 сомдон жөлөкпул төлөнсө, жаңы мыйзам менен ар бир балага 700 сомдон, аз камсыз үй-бүлөлөргө 500 сомдон берилмек. Нааразылык ушундан чыгып, өзгөртүү сунуш кылынды.

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү терең талдасак 2017-жылы жөлөкпул алгандардын ичинен жаңы мыйзам боюнча 30 миң бала албай калмак экен. Ошон үчүн өкмөт мыйзамды ишке ашырууну токтотууну суранган. Башында ал мыйзамдын кабыл алынышын министрлик деле колдогон. Жаңы мыйзам долбоорун министрлик, мекеме жетекчилери жана депутаттар кирген жумушчу топ иштеп чыкты.

Аида Касымалиева.
Аида Касымалиева.

Аида Касымалиева: Жумушчу топко демилгечилердин бири катары мен да киргем. Ал жерде бала үч жашка чейин жөлөкпул алышын 1,5 жашка чейин кыскартканбыз, 1,5 жаштан 16 жашка чейинкилерге "даректүүлүгү такталсын" деген жобону киргизүүгө жумушчу топ макулдук берген. Анан эле өкмөт таптакыр башка долбоорду алып келди. Ал жумушчу топ даярдаган долбоор эмес! Демек топтун жетекчиси болгон вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова аны өзү даярдаган мыйзам катары коргошу керек. Бул кырдаалдан чыгыш үчүн өкмөт сунуш кылган жаңы долбоорду кабыл албаш керек. 2017-жылдагы мыйзамдын эле жогоруда айтылган жоболоруна өзгөртүү киргизиш керек.

Жөлөкпул мыйзамынын башы ачылбай турат (1-бөлүк)
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:30 0:00
Түз линк
Жөлөкпул мыйзамынын башы ачылбай турат (2-бөлүк)
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:36 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG