Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 16:37

2016-жыл Кыргызстандын тарыхына оң да, терс да из калтырган окуяларга бай болду.

Окуяларды, көрүнүштөрдү өз жүрөгү аркылуу өткөрүп, коомчулукка жеткирген массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү өтүп кеткен бир жылга кандай баа берип, кандай жыйынтык чыгарууда?

“Азаттык” жыл жыйынтыгын маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен “Арай көз чарай” талкуулады.

Талкууга журналист Нарын Айып, Би-Би-Си радиосунун Бишкектеги бюросунун редактору Кубат Чекиров жана Коомдук телерадио корпорациясынын алып баруучусу Эркин Рыскулбеков катышты.

“Азаттык”: Урматтуу мырзалар, алгач келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен сиздерди жана жалпы угармандарды куттуктайм. Анан алгачкы суроону Нарын мырза, сизге берейин. Бул жылы Кыргызстандын тарыхын изилдөөчүлөр үчүн саясий да, маданий да, табигый да окуяларга бай жыл болду. Ошентсе да кайсы окуялар Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн бекемдеп, жалпы элдин башын бириктирди деген ойдосуз?

Санкт-Петербургдагы акыркы саммитте Владимир Путин “Кыргыздарга жардам бериш керек экен, мынча миллион бөлүп берели, ага лабораторияларды куруп алсын” деп айтты. Ага чейин төрт жыл ушул маселе менен иштеген премьер-министрлер эмне кылып жүрүштү?
Нарын Айып

Нарын Айып: Жалпы элдин башын бириктирген окуяны табуу кыйын го, бирок негизги окуялар деп өткөн референдумду, Көчмөндөр оюндарын, анан бийликтин өтө күчтүү болуп, оппозицияны куугунтуктай баштаганын жана Кыргызстандын эл аралык коомчулуктан обочолоно баштаганын айтсак болот. БУУну, анын комитеттерин жана батышты жамандап, дегеле эл аралык эрежелерди жамандап, аларга бош ийбешибиз керек, биз өзүбүзчө болушубуз керек деп жатышат. Эч кандай эл аралык эрежелерге баш ийбесе, анда ошондой уюмдарга катышпай такыр орто кылымга кетип калуу керек.

Анан менин оюмча, эң негизгиси Евразиялык экономикалык биримдикке киребиз деп төрт-беш жыл даярданып жүрүп азыр деле даяр эмес экендигибиз ойго салат. Ага чейин үч премьер-министр иштен кетти, канча министр, канча вице-премьер даярданып жүрдү? Азыркыга чейин тигинибиз, мунубуз даяр эмес экен дешет. Санкт-Петербургдагы акыркы саммитте Владимир Путин “Кыргыздарга жардам бериш керек экен, мынча миллион бөлүп берели, ага лабораторияларды куруп алсын” деп айтты. Ага чейин төрт жыл ушул маселе менен иштеген премьер-министрлер эмне кылып жүрүштү? Ушунун баары элдин башын бириктиреби же жокпу, мен билбейм. Ушундай абалда оң жагын издесек, микроскоп зарыл болуп калат.

Азыр эл өкмөттү карабай өз жанын өзү багып, машинени өздөрү алып келип жатышат, дүкөндөрдү өздөрү ачып, өздөрү барып эң акыркы үлгүдөгү смартфондорду алып келип жатышат. Аны башка эл сатып алып, өздөрү үйрөнүп, колундагы компьютер менен Жапония, Америка менен байланышып жатат. Ага өкмөттүн эч кандай тиешеси жок. Эл бийликтин көзүн карабай анын баарын өздөрү жасап жатат. Бийлик өзүнчө, эл ага көз каранды болбой өзүнчө жашап жатат.

“Азаттык”: Кубат мырза, сиз Би-Би-Синин кабарчысы катары Кыргызстанда болгон окуяларга эл аралык деңгээлден, эл аралык окуяларга салыштырмалуу баа берсеңиз керек. Көчмөндөр оюндарынан тышкары эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурдурган кандай окуя болду жана алар эмнеси менен көңүлдө калды деген ойдосуз?

Кубат Чекиров: Тарых жана маданият жылында эки эл аралык жана үч улуттук деңгээлдеги иш-чараны белгилөө каралган. Анын ичинде сиз айткан Көчмөндөр оюндары, Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы, Үркүндүн 100 жылдыгы, Кыргыз мамлекетинин эгемендигинин 25 жылдыгы, Тайлак Баатырдын 220 жылдыгын белгилөө мерчемделген. Ушул иш-чаралар, менимче элдин башын кошту. “Эл ичи өнөр кенчи” дегендей аябай таланттуу адамдар көп экендигин көрсөттү. Элибиздин маданий мүмкүнчүлүгү абдан жогору экен.

Би-Би-Си Көчмөндөр оюндарына абдан жакшы көңүл бурду, ал жактан кабарчылар атайы келип, программаларды тартып, башка тилдеги кызматтарга чейин көрсөттү. Би-Би-Синин Үркүнгө да кызыгуусу абдан жогору болду. Бир жыл мурун атайы бир чоң топ келип, Беделге чейин барып тартабыз деп, айрым бир себептер менен токтоп калды.

Менин оюмча, Үркүн маселесине келгенде тарыхчылардын, саясатчылардын жана жалпы эле коомчулуктун көз карашында ажырым болгон жок, ыр-чырга айландырбай бири-бирин толуктап, жогорку интеллектуалдык деңгээлде өткөрүп алышты. Ага дипломатиялык аракеттер дагы жакшы болду, Путиндин эстеликке келиши ошол окуяга орустардын өзүнчө бир маани бере тургандыгын далилдеди.

“Азаттык”: Эркин мырза, сиз КТРКдагы “Ой Ордо” ток-шоусун, азыр “Миллионер болгуң келеби?” деген интеллектуалдык оюндун алып баруучусу жана тойлордун белгилүү тамадасы катары Кыргызстандын элинин өзгөчөлүгүн жана башка элдерге шылдың кылчу адаттарын жакшы билесиз. Өтүп жаткан жылы кыргыздардын кулк-мүнөзүндө намысты бийик кармоо, маданиятты көтөрүү, билимди өстүрүү жаатында өзгөрүүлөр байкалдыбы?

Москва шаарындагы басмаканада чыккан өрттө 17 жараныбыздын кайтыш болушу жана каза болгондорго 100 эле миң сомдон бөлүнүшү мени абдан капа кылды. Бирок, андан беш күн өтпөй борбордук аянтта 10 миллион сом сарптап, мамлекетибиздин 25 жылдыгын белгилеген салтанат өткөрдүк.
Эркин Рыскулбеков

Эркин Рыскулбеков: Мен агайларды кайталап, Көчмөндөр оюндарын айтпай эле коеюн. Мени капаландырган бир окуяны белгилей кетейин. Ал Москва шаарындагы басмаканада чыккан өрттө 17 жараныбыздын кайтыш болушу жана каза болгондорго 100 эле миң сомдон бөлүнүшү мени абдан капа кылды. Бирок, андан беш күн өтпөй борбордук аянтта 10 миллион сом сарптап, мамлекетибиздин 25 жылдыгын белгилеген салтанат өткөрдүк. Ага макул, бирок дүйнөдө ушундай чоң окуялар болгондо бийликте турган инсандар андан бир натыйжа чыгарып, өзгөртүүлөргө барат.

Мен мигранттарга карата кандайдыр бир жаңы саясатты күттүм эле, балким мигранттардын турмушун камсыздоо тууралуу чаралар көрүлөт деп ойлогом. Бирок андан кийин эч кандай натыйжа чыккан жок. Мигранттарыбыз кандай кетип атса, кандай колдоого алынбай келсе, так ошондой эле колдоосуз кала беришти. Каргашалуу окуя болгондон кийин эле мамлекеттин мааракеси, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөрүлүп, тойлоп мигранттардын тагдыры унутулган боюнча кала берди.

Ал эми коомдун аң-сезимдин жогорулагандыгын 11-декабрда өткөн референдумга каршы болгон топтун БШКдан расмий каттоодон өтүп, өз ара каражат чогултуп иштегендиги көрсөттү. Бул жарандык коомдун бышып, турумунун жогорулагандыгын далилдеген көрсөткүч болду деп эсептейм.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG