Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:13

Гүлзар: туула элек балам жетим калды...


Эчкили-Таш чек ара туругу
Эчкили-Таш чек ара туругу

Ысык-Көлдө кыргыз-кытай чек арасындагы Эчкили-Таш туругундагы үрөй учурган окуяда окко учкандардын бири - Саадат Токтосунов. Маркум сержанттын кош бойлуу жесири Гүлзар Бейшекеева ошол окуяны оор улутуна "Азаттыкка" баяндап берди.

Гүлзардын маркум жолдошу ушул турукта кызмат өтөгөндөн кийин эле контракт менен калып калган экен. Ал күйөөсү фельдшер болуп иштеп жатканын, кызматташтарына ок чыгарды деген Балбай Кулбарак уулу бою кичинекей, арык болгонун, бирок башкалардан айырмаланып шогураактыгын айтып берди:

- Сегиз жоокер бар болчу. Ошолордун арасынан шогу эле ошол Кулбарак уулу эле. Негедир көзү башкача ойноктоп турчу. Калгандарынын баары жоош, момун болчу. Азыр эми дедовщина деген сөз чыгып жатпайбы. Сабаган учурлар жок болчу. Азыр ойлосом өлгөндөрдүн баары жакшы кишилер экен...

Солдаттар таразага түшүп турчу. Начальнигибиз андан мурун эле "ушул Кулбарак уулу арыктап кетиптир, бул эмне иш кылып атат, отунга жибербей эле койолу, алып калалы, ушул баланы кызматка көп чыгарбагылачы" деп аткан. Элге окшоп кароолго да чыкчу эмес. Калем сап, кагаз кармап, документ толтуруп эле отурчу. Контрактниктер менен чогуу күзөткө чыгып коюп эле отурчу. Анан эмнеге мындайга барганын билбейм.

Гүлзардын айтымында, кандуу окуя 19-августтан 20-августка караган түнү эле башталган экен:

- 19-август Айт күн эмес беле. Күйөөм эмнегедир мени таң атпай тургузуп, пельмен жасатты. Начальник аялы экөө менин өкүл ата, өкүл апам болчу. Мен аларды “ата-апа” дечүмүн. Апам экөөбүз пельмен түйүп, тамакты асып коюп, туруктун ары жагындагы үйлөргө тамак ичип келели деп баарыбыз унаа менен бардык. Ал жакта жарым сааттай эле жүрүп, эки үйгө кирип кайра келдик. Келсек төрт жоокер дарбазанын сыртында бир чоочун бала менен отуруптур. Туристтер менен келиптир дешти, бирок ошолор менен келдиби, же кандай экенин билбейм. Кулбарак уулу дарбазаны ачты, ошондо начальник атам "эй, тизилгиле" дегенде, ал аны эмнегедир башкача көзү менен карады. Мен эмне мынча карады деп ойлоп, казармага кирип кеттим. Күйөөм "башым ооруп, чыдабай атам" деп коноктон келгенден кийин жатып алган. Баарыбыз тамак ичип жакшы эле жүргөнбүз.

Кандуу окуянын күбөсү болуп...

Казармадагы начальниктин аялы баш болгон үч келин 2 күндөн кезектешип жоокерлерге тамак жасачу экен. Айттын эртеси кезек Гүлзарлардыкы болгондуктан жолдошу таң атпай туруп от жакканы кеткенде автоматтын үнүн уккан:

- Үч-төрт жолу автоматтын даң-даң деген үнү чыкты. Мен шаша-буша кийинип сырткы үйгө чыгып баратсам Кулбарак уулу автомат кармап, Калмамбетовдун үйүнө басып кетти. Дубал жука болгондуктан коңшу үйдө эмне болуп жатканы, сүйлөгөн сөздөр угулуп турчу. Ал жактан да автоматтын үнү чыкты. Мен эшикке чыктым. Кулбарак уулу мени карап туруп өтүп кетти. Мындай карасам начальник Маликов цементте көмкөрөсүнөн жатыптыр. Ийни кыймылдап атыптыр. Калмамбетовдун каны агып, мен турган жерге чейин чачыраптыр. Минтип карасам эле Маликовду дагы башка атты. Чыкыйынан ок чыгып кетти. Экинчи жолу атканда мээси чачырап кетти... Кебелбейт, бир колу чөнтөгүндө, бир колдоп туруп эле атты.

Гүлзардын айтымында, Кулбарак уулу ок чыгарып атканда жанында Өмүрзаков деген жоокер болгон. Кулбарак уулу андан кийин Маликовдун үйүнө киргизип, "бири-бириңердин колуңарды байлагыла" деп буйрук берген:

- Кирсем Маликовдун аялы, үч кызы "атамды атып салды, мээсин чыгарып салды" деп ыйлап атыптыр. Маликовдун аялы "бизге, үч кызыма тийбе, атасын атып салдың, кыздарымдын убалын ойло" деп ыйлап атты. Кичинекей кызы үч жашта эле болчу. Анын колун да чаптайынбы десем, жок деп койду. Берки эки кызынан бери төртөөбүздүн колубузду скотч чаптаттырды. Эшикке чыгарды, чыксак Маликовдун сөөгү жок. Берки Өмүрзаков болсо кандын, мээнин үстүнө күл төгүп жүрүптүр. Казармадан кетип баратсак уюган кан туруптур. Мен "Балбай, Саадат кана" десем "жеңе, бас, атып салат, ал тирүү" деп койду. Эки жакты карасам күйөөм көрүнбөй койду...

Кулбарак уулу туткундап алган келиндерди казармага киргизген экен:

- Казармага кирип эле ашканага келсек, өлүп калган жеңебиздин жоолугу, жемпири сүйрөлүп керебетте жатат. Байпагы столдун астында эки жакта жатат. Эмне, буларды өлтүргөнбү деген ой менен курал сакталган кампа жакка барсак, дагы бир уюган кан турат. Ары жагында дагы бир кан жаткан экен. Кампаны ачып атканда Кулбарак уулу биздин артыбыздан туруп "Өмүрзаков, Шаршебек уулу кана" деп сурады. Өмүрзаков "Шаршебек уулу качып кетти" деп айтты. Бизди андан кийин кампага киргизди. Ал жактагы курал-жарактардын баарын сыртка алып чыгып, бизге даярдап коюптур. Кулбарак уулу ары басып кеткенде Өмүрзаков бизге эки төшөк, эки илеген берип бизди камап чыгып кетип калды.

"Саадат кана? Саадат кана?"

Ок чыгарган жоокер начальниктин аялынан сейфтин ачкычтарын, Гүлзардан уюкфону каякта экенин сураган экен.

- Бир убакта менин күйөөмдүн формасын кийип, менин соткамды алып, музыкасын коюп, аны менен кошо ырдап, биздин үйдөгү телевизорду көтөрүп алып жүрөт. Солдат кебетеси жок, менин күйөөмдүн жакшы көргөн формасын кийип кычырап алыптыр. Мен "Саадат тирүү, Саадат тирүү" деп атсам, апам "жок, Саадатты да атып салыптыр, менин боюм узун эмеспи, көрдүм, атып туруп казарманын астындагы жер төлөгө ыргытып жибергенде бир буту асылып калыптыр" деп айтты. Кулбарак уулу автоматты октоп алып кечке ары-бери басып жүрдү.

Өмүрзаков ошол бойдон көрүнгөн эмес экен. Кулбарак уулу бир топко чейин ары-бери басып жүрүп, бир убакта ок-дарынын баарын жүктөп, начальниктин "Нивасын" айдай качкан экен. Кампада кармалган келиндерди кокусунан келип калган туристтерди коштоп жүргөн жергиликтүү тургун бошотуп алган. Туруктун жанындагы чабандарга барганда казармадан качып чыккан үч жоокер дөңдө отурган:

- Мен алардан кечинде эле башталган турбайбы, эмнеге айтып койгон жоксуңар десем "Шаршебек уулу менен Сарыкбай уулу бизди коркутуп койду, аңдып жатып алды" деп айтышты. Мен Өмүрзаковдон Саадатты сурасам "жеңе, атпа десем болбой атып салды" деп ыйлаганда күйөөм өлгөнүнө ошондо ишендим... Биз андан "эмнеге бизге жардам берип койбойсуң" десек "ок жок" дейт. Биз кампада камалып турганда октор сыртта шкафта турду да. Ашкананын баары эле атылбаган ок экен.

Бактылуу күндөр көпкө созулган жок

Гүлзар менен Саадат ушул жылдын февраль айында эле үйлөнүшкөн экен. Жакында эле курбалдаш кызматташтар чогуу үйлөнүү той берип, эми жентек тойго камынып жатышканын айтып берди:

- Жашаганыбызга 8 эле ай болгон. Контрактниктер удаа-удаа үйлөнүп, июль айында чогуу той бергенбиз. Эми жентек той беребиз деп атканбыз. Баары кош бойлуу эле. Калмамбетовдун аялы жаңы эле төрөгөн. Ал айт күнү эле “Калмамбетовдор көп жашайт, 70-80ге чыгат”, деп айтып отурган. Ал байкуш кечинде үйгө киргенден кийин чыкпай калды...

Көзү кыпкызыл болчу ошол баланын. Мен улам-улам Саадатты сурап аттым да. Курал кампага келгенде көзү кыпкызыл экенин көрүп коркуп кеттим. Атып атканда коркпогон, көзүн көрүп коркуп кеттим. Маликовдорду атып атканда эмне деп ойлоп, кандай болгонумду билбейм, бирок бетине тике караганда көздөрүн кыпкызыл экенин көрүп аябай корктум.


Азыр Гүлзар боюнан козголуп райондук ооруканада жатат. Бул жакка күйөөсүнүн сөөгү чыккандан кийин эле келген.

- Өмүрзаковго “көрөсүң, мен буларды бир күнү ит аткандай атып салам, мен жиндимин, менин жинди деген справкам бар" деп айтыптыр. Эмнеге анда муну айткан жоксуң десек, “мынчалыкка барат деп ойлогон эмесмин" дейт. Баарын өлтүргөндөн кийин ошентип атышпайбы. Кулбарак уулу бирдеме деп сөз айтсаң эле күлүп койчу. Күлүп туруп баарын жайлаган аткан тура... Эмне ой менен өлтүрүп, эмнеге мындай кылганын билбейм. Эмнеге аны тирүү кармабай, дароо атып салышканын билбейм. Тирүү калтырып ушуларды сураса болот эле да. Бизди күнөөлөп, гезиттерге дедовщина деп жазып атышат. Дедовщина деген эчак эле болбой калган. Дедовщина болсо эмнеге армияга барышат? Армия деген ошондой да. Илгери жоокерлер коргочу да. Биздикилер коргогон жок да. Коргобой эле баарын аттырып салышпадыбы... Күйөөсү менен аялын атып салгандан кийин үч жоокер бирөөнү тыйса болот эле да. Туула элек баланы жетим кылбадыбы...

Өлгөндөрдүн баарынын оозунан катуу сөз чыкчу эмес. Тамашакөй болушчу. Кудай көрсө жакшы адамдарды бат алып кетет турбайбы...

Аскер прокурору Марат Эшперов учурда тергөө уланып жатканын, бул айтылгандар териштирилип жатканын “Азаттыкка” билдирди.

Эчкили-Таштагы кандуу окуяда Балбай Кулбарак уулу начальнигин баш кылып төрт кызматташы жана алардын бирөөсүнүн аялын кошо атып салган. Кийин Кулбарак уулу качып кетип, кармоо маалында куралдуу каршылык көрсөткөнү үчүн атып өлтүрүлгөн.


Эчкили-Таштагы эстен кеткис окуя
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:44 0:00
XS
SM
MD
LG