Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:03

Митингге чыккан мугалимдер иштен кетти


Иллюстрация
Иллюстрация

Таласта 25 мектептин директору, жети бала бакчанын жетекчиси, билим берүү бөлүмүнүн эки кызматкери жумушунан алынды.

Буга алардын 24-октябрда ишин таштап Бишкекке барып, Жогорку Кеңештин алдында митингге чыкканы себеп болгон.

Райондук жетекчилик бул аракетти мыйзамсыз деп сыпаттап, прокуратурага кайрылган. Анын негизинде мугалимдер иштен алынганы менен алардын айрымдары бул чечимге аргасыз баш ийгенин айтышууда.

Атын атагысы келбеген Талас районундагы мектептердин биринин жетекчиси директорлук кызматка келгенине эки гана ай болгон. Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынара Назаралиеванын таламын талашып, митингге чыккан мектеп директорлорунун катарында ал дагы бар болчу.

- 34 директорду бул жакка чакырып, Бишкекке барган боюнча өз арызыңар менен кеткиле, болбосо иш козголуп кетесиңер деди. Бизди Талас районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынара Апасовна жөнөткөн. "Кокуй, баргыла, бизге текшерүү келатыптыр. Ошону токтоткула, депутатка кайрылгыла" деген эле. Чоңдорубуз айтса айла жок барабыз да. Бирок анын айынан жеген наныбыздан айрылып жатабыз. Дароо эле иштен албай эскертүү же сөгүш беришсе деле болмок.

Талас: мугалимдердин кызмат чыры

Талас: мугалимдердин кызмат чыры

Талас районундагы митингге чыккан бала бакча жана мектеп директорлорунун ишин прокуратура териштирип жатат.

24-октябрда Талас районундагы 25 мектептин, жети бала бакчанын жетекчилери жана Талас райондук билим берүү бөлүмүнүн эки кызматкери иш учурунда депутат Гүлкан Молдобековага жолугуу үчүн Бишкекке барышкан. Алар райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынара Назаралиеваны иштен бошотууга депутат айымдын тиешеси бар же жогун билүү жана мектептердеги көйгөйлөрдү чечүү максатын көздөшкөнүн айтышкан.

Райондук жетекчилик бул аракетти мыйзамсыз деп сыпаттап, прокуратурага кайрылган. Анын негизинде чечим кабыл алынганын Талас райондук жана шаардык билим берүү борборунун башчысы Байыш Керимбаев билдирди.

- Эмгек кодексинин 83-беренесинин биринчи бөлүмүнө ылайык, иш берүүчүнүн демилгеси менен кызматкер үч сааттан ашык жумушка келбесе, дароо иштен кетүүгө милдеттүү. Бирок бул директорлордун мурда иштегенин эске алып, өз арызы менен кеткенге мүмкүнчүлүк бердик.

Маалыматка караганда, директорлордун милдетин 15-декабрдан тарта окуу-тарбия иштери боюнча орун басарлар аткара баштады.

Жогорудагы окуядан кийин Таластагы райондук билим берүү бөлүмү шаарга бириктирилген. Анткен менен мугалимдердин иштен алынуусуна себепкер болгон мекеменин мурдагы жетекчиси Тынара Назаралиева дагы эле ордун бошото элек. Учурда ал эмгек өргүүсүндө жүргөндүктөн, байланышууга мүмкүн болгон жок.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG