Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:23

Текебаевдин ишин кароо талабы жанданды


Текебаев президенттен ырайым сурабайт
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:50 0:00

Текебаев президенттен ырайым сурабайт

"Ата Мекен" партиясынын лидери, парламенттин алты чакырылышынын депутаты Өмүрбек Текебаев алтымыш жашка толду.

Эгемен Кыргызстан менен тагдырлаш саясатчы мааракесин абакта тосуп жатат. Тагыраагы, ден соолугуна байланыштуу Улуттук кардиология борборуна которулган Текебаев куттуктоолорду палатада кабыл алууда.

"Президенттен ырайым сурабайм"

22-декабрда Өмүрбек Текебаевдин туулган күнүнө арналган иш-чара Бишкекте өтүп, ага саясатчылар, коомдук ишмерлер, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, мурдагы төрагалар, укук коргоочулар катышты.

Иш-чарадан соң алар ооруканага барып, Өмүрбек Текебаев менен жолугушту. Ошол жерден абактагы саясатчынын президенттен ырайым сурабай турганы маалым болду.

Саясатчылар Осмонакун Ибраимов, Өмүрбек Текебаев, Жолборс Жоробеков.
Саясатчылар Осмонакун Ибраимов, Өмүрбек Текебаев, Жолборс Жоробеков.

Өмүрбек Текебаев жаза мөөнөтүнүн беш жылдан ашуун бөлүгү бүткөнүн кабарлады. Мыйзам боюнча жакын арада жатак абакка жана мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө абактан чыгууга мүмкүнчүлүгү бар экенин, ошол учурда өзүнүн актыгын далилдей турганын айтты.

Ошондой эле экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өзү тууралуу айткандарын башкача түшүнгөнүн билдирди.

- Көпчүлүгү Алмазбек Атамбаев каматып койгонуна өкүндү деп ойлоду. Мен башкача түшүндүм. Алмазбек Атамбаев “элдин абакка каматканга чейин жана андан кийинки мамилеси кандай болгон” деп айтты. Ал рейтинги көтөрүлүп кетти деп эле кейип жатат. Ал Текебаевди түрмөгө отургузбай, Саляновадай, Чудинов, Ташиевдей кылып соттоп, бирок айып салып чыгарып койсок рейтинги, бедели түшмөк, бирок элдин колдоосуна ээ болбой калмак эле деп өкүнгөндөй болду. Бирок тагдыр өзүнчө чечет эмеспи, кандай болсо ошондой болду.

Жогорку Кеңешке таарыныч

Ал эми саясий чөйрөдө Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра карап, аны абактан чыгаруу маселеси көтөрүлө баштады.

Бул талап Кыргыз парламентинин түзүлгөнүнүн 80 жылдыгына арналган конференцияда да жаңырды.

Анда экс-президент Роза Отунбаева Жогорку Кеңештин Текебаевдин маселесине көңүл бурбай жатканын белгиледи:

- 80 жылдыгын белгилеп жаткан парламент Өмүрбек Текебаевдин маселесин көтөрбөгөнүнө өтө өкүнөм. Эки күн мурунку маалымат жыйында президент "маселе чечилген, соттор чечим кабыл алган, мен эч нерсе кыла албайм" деп айтты. Бирок мен сот процесси соттук иликтөөдөн таптакыр алыс болгонун айткым келет. Биз ал сотторго барып жүрдүк. Жада калса, Өмүрбекке акыркы сөзүн айтууга мүмкүнчүлүк беришкен жок. Текебаевдин бүтүндөй жашоосу кыргыз парламентинин постсоветтик тарыхы менен байланышкан. Жогорку Кеңешке ал кошкондой салымды эч ким кошо элек.

Экс-президент Текебаевди эртең эле бошотуу жөнүндө сөз болбосо да, ага актыгын далилдөөгө мүмкүнчүлүк берилиши керек деп эсептей турганын кошумчалады.

Дал ушундай эле пикирди "Ата Мекендин" лидеринин тарапкерлери, бир катар саясатчылар колдошкон.


Алар Текебаевдин эгемендик жылдарындагы саясаттагы ролун, парламентаризмди өнүктүрүүгө кошкон салымын эске салып жатышат.

Алсак, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, коомдук ишмер Абдыганы Эркебаев Текебаевди абактан чыгаруу жолдору бар деп эсептейт:

- Адамгерчилик кылып, туура эмес ишти түзөлтүп, Текебаевди абактын чыгарса болот эле. Жаңы бийлик келди, анын жолдору, механизмдери бар болчу. Мындай иштерди колдонуп чыгарса болот деп дагы айттым эле. Жогорку Кеңеш, азыркы президент чындап ниети болсо, жакшы максатты көздөсө ушул маселени чечип койсо болмок.

Ал эми саясатчы, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров “Ата Мекен” партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаев боюнча президенттин айткандарын сындады. "Бул бийлик эски катаны кайталап жатат" деп сыпаттады.


19-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков маалымат жыйынында Текебаевди абактан бошотуу маселесине кийлигише албасын, бирок мыйзам боюнча ырайым берүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин айткан:

- Бардык соттук инстанция бүткөн, - деди ал. - Жогорку сот караган, бул боюнча өзүнүн чечимин чыгарган. Мен аны буза албайм. Мыйзам боюнча менин бир гана укугум бар – мунапыс берүү. Жазса берейин. Башка укугум жок. Сот чечими мага чейин эле чыккан да.

​Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароо боюнча талаптар экс-президент Алмазбек Атамбаевдин акыркы маектеринен кийин күчөгөн. Анда мурдагы президент Текебаевдин айыптуу экени далилденсе да, аны каматканына өкүнөрүн айткан эле.

- Мыйзамды бузуп эле, Текебаевди каматтырбай койсом болмок экен деген бир өкүнүч бар,- деген Атамбаев, - Ким билет, мүмкүн, күч органынын кызматкерлеринин деле таарынычы бар беле, мен тескерисинче, “бул бир чети жаза да болот, экинчиден, Өмүрбек Чиркешовичти каарман кыласыңар” деп айткам. Дагы бир жолу айтам, кудай өзү кечирсин деп, мыйзамды бузуп эле каматтырбай койсом болмок окшойт. Бирок, мыйзам боюнча чара туура колдонулган. Миллиондун алынганы – чын.


Мындан соң Текебаевдин тарапкерлери саясатчыны Атамбаевдин бийлиги саясий негизде камаганы далилденди деген жүйөнү байма-бай көтөрүп келишет.

60 жашка толуп жаткан Өмүрбек Текебаев саясаттагы жолу кайра куруу жылдары Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешине депутат болуу менен башталган. Андан соң Кыргызстан эгемендик алган жылдары активдүү депутат катары эл оозуна алынып, негизинен оппозициянын катарында жүрдү.

2010-жылдагы Апрель ыңкылабынын лидерлеринин бири катары бийликке келип, бирок 2016-жылдагы Конституцияны өзгөртүү аракетинен улам ал кездеги Алмазбек Атамбаевдин бийлиги менен мамилеси бузулган.

Өмүрбек Текебаевдин ишмердигине арналган көргөзмө. 21-декабрь, 2018-жыл.
Өмүрбек Текебаевдин ишмердигине арналган көргөзмө. 21-декабрь, 2018-жыл.

Бир жыл өтпөй "Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев "Мегаком" чырына байланыштуу "Коррупция" беренеси менен айыпталып, камакка алынган. Аны менен кошо мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов да кармалган. Аларга "орус жараны Леонид Маевскийден 1 млн. доллар пара алган" деген айып тагылып, сот ар бирин сегиз жылга эркинен ажыраткан.

Мамлекеттик Думанын экс-депутаты Леонид Маевский быйыл 16-ноябрда "бирөөнү жаманатты кыла турган маалыматты ачыкка чыгарбоо үчүн жабырлануучулардан ири суммадагы акча талап кылган" деп айыпталган. Москвадагы Тверь райондук соту аны 2019-жылдын 14-январына чейин камакка алууну чечкени кабарланган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG