Линктер

жекшемби, 23-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 22:18

EDI: Текебаевдин иши кайра каралышы керек


Нью-Йорктогу “Евразиялык демократиялык демилге” уюмунун жетекчиси Питер Залмаев.

Нью-Йорктогу “Евразиялык демократиялык демилге” (Eurasia Democracy Initiative - EDI) уюму Кыргызстанда коррупцияга айыпталып, сегиз жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан, “Ата Мекен” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаевдин ишин кылдат иликтеп, атайын баяндама жарыялады.

Баяндамада оппозициялык ишмер саясий куугунтукка кабылып, анын ишин кароодо адам укуктарын коргоого кепилдик берген улуттук мыйзамдар менен эл аралык нормалар бузулганы белгиленет. Уюмдун директору Питер Залмаев “Азаттык” менен маегинде кыргыз бийлиги саясий эркин көрсөтүп, оппозициялык ишмердин ишин кайра карап чыгышы керек деген пикирин айтты.

"Азаттык": Сиз жакшы билгендей, Текебаевге экс-президент Атамбаевдин тушунда кылмыш иши козголуп, жазага тартылды. Ушу тапта өлкөнү демократиялык жол менен шайланган президент Сооронбай Жээнбеков башкарат. Эмне үчүн азыркы бийлик Текебаевдин ишин кайра карашы керек деп жатасыз?

Залмаев: Биз Кыргызстандагы өнөктөштөрүбүз менен бул ишти кылдат карап чыгып, саясий өңүт бар деген тыянакка келдик. Жергиликтүү өнөктөштөрүбүз: юрист эксперттер, адвокаттар, журналисттер. Алардын жеке коопсуздугунан улам аттарын айта албайм.

Эгер Кыргызстанда Текебаевдин иши кайра каралбай, ушу бойдон калса кыргыз бийлигинин саясий, эл аралык бедели бир топ эле жабыркайт.

Биринчи кезекте, Текебаевдин саясий амбициясы, Конституциялык реформа жасоодогу активдүүлүгү жана президенттик шайлоого катышуу дымагы ага каршы өнөктүктүн өзөгүн түздү деп санайбыз.

Кыргызстандын бийлиги аны башкы оппоненти катары көргөнү айныксыз. Ал эми мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге кайрылсам, өлкөдөгү жана аймактагы Кыргызстанга жакындан көз салгандардын баамында, мурдагы президенттин саясий процесстерге таасири дагы эле бар. Андыктан жалпы жонунан бийлик мурдагы эле кейпинде жана саясий оппоненттерин куугунтуктап, өч алып жатканы үчүн жооптуу.

"Азаттык": Питер, силер даярдаган баяндамада Текебаевдин ишинде адам укуктарынын эл аралык нормалары бузулган деп баса белгилеген экенсиздер. Бирок ЕККУ, Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча иш алып барган түзүмдөрү жана башка уюмдар сиздер белгилеген одоно мыйзам бузуулар чындыгында болсо, анда эмдигиче эмнеге көңүл бурушкан жок?

Залмаев: Сиз мага риторикалык жакшы суроо бердиңиз. Албетте, биз дагы эл аралык абройлуу уюмдар адам укуктарынын ачыктан ачык бузулганын көңүл сыртында калтырганын байкадык. Бул отчетту даярдоонун негизги максаты дагы ошол. Биздин баяндама жарыяланып таркатылган соң бийликтин саясий оппонентин куугунтуктап, өч алып жатканына адам укуктарын коргогон аймактык жана эл аралык түзүмдөр көңүл бурат деп терең ишенебиз.

Биз өкүм толук өзгөртүлсүн деген ойдон алыспыз. Баяндамабызда иштин саясий өңүтүн көрсөтүп, ошондой эле эл аралык нормалар менен стандарттар бузулганын, анын ичинде “Кыйноолорго каршы” конвенциянын шарттары сакталбаганын баса белгиледик.

Текебаевдин саясий амбициясы, конституциялык реформа жасоодогу активдүүлүгү жана президенттик шайлоого катышуу дымагы ага каршы өнөктүктүн өзөгүн түздү деп санайбыз.

Учурда Текебаевдин саламаттыгы кескин начарлаган, аны адвокаттары үй камагына чыгарууга аракеттенип жатышат. Алар буга чейин аны ооруканада дарылатуу, кармалган шартын жеңилдетүү тууралуу бир катар өтүнүчтөрдү келтирген, бирок анын баары четке кагылган.

Кыргызстандын мыйзамында каралган апелляция механизми иштеген жок. Андыктан биз Текебаевдин ишин эл аралык эксперттердин катышуусунда жана эл аралык стандарттарды сактоо менен карап чыгууну сунуш кылабыз. Анткени бул иште нормалар сакталган эмес.

"Азаттык": Ушул тапта Текебаев шаардык ооруканада сакчылардын кайтаруусунда дарыланып жатат. Сиз бул ишти эл аралык эксперттердин катышуусунда кароо керек дедиңиз. Бул кандайча ишке ашат?

Залмаев: Мындай тажрыйба постсоветтик аймакта биринчи жолу болуп жаткан жери жок. Буга чейин укук коргоочу уюмдар тигил же бул ишке эл аралык эксперттерди катыштырууга үндөп жүргөн. Көз карандысыз эксперттер деген ЕККУнун, Улуттар Уюмунун түзүмдөрүнүн байкоочулары болушу мүмкүн. Андан ары ишти эл аралык сотторго дагы кайра карап чыгууга жиберсе болот. Сөз иштин акыркы чечимине таасир этүү дегенди эмес, процесстин мыйзам бузуусуз өтүшүнө көз сала турган контекстти түшүндүрөт.

Биз өкүм толук өзгөртүлсүн деген ойдон алыспыз. Баяндамада иштин саясий өңүтүн көрсөтүп, ошондой эле эл аралык нормалар менен стандарттар бузулганын, анын ичинде “Кыйноолорго каршы” конвенциянын шарттары сакталбаганын баса белгиледик.

Сиз сурагандай, эл аралык уюмдар өз маалында реакция жасабагандыктан, кыргыз бийлиги өз билгенин кылды. Көңүл бура турган нерсе – ал абакта отурат жана бул мыйзам бузуулар менен ишке ашты. Ага тиешелүү деңгээлде реакция болбогону чоң чекилик. Биздин баяндамадан кийин кырдаал өзгөрүп, Текебаевдин иши кайра каралат деп ойлойм.

"Азаттык": Текебаевдин иши кыргыз сотунун бардык инстанцияларынан өттү. Кыргыз бийлиги өз жаранын өз мыйзамына ылайык жоопко тартып, жаза чегерди. Анан сиз сунуш кылган эл аралык эксперттердин катышуусунда ишти кайра кароо эгемен өлкөнүн ички саясатына кийлигишүү деп саналбайбы?

Залмаев: Бул жерде башка өлкөнүн ишине кийлигишүү тууралуу сөз болбошу керек. Эл аралык эксперттер дегенде биз алардын байкоо салуу функциясын түшүнүшүбүз абзел. Эгер Кыргызстандын укук коргоо органдары саясий эркин көрсөтүп, иштин материалдарын эксперттерге берип, алардын адистик кеңешин укса, бул өтө алгылыктуу кадам болмок. Дагы бир жолу кайталап коёюн, эч кимдин суверендүү Кыргызстандын юриспруденциясына кийлигишейин деген ниети жок.

Бир ай ичинде Варшавада Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Демократиялык институттар жана Адам укуктары бюросунун кезектеги сессиясы болот. Улуттар Уюмунун тиешелүү комитеттери, анын ичинде Кыйноолорго каршы комитетинде Кыргызстандагы cаясий куугунтукка кабылгандардын маселеси көтөрүлөт. АКШнын Мамлекеттик департаменти эмки жазда жарыялана турган Адам укуктары боюнча глобалдык баяндамасын даярдай баштады. Эгер Кыргызстанда Текебаевдин иши кайра каралбай ушу бойдон калса, кыргыз бийлигинин саясий, эл аралык бедели бир топ эле жабыркайт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG