Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:19

Шыкмаматов: Саясат Текебаевдин менчиги эмес


Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов депутаттык мандатын тапшырып, партиядан чыкканын жарыялады. Ал буга себеп катары “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мамилесинин бузулганын айтты. Шыкмаматов өз чечими тууралуу “Азаттык” радиосуна кыскача маек берди.

“Азаттык”: Алмамбет мырза, сиз “Ата Мекен” фракциясынын лидерлигинен кетип, партиядан чыкканыңыз жөнүндө маалымат тарады. Бул маалымат канчалык чындыкка дал келет?

Өмүрбек Текебаев өтө күчтүү саясатчы, мыйзам чыгаруу жаатында алдына киши салдырбайт. Күчтүү политтехнолог, саясий комбинациялардын “атасы”. Бирок турмуш экен, экөөбүздүн ортобузду “кара мышык" аралап өттү.


Шыкмаматов: Маалымат туура. Мен депутаттык мандатымды тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылдым. Ошондой эле “Ата Мекен” партиясынын курамынан биротоло чыктым.

Мындай чечим кабыл алуу мен үчүн өтө оор болду. Жүрөгүм ооруп, кабыл алдым. Анткени “Ата Мекен” партиясына 15 жылдан бери мүчө болдум. Бул партиянын мүчөлөрү эң берилген, эң кайраттуу адамдар деп билем. Алардын Баткенден баштап Ак-Талаага чейин ар бирин тааныйм.

Өмүрбек Текебаев өтө күчтүү саясатчы, мыйзам чыгаруу жаатында алдына киши салдырбайт. Күчтүү политтехнолог, саясий комбинациялардын “атасы”, саясий харизмасы бар лидер жана тарыхый инсан. Бирок турмуш экен, экөөбүздүн ортобузду “кара мышык" аралап өттү.

“Азаттык”: Демек, мындай чечим кабыл алууңузга Өмүрбек Текебаев менен пикир келишпестигиңиз себеп болгон турбайбы. Пикир келишпестикке саясий көз караш же жеке мамиле себеп болдубу?

Солчул-центристтик көз карашымды карманып, ушул баалуулуктар, позициябыз төп келишкен саясий топтор менен бирге саясатта болом.


Шыкмаматов: Себептерин азыр айтпай эле турайын. Балким, кийинчерээк эл билээр. Көз караштар ар кандай. Аны кийин айтам. Негизгиси, мен партиядан чыгайын деп чечтим. Себеби, мен үчүн бала кезден баштап 50 жашка чыкканга чейин ар дайым жеке ар-намысым мандаттан да, кызматтан да жогору.

Бирок мен саясаттан кетпейм. Солчул-центристтик көз карашымды карманып, ушул баалуулуктар, позициябыз төп келишкен саясий топтор менен бирге саясатта болом. Саясат Текебаевдин менчиги эмес.

“Азаттык”: Сиз “Ата Мекен” партиясынын барандуу мүчөлөрүнүн бири элеңиз. Буга чейин пикир келишпестиктер болгону айтылган эмес. Азыркы кабыл алынган чечим эмоциянын негизинде болгон жокпу?

Шыкмаматов: Жок, мен “жетимиш өлчөп, анан бир кестим”.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG