Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:41

Жаңы вице-спикердин таржымалы


Данияр Төлөнов
Данияр Төлөнов

Жогорку Кеңештин вице-спикери болуп “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Данияр Төлөнов шайланды.

Ал парламентте бир канча жолу депутат болгон Арапбай Төлөновдун аталаш тууганы.

Данияр Төлөнов вице-спикер болуп шайланганы маалым болоор замат биз анын резюмесине кызыктык. Анда 1972-жылы Ош облусунун Кара-Суу районунда туулганы, жогорку билимдүү экени, Ош технологиялык университетинин “Автомобиль жана автомобилдик чарба” адистиги боюнча билим алганы, андан кийин Президентке караштуу Башкаруу академиясынын “менеджмент” адистиги боюнча магистратурада окуганы жазылган.

Эмгек жолу 2008-жылдан башталганы жана дароо эле Ош облустук миграция жана жумуштуулук комитеттин төрагасы болгону көрсөтүлгөн.

Данияр Төлөнов жалпысынан бул жетекчилик кызматта 2013-жылга чейин иштеген экен. Ошондуктан биз өзүнө кайрылып миграция тармагына келгенге чейин эмне менен алектенип жүргөнүнө кызыктык. Ал эмгек жолу 1993-жылы ички иштер органдарында башталганын, жалпы-жонунан он жылдай иштегенин айтып берди:

- Мен ишимди МАИден баштагам. Ош облусунда МАИ кызматкери болгом. Андан кийин 2002-жылы Ош облустук ички иштер башкармалыгында тергөө, ыкчам иликтөө кызматында иштегем. 2007-жылы Жогорку Кеңешке келип социалдык комитетте иштегем. Депутаттын жардамчысы болгом. Ошол жакта иштеп жүрүп миграция тармагына кеткем.

Биз Данияр Төлөновдон саясатка, тактап айтканда “Кыргызстан” партиясынын тизмесине кантип кирип калганын да сурадык. Ал аталаш тууганы, Жогорку Кеңештин бир канча жолку чакырылышында депутат болгон Арапбай Төлөновдун дагы таасири болгонун жашырган жок:

- Мени бул партияга чакырып, сүйлөшүүлөр болгон. Анан алардын программасын угуп, жаңы, жаш партия экенин билип, мүмкүнчүлүктөрүн көрүп ушул партияга киргем. Мени алгач партиялашым, жердешим Акылбек Эшимов чакырган. Ал менин инилерим дагы болуп кетет, ошол партиянын мүчөсү болгон. Мени негизи олигарх же ишкер деп чакырган эмес. Менин Арапбай Төлөнов агам парламенттин төрт чакырылышына депутат болуп шайланган. Кара-Суу районунда өзүнүн кадыр-баркы, колдоочулары, шайлоочулары болгон. Райондун төмөнкү бөлүгүндө штабдары бар эле. Ошого байланыштуу агама партиядан сунуш түшкөн. Агам "жашым да бир топко келип калды, саясаттан да четтедим, сен болсо жашсың" деп өзүнүн ордуна мени сунуштаган. Бизди партияга булардын өз элинде колдоосу бар деген максатта чакырышты окшойт.

Данияр Төлөнов ишкер экенин, байлыгын Кара-Суу базарынан топтогон деген сөздөрдү жокко чыгарды.

- Менин Кара-Суу базарында бизнесим жок. Ошто миграция тармагында иштеп жатканда Кара-Суу базарында иштеген чет өлкөлүк жарандар боюнча иштегенбиз. Аларга уруксат берүү боюнча иштерди алып барганбыз. Балким ушундан улам мени ошол базар менен байланыштырып жатышкандыр. Жеке өзүмдүн ал жакта бизнесим жок.

Жогорку Кеңештин 62 жаштагы мурдагы депутаты Арапбай Төлөнов соңку ирет 2007-жылы ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин “Ак жол” партиясынан депутат болгон. Ошто жана Бишкектеги ири чайканалардын ээси экени белгилүү.

Ажатканадагы өлүм, создуккан сот...

Ажатканадагы өлүм, создуккан сот...

Кара-Суудагы ажаткана кырсыгында жакындары каза болгондор сотторго нааразы. Алардын айтуусунда, соттук териштирүүлөр узакка созулуп кетти.

Оштогу жергиликтүү талдоочу Төлөгөн Келдибаев Арапбай Төлөнов Советтер Союзунун маалында колхоз-совхоздордо жетекчилик кызматтарда жүргөнүн, иши менен эл оозуна алынганын, ошонун шары менен депутат болуп жүргөнүн кеп салды.

- Негизи булар эл урматтаган үй-бүлөлөр. Азыр деле ушундай, бей-бечараларга жардам берет. Бирок анын агасынын баласы Данияр Төлөнов тууралуу эч кандай маалыматым жок. Бирок агасы чынында эле кадыр-барктуу адам. Мен билгенден убагында аны саясатчылар да, кылмыш дүйнөсүнүн лидерлери дагы урматташчу. Мен билгенден Арапбай Төлөновдун чайканалары, базарлары болушу мүмкүн. Анан башка бир туугандарынын деле ушундай бизнестери болсо керек. Кара-Сууда урап калган, адамдар да өлгөн чуулгандуу даараткана ушул Арапбай Төлөновдордун бир тууган эжесиники да. Анын күйөөсү ушул кырсык боюнча соттон сотко барып жүрүп, кыжалат болуп отуруп, акыры каза болуп калды.

Анткен менен парламенттин азыркы чакырылышындагы шайлоолор боюнча нааразылыктар көп. Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Ишенбай Кадырбековдун пикиринде, комитет төрагасы, вице-спикерлик кызматка шайланган адамдар боюнча жоопкерчилик аларды көрсөткөн фракцияларда:

- Парламенттеги вице-спикерликке, комитеттин төрагалыгына сунушталган талапкерлер эгер татыктуу эмес болуп чыкса, анда бул ошолорду көрсөткөн фракциялардын аброюндагы иш. Эгер фракция ошол адамдын иш билгилигин, кесипкөйлүгүн эмес, башка бир критерийлер менен карап ошол кызматка сунуштаса, демек анда фракциянын болгон деңгээли ошол да деп кабыл алабыз. Азыр эми депутаттардын иштегенин көрүп, алар андай-мындай деп көп сын-пикир айтабыз. Бирок буга биз, шайлоочулар да жооптуу экенибизди унутпасак. Анткени эч ким бизди колубуздан сүйрөп "ушуну танда" деген жок да. Экинчиден, биздин азыркы шайлоо системабызда добуштарды сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүп калды.

Данияр Төлөнов парламенттеги вице-спикерлик кызматка анын фракциялашы Нурбек Алимбековдун ордуна келди. Алимбеков өткөн айда Тайвандагы жеке сапарынан чыккан чуудан улам кызматын тапшырган. Парламент төрагасы Чыныбай Турсунбеков депутаттардын бул сапары Кыргызстандын Тайван боюнча позициясына каршы келерин айтып сындаган. Алимбеков дагы күнөөнү моюнга алган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG