Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 08:03

Транзиттик борбордун тагдыры кайрадан талкууда


"Манастагы" АКШнын Транзиттик борбору, 20-июль, 2012.

Кыргыз бийликтери "Манастагы" Транзиттик борбор боюнча АКШ менен сүйлөшүү башталганын четке какты.

Мындай сүйлөшүү башталганын кечээ АКШнын Тажикстандагы жаңы элчиси Сьюзан Эллиот айым айтып чыккан.

Элчи айым 23-октябрда Дүйшөмбү шаарындагы маалымат жыйынында Америка тарап Тажикстандын аймагында аскерий база же транзиттик борбор ачуу боюнча эч кандай аракет көрбөсүн билдирүү менен Вашингтон Кыргызстандын “Манас” аэропортунда жайгашкан америкалык жүк ташуучу Транзиттик борборго тиешелүү макулдашууну узартуу мүмкүнчүлүгү боюнча кыргыз бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү баштап жатканын белгилей кеткен:

- Бишкектеги “Манас” аэропортунда жайгашкан жүк ташуучу транзиттик борбор боюнча макулдашуу 2014-жылы аягына чыгат. Биз кыргыз бийлиги менен макулдашууну узартуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштадык, - деген АКШнын Тажикстандагы элчиси Сьюзан Эллиот.

Бирок мындай маалыматты кыргыз тарап дароо төгүндөдү. Президент аппаратынын тышкы саясат боюнча бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков “Азаттыкка” азырынча америкалык жүк ташуучу транзиттик борбордун 2014-жылдан кийинки тагдыры тууралуу кыргыз-америка сүйлөшүүлөрү башталбаганын кабарлады.

Канткен менен мындай сүйлөшүү жакын арада болоорунан күмөн санабагандар да жок эмес. Алардын бири - Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Токон Мамытов:

- База боюнча биздин турумубуз америкалыктарга жеткирилген. Расмий түрдө сүйлөшүүлөр баштала элек, бирок менен анализим боюнча, жакын арада америкалыктар Кыргызстандын жетекчилигине кайрылат.

Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев 2014-жылдан тарта “Манас” толугу менен жарандык аба майданга айланаарын буга чейин бир нече жолу айткан.

2012-жылдын 20-сентябрында Орусиянын президенти Владимир Путиндин Бишкектеги расмий сапары учурунда эки президент журналисттердин Кыргызстандагы АКШ базасынын тагдыры тууралуу да суроолоруна жооп беришкен.

Анда президент Алмазбек Атамбаев Транзиттик борбор боюнча буга чейин айткан сөзүн дагы бир ирет бышыктап кайталаган.

- Биз Америка базасы боюнча суроону талкуулаган жокпуз, бирок 2010-жылдан бери мен “Манас” аэропорту жарандык гана максаттарда колдонулушу зарыл деп келем. Ал жер башка бир мамлекеттин аскер базасы турган жай болбошу керек. 2014-жылы “Манас” кайра жарандык аэропортко айланат, мен бул оюмду эч качан жашырган эмесмин.

Вашингтондогу Карнеги корунун “Евразия жана Орусия” боюнча программасынын жетекчиси, элчи Жеймс Коллинз “Азаттыктагы" маегинде Кыргызстандагы транзитиик борбордун тагдыры 2014-жылы Ооганстандагы аскерлердин чыгышы менен байланыштуу экенин баса белгилеген:

- Мага президент Атамбаевдин позициясы менен анын чын дилинен чыккан ниети түшүнүктүү. Америка менен шериктеш мамлекеттердин аскер күчтөрү 2014-жылы Оганстандан толугу менен чыгып кетпейт. «Манас» аэропортундагы түзүм 2014-жылдан кийин кандай ролду ойнойт? Суроо мына ушунда. Эгерде келечекте транзиттик борбор кандайдыр бир ролду ойной турган болсо, Кошмо Штаттар ооган өкмөтүнө коопсуз, туруктуу жана келечекте экономикалык өнүккөн мамлекет курууга жардам берүү максатында Кыргызстанды колдоо көрсөтүүгө чакырышы мүмкүн жана мен буга толук ишенем. Бул кандайча ишке ашат же Кыргызстан кандай аракеттерди жасайт, Орусия менен талкуулашуунун, талашып-тартышуунун маселеси болуп кала берет.

Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы, депутат Токон Мамытов да Америка тарап менен сүйлөшүүлөр мына ушул нукта уланышы мүмкүндүгүн боолголойт.

Жакында Максим Бакиевдин Лондондо АКШнын талабы менен кармалышы да кайрадан транзиттик борборго коомчулук көңүлүн бурдурду. Максим Бакиевдин дал ушул мезгилде кармалышынан геосаясий оюн көргөндөр да жок эмес. Алар АКШ Максим Бакиев билген компроматтар аркылуу азыркы кыргыз бийлигине таасир этип, Транзиттик борбор боюнча соодалашууга барат деген ойду кыйытууда.

Андай серепчилердин бири - эл аралык мамилелер боюнча адис Чынара Эсенгул:

- Эгерде АКШ 2014-жылдан кийин “Манастагы” Транзиттик борборго Борбор Азиядагы башка өлкөлөрдөн альтернатива таппаса, Максим Бакиевдин иши сүйлөшүү учурунда көзүр картага айланат.

Бирок ошол эле учурда Максим Бакиевдин кармалышын АКШнын Кыргызстанга таасирин күчөтүү, же соодалашуу максаты менен эмес, дүйнө боюнча кулач жайган каржылык көз боёмочулуктун бети ачылышы менен байланыштыргандар да жок эмес.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG