Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:09

Чек ара күчөтүлгөн тартипте кайтарылууда


Чек арачы жоокер
Чек арачы жоокер

Кыргызстан менен Өзбекстан чек арадагы окуяга байланыштуу тартылган аскерлеринин санын азайтты. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Чек ара кызматынын башчысы Райымберди Дүйшөмбиев билдирди.

Чек ара кызматынын төрагасы Райымберди Дүйшөнбиевдин 21-мартта "Азаттыкка" билдиргенине караганда, Аксы-Ала-Бука жолунан өзбек аскерлерин чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Өзбек тарап талаштуу аймакка эмне себептен аскердик техника менен жоокерлерин койгонун түшүндүрө элек. Кыргызстан муну эки мамлекеттин ортосундагы келишимди бузуу катары баалоодо.

"Өзбекстандын бул аймакка аскердик техника киргизүүгө укугу жок болчу", - деди Дүйшөнбиев.

"Эки тарап чек арада аскерлер санын кыскартты"

"Азаттык" Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчиси Раимберди Дүйшөнбиевге айрым суроолор менен кайрылды.

“Азаттык”: Раимберди мырза, Кербен - Ала-Бука жолундагы акыркы маалыматтар менен бөлүшүп өтсөңүз. Чек арада 21-мартка карата жагдай кандай?​

Р. Дүйшөнбиев: Мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз-өзбек чек арасын күчөтүлгөн тартипте кайтарып жатат. Кербен - Ала-Бука жолундагы Чала-Сарт такталбаган тилкесинде аскер кызматкерлери өзбек тараптан да, биз тараптан да турат. Кечээ түнү өзбек тарап менен ошол жактан сүйлөшүп, адамдардын санын кыскарттык. Буга чейин эки тараптан тең жыйырмадан адам турган, азыркы учурда сегизден адам турат.

Кечээ Ала-Букада базар болгонуна байланыштуу салыштырмалуу көп адамдар өттү, бирок токтотуп, өткөрбөй койгон фактылар катталган жок. Ал жерде биздин чек арачы менен өзбектер бир эле турат, аралыгы 3-5 метр.

Көзөмөл өткөрүү жайлары кыргыз-өзбек чек арасында бардыгы жабык. Бир гана штаттык режимде Баткен облусундагы Кызыл-Кыя өткөрмө жайы иштеп жатат. Ал көзөмөл жайы Сох, Шахмардан, биздин Барак экславынын жашоочулары ары-бери каттоо үчүн ачык турат.

“Азаттык”: Деги эле окуя кандай ыраатта кетип баратат, сүйлөшүүлөрдө эмне маселелер көтөрүлүп жатат, сүйлөшүүлөр кайсы жетекчилердин деңгээлинде жүрүп жатат?

Р. Дүйшөнбиев: Тышкы иштер министрлиги тарабынан нота жиберилген өзбек тарапка. Биз тараптан да, тагыраагы чек ара өкүлчүлүктөрү тарабынан кат жиберилген. Бирок бүгүнкү күнгө чейин Өзбекстан расмий жооп бере элек. Ал жерде чек ара өкүлчүлүктөрү тарабынан жолугушуу күнүгө болуп жатат. Кайрадан эле өзбек тарап эмне себептен такталбаган тилкеге кирип, аскерлерин жайгаштырганын так айтпай жатат.

Биз катта тез убакытта такталбаган тилкеден чек ара аскерлерин алып чыгып кеткиле деп жазганбыз. Ошондой эле эмне себептен такталбаган участкага келишимди бузуп киргенин катта көрсөттүк. Бирок, жогоруда айткандай, эч кандай жооп ала албай жатабыз.

"Ноорузга байланыштуу эмес"

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы бейтарап аймактын Аксы районундагы тилкесине 18-мартта эртең менен коңшу өлкөнүн чек арачылары аскер техникасын, атап айтканда эки БТР жана эки КаМАЗ унаасын киргизген. Мындай аракет жергиликтүү калк арасында тынчсыздануу жаратып, Кербен - Ала-Бука аркылуу каттоочулардын саны азайганы айтылган. ​

Кийин кыргыз тарап да жооп кылып, ал жерге аскер техникасын жана аскерлерди жайгаштырган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине Өзбекстандын элчиси Камил Рашидов чакыртылып, ага расмий Ташкенден түшүндүрмө талап кылган нааразылык нотасы тапшырылган. Өзбекстан болсо бөтөн тилкени ээлеп албаганын айтып, болгону Нооруз майрамына карата Кыргызстан менен болгон өзүнүн чек ара тилкесинде көзөмөлдү күчөткөнүн жарыялады. Ошондой эле Өзбекстан мамилени татаалдаштырбоо үчүн кыргыз тарапты такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырды.

Мындан сырткары Өзбекстан ремонт иштерине байланыштуу Кыргызстан менен болгон чек ара өткөрмө бекеттери убактылуу жабылганын билдирген.

​Чек ара кызматынын башчысы Дүйшөнбиевдин оюнча, өзбек чек арачыларынын аракети Нооруз майрамына байланыштуу эмес.

"Нооруз майрамы мурдатан эле майрамдалып келген. Чек араны күчөтүлгөн режимде кайтарууга негиз жок болчу. Өзбек чек арачылары эмнеге мындай аракетке барды түшүнүксүз болуп жатат", - деди чек ара башчысы.

Чек араны бекемдөө маселеси боюнча ошол эле күнү президент Алмазбек Атамбаев жана премьер-министр Темир Сариев тиешелүү жыйындарды өткөргөн.

Абалды жөнгө салуу үчүн Чек ара кызматынын башчысынын орун басары, полковник Таалайбек Усубалиев 19-мартта талаштуу тилкеге барган.

Чек арага жөнөтүлгөн күчтөр
Чек арага жөнөтүлгөн күчтөр

20-мартта болсо бийлик Аксыдагы кыргыз-өзбек чек арасына кошумча аскердик күч жөнөткөнү кабарланды. Бул тууралуу “Азаттыктын” Ак үйдөгү ишенимдүү булактары билдирди. Маалыматка ылайык, 200дөй аскер жана аскердик техника чек арадагы көзөмөлдү күчөтүү үчүн 20-марттын таңында жөнөтүлгөн.

Бирок бул маалыматты Чек ара кызматынын башчысы Раимберди Дүйшөнбиев тастыктаган жок. Раимберди Дүйшөнбиев кошумчалагандай, коопсуздукту камсыздоого чек ара кызматынын аскерлери жетиштүү жана ошол эле маалда башка күч органдары да көмөктөшүүдө.

Учурда кыргыз чек арачылары Өзбекстандын аскер күчтөрү кирип келген аймакты күчөтүлгөн режимде кайтарууда. Кыргыз-өзбек чегиндеги өткөрмө бекеттер жабык бойдон турат. Бир гана Кызыл-Кыя бекети ачык, ал жерден Өзбекстандын Сох жана Шахимардан анклавдарынын жашоочулары өтүшөт.

"Документибизди текшерип өткөрдү"

Аксы районунун Чала-Сарт участкасындагы Кербен - Ала-Бука жолуна 18-мартта эртең мененки саат жети жарымдарда Өзбекстандын кыркка чукул аскери техникалары менен кирип алышкан. Алар жол жээгине блок-постторду орнотуп, жолдон каттаган кыргыз жарандарынын паспортторун текшерип өткөрө баштаган. Облустун борборуна 18-март күнү келе жаткан Ала-Бука районунун тургуну Нурия Боромбаева мындай деди:

- Биз апам экөөбүз таңында жолго чыкканбыз. Бир убакта жолдо унаалар үйүлүп турганына күбө болдук. Жакындаганда өзбек чек арачылары жолго таш тизип, унааларды токтотуп жатышканын көрдүк. Алар кадимкидей курал-жарагы жана техникасы менен чыгып, тоо-таштан бери жайгашып алыптыр. Биз эмне болгонун билбей калдык. Анан ар бир унаадагы жүргүнчүлөрдүн документтерин текшерип өткөрүп жатышты. Менде паспорт жок болчу, эмне себептен мындай кылып жатасыңар деп сурасам, алар "бул биздин жер, эми паспорт менен гана өтөсүңөр, эскертип жатабыз силерге", деп жооп берди. Жолду казууга техникаларын да даярдап коюшкан экен. Анан биз жол тартып баса бердик.

Аксы тилкесинде эки өлкөнүн күчтөрү турат
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:57 0:00

Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалымдашынча, мындан тышкары өзбек тарап саат сегизден тарта “Маданият-автодорожный” көзөмөл-өткөрүү пунктун бир тараптуу жаап салып, "Достук-автодорожный" өткөрүү пунктунан жарандардын жана транспорттун каттамына чектөө киргизген. Кошуна өлкөнүн чек арачылары кыргыз жарандарына Өзбекстандан чыгууга уруксат берип, ал эми кирүүгө тыюу салышкан. Кыргыз тарап өз кезегинде өзбек жарандарына "Баймак-автодорожный", "Кен-Сай-автодорожный", "Кадамжай-автодорожный" өткөрмө пункттары аркылуу кирип-чыгууга тыюу салган болчу.

Жалал-Абад облусунун аймагында Өзбекстан менен талаш жараткан 24 участок бар. Алардын көпчүлүгү Аксы жана Ала-Бука райондорунда жайгашкан.

XS
SM
MD
LG