Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:28

Аксыдагы окуя чек ара маселесин козгоду


Жалал-Абад облусунун Аксы районунда өзбекстандык чек арачы аткан октон курман болгон жарандын өлүмүнүн чоо-жайы иликтенип жатат.

Кыргызстандын 34 жаштагы жараны Фархад Мырзакалыковго Мамай айылындагы кыргыз-өзбек чек арасында 7-апрелде ок атылган. Аксы районунун акими Масалбек Мырзамамытовдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, окуя Кыргызстандын аймагында болгон.

Маркум өзү Кербенге караган Курулуш айылында жашап келген. Ошол күнү Өзбекстандагы туугандарына тойго барып, кайра келаткан экен. Ага ок аткан өзбекстандык чек арачы маркумду өз аймагына сүйрөп алып кирип кетүүнү көздөп, ал аракети ишке ашкан эмес:

- Каза болгон жаран Өзбекстандын аймагына өтүп кеткенби же аракет кылганбы, белгисиз. Ошондой окуя болуп кетти. Эч ким көрбөй, атылгандан кийин көрүп калышкан. Чек арачы ок тийген жарандын сөөгүн өзү жакка алып өтүүгө аракет кылган. Биздин жараныбыз көрүп калгандан кийин алып өтө албай, таштап кеткен. Биздин жаран автоматтын үнүн укканда жетип келген окшойт. Окуя болгон жер жолго жакын да.

Чек арадагы окуя тартылган видео Интернеттеги социалдык тармактарда тарады. Анда үйдүн артындагы кичинекей арыкта ок тийген киши жатканын көрүүгө болот. Кан аралаш суу аккан арыктын оң тарабында автомат кармаган өзбек чек арачысы турганы, сол өйүзүнөн аны жектеп белгисиз аялдын кыйкырып жатканы тартылган. Окуя болгон Мамай айылы Өзбекстандын Нанай, Касан-Сай аймактары менен чектеш.

Аксылык тургун Шекербек Камчыбек уулу кандуу окуя Мамайдагы тактала элек тилкеде болгонун "Азаттыкка" билдирди:

Шекербек Камчыбек уулу.
Шекербек Камчыбек уулу.

- Ал жерде бир үй Өзбекстанга таандык болсо, бир үй Кыргызстанга таандык. Мисалы, бир үйдүн тамаркасынан өтүп, арыкты аттасаңыз эле Өзбекстандын аймагына кирип кетесиз. Эң жаман жери - тосулган эмес. Делимитация иштери бүткөнү менен демаркация аяктай элек. Төрт чакырымдай аралык толук тактала элек. Анын үстүнө бизде чек арачы жоокерлер жетишпейт. 2016-жылы Үңкүр-Тоо боюнча жаңжал чыкканда тактаганбыз. Өзбекстандын төрт чек ара тозоту турган жерде биздин бир чек ара тозоту турат. Ушундай окуялар маалында тез арада жетип келгенге биздин чек арачылардын шарты, техникалык базасы да начар. Алар башка тилкеге кезметке өтүп кеткенде ушул окуя болуптур. Мындай көрүнүш жыл сайын эле болуп келатат. 2010-жылдан тартып эле бирде мал өтөт же кишилерди кармап алып кирип кетишет. Чек аранын такталбаганы, биздин жоокерлердин жетишпегени себеп болуп, эки элдин ортосундагы ынтымакты бузбаса болду. Мисалы, Аксынын Кашка-Суу айыл өкмөтүндөгү чек ара тилкеси тосулбаса да эскертүү катары белгилер жазылган. Мамайда андай нерсе жок. Анткени, тактала элек тилкеде эч нерсе орното алышпайт экен.

Ал арада кыргызстандык жарандын өлүмү боюнча эки ача маалымат тарады. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы алгач маркум өзбек чек арачысы аткан октон алган жараатынан Кербен шаарындагы ооруканада көз жумганын кабарлады.

Акыйкатчы институту 9-апрелде тараткан маалыматта болсо Фархад Мырзакалыков Өзбекстандагы туугандарына барып, кайра келатканда өзбек чек арачысы аны Кыргызстандын аймагына кирип башына атып салганы, ал ошол жерде мүрт кеткени айтылат. Ушу тапта Акыйкатчы институтунун Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгү окуянын чоо-жайын иликтеп жатат.

Аксы райондук ички иштер бөлүмү да Кылмыш-жаза кодексинин 97 ("Киши өлтүрүү") беренесине ылайык кылмыш ишин козгоду. Өзбек чек арачылары тарабынан чек арада ок аткан учур биринчи жолкусу эмес. Буга чейин Ала-Бука районунун жашоочусу бутунан жарадар болгон. Дипломат Эрик Асаналиев бардык маселени чек аранын такталбай жатканы менен байланыштырды:

Эрик Асаналиев.
Эрик Асаналиев.

- Чек арада мыйзам ченемдүү түрдө аткара турган иштер бар. Биринчиден, чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү аякташ керек. Ал бүткөндөн кийин аны кайтарууну чек арачыларга өткөрүп берип, бир топ мыйзамдарды кабыл алуу зарыл. Ошол жерде эл кантип жашайт, кантип мал багат, канча метрге чейин барууга болот же болбойт деген сыяктуу толтура маселе бар. Биз жөн эле отуруп сүйлөшөбүз. Эки премьер отуруп алып сүйлөшкөндөн эч нерсе чечилбейт да. Биринчи жогоруда айтылгандардын баарын бүтүрүш керек. Анан бизде чоңдор да, билгендер да, билбегендер да делимитация жана демаркация деген эки терминди айта беришет. Жада калса аны туура айтканды билишпейт. Делимитация жана демаркация деген - бул чек ара маселесин юридикалык жактан чечүү. Делимитация - карта түрүндө буга чейин болгон документтердин негизинде. Ал эми демаркация ошол келишим кол коюлгандан кийин белгилерди коюу дегенди билдирет. Ошол иштер бүткөндөн кийин кайсы жер тосулуп, кайсы жерде өтмөктөр коюлаары чечилиши керек. Азыр чек арадагы айрым жарандар "бир метр жерди бербейм" деп отурат. Элге түшүндүрүү керек. Мамлекеттик деңгээлде көз караш болушу керек да.

Окуя боюнча өзбек тарап да расмий түшүндүрмө берди. Анда Кыргызстандын жараны "чек ара тилкесин бузуп, Өзбекстандын аймагына киргени, жоокердин эскертүүсүнө, абага ок атылганына да маани бербегени, андан соң Кыргызстандын аймагына качып өткөнү" жазылган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Ташкентке нота жиберди. Кыргыз-өзбек премьер-министрлери 8-апрелде жагдайды телефон аркылуу талкуулады.

Окко учкан жарандын сөөгү 7-апрелде өзү жашаган айылга коюлду.

Ушул эле жылы 27-январда Ала-Бука районунун тургуну Асан Үсөнбаев өзбек чек арачыларынын огунан жарадар болгон. Үсөнбаев Өзбекстандын аймагына өтүп кеткенин четке кагып, аны коңшу өлкөнүн аскерлери Кыргызстанга кирип келип атканын айткан. Көп өтпөй Чек ара кызматы бул иш иликтенип жатканын билдирген. Ал эми Акыйкатчы институту факты боюнча кылмыш ишин козгоону прокуратурадан талап кылган. Бирок андан бери иликтөөнүн жыйынтыгы тууралуу маалымат бериле элек.

Тасмада: Асан Үсөнбаев окуя тууралуу "Азаттык" менен маектешкен.

"Мени атып, Өзбекстанга сүйрөп кетишти"
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:11 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG