Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:07

"Эл үнү": Мечиттерде бут кийим уурдоо күч алды


Бишкектеги намаз, 9-апрель, 2010-жыл
Бишкектеги намаз, 9-апрель, 2010-жыл

“Эл үнү” берүүсүнө кайрылган угармандар Бишкектеги мечиттерде бут кийим уурдоо көбөйүп баратканына тынчсызданышып, коалициялык өкмөттүн иши жана башка маселелер боюнча пикирлерин билдиришти.

Бишкек, Абдылда: Азыркы учурда Бишкектин мечиттеринде бут кийим уурдоо көбөйдү. Мечитке намаз окуганы келген, же дабатчылардын жаңы бут кийимдерин уурдап кетишүүдө. Өзгөчө жума намазга уурулар атайын келет өңдөнөт. Менин атам, бир тууган агам бир нече жолу бут кийимдерин уурдатышты. Ушуга мечиттеги имамдар, динаятчылар жакшылап көңүл бурса болот эле. Ал эми базарда чөнтөкчүлөр күч алды. Мобилдик телефон, акча капчыктарын алдыргандар канча. Ушул боюнча милиция кызматерлери жана муфтият жакшылап иш алып барса болот эле.

Бишкек шаарынын имам-хатибинин биринчи орун басары Мухаммат Анаркулов: Туура, мечиттерден жаңы бут кийимдерди уурдап кеткен фактылар бар. Эми бул мечит Алла тааламдын үйү болгондон кийин бардык мусулмандарга эшик ачык. Анан баарын карап турганга мечиттин кызматкерлеринин деле чамасы чак.

Биз жети ай мурда Борбордук мечитке видео көзөмөл орнотконбуз. Эгерде кандайдыр бир буюм жоголсо, биз жаныбыздагы Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылып жатабыз. Видео көзөмөлдүн жардамы менен милициялар бут кийим уурдаган бир нече кишини аныктап, мыйзамдын чегинде жоопкерчиликке тартты.

Андан сырткары намазга келгендерге түшүндүрүү ишерин жүргүзүп, уурулук кылган адам эки дүйнөдө азап тартарын айтып, ыймандуулукка чакырып жатабыз. Бирок көпчүлүктүн ичинен шайтанга азгырылгандар да чыгат экен. Жума намаз күндөрү кызматчыларыбыз өзгөчө сак болуп, келген мусулмандардын буюмдарына көз салып, коопсуздукту камсыз кылганга аракет кылып атабыз.

Нарын, Канайым Бердибаева: Азыр коалициянын “шоусу” башталдыбы? Бизде ундун баасы бир жарым миң сомдон ашып, азык-түлүк кымбаттап, эл кыйналып жатат. Азыр бир-эки чиновниктин ортосундагы эле "саясий шоусу" болуп жатат окшойт.

Коалицияга кирсе позиция болуп, коалицияга кирбей, бийлик жетпей калса оппозиция болуп аткан чиновниктерди көрүп эле жатабыз. Эгерде коалиция ич ара ыркы келбей турган болсо биз президент Роза Отунбаевага кайрылуу жазып, “парламент тарасын” деген талапты койобуз. Элди ойлогон киши жок. 7-апрелде эл үчүн каза болгон 80ден ашуун баланын канын эстеген, алардын үй-бүлөсүнүн убалынан корккон чиновниктер жок.

Бишкек, Мукен: 7-апрелде 90 чукул жигит жанын берди. Алар биздин келечегибизди ойлоду, эл үчүн курман болду. Мына ошол окуядан кийин азыркы бийлик коррупция менен айоосуз күрөштү башташ керек эле. Элдин байлыгын уурдаган кечээги чиновниктерди камап, мыйзамдын алдында жоопко тартуу керек. Алардын казынадан алган акчаларын элге кайра кайтарыш керек. Мисалы, чөнтөкчү бир кишинин капчыгын уурдаса, булар ар бирибиздин чөнтөгүбүзгө колун салды да. Аларды ууру деп айтууга негиз бар. Ошондуктан Высоцкий айткандай, "ууру түрмөдө отурушу керек".

Бишкек, Сатыбалды: Лейлекте бир чек арачыны аны менен кызмат өтөгөн беш жоокер сабап, өлтүрүп салыптыр деген маалымат жакшылыктын жышааны эмес. “Дед”, анан “молодой” деген түшүнүк кылмыш дүйнөсүнүн жазылбаган мыйзамы. Ошондуктан парламент Коргоо министрлиги жөнүндөгү мыйзамды тез арада карап, алымча-кошумчаларды киргизип, офицерлердин жоопкерчилигин күчөтүү зарыл.

Экинчиден, балдарды армияга алып кетерде ата-эне менен военкомат келишимге кол коюшу керек. Анда “аскерде кызмат кылган бала кокустан каза болуп калса, же майып болсо бардык чыгымдарын төлөп берет”,-дегендей келишимди эл аралык нормаларга негиздеп түзүү керек. Бир жоокер каза болсо миң офицердин айлыгын кыскартуу керек.

Эгерде сизди түйшөлткөн маселелер, кызыктырган суроолор болсо, кубанычтуу кабарларды же жеке көз карашыңызды билдирем десеңиз Бишкектеги кеңсебизге, 31-61-65 номурлуу телефонуна чалып, "Эл үнү” программасына деп аты-жөнүңүздү айтып, авто жоопко пикириңизди жаздырып коюңуз. Ал эми бирөөнү каралаган, кимдир бирөөнүн аброюна шек келтирген же далилсиз маалыматтар эфирге чыкпайт.
XS
SM
MD
LG