Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:28

Ишкер аялдар өнүгүүгө жол чабат


Баткендеги цехте иштеген аялдар.
Баткендеги цехте иштеген аялдар.

5-июлда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында ишкер аялдардын улуттук форуму өттү. “Кыргызстанда аялдардын ишкердиги: жаңы күч” деп аталган конференцияга өлкөнүн бардык аймактарынан келген ишкер айымдар катышты.

"Азаттыктын" бүгүнкү апта темасында аймактарда ишкердик менен алектенген аялдар тууралуу кеп кылабыз. Алардын иш тажрыйбасына, экономикага кошуп жаткан салымына жана түйшүгүнө аймактардагы кабарчыларыбыз кызыгып көрдү.

Адатта аял ишкерлер десе кийим тигүүчү цехи бар же ашкана, ресторан иштеткен, болбосо уз айымдарды элестетебиз.

Биздин каарманыбыз – өзгөндүк Зайнапхан Базарбаева асыл тукум жылкыларды багат, гисар породасындагы койлорду көбөйтүп, заманбап касапкананы иштетет. Өзгөндүк өзгөчө ишкер айым тууралуу радио баянда.

Өзгөндөгү өзгөчө ишкер айым
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:02 0:00
Түз линк

Жалал-Абад шаарынын 54 жаштагы тургуну Салима Молдомусаева - акыркы он жылдан бери курулуш тармагында иштеп келе жаткан ишкер аялдардын бири. Экономист кесибин куруучулукка өзгөткөн аял өзү жетектеген курулуш компаниясы аркылуу мектеп, бала бакча сыяктуу социалдык имараттарды куруу менен алектенет.

Курулушчу Салима
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:59 0:00
Түз линк

Аймактарда, айрыкча калкы аз чакан шаарларда жеке ишкерлик кылуу үчүн изденүү, тынымсыз мээнет зарыл. Жылына 1,5 сомдон ашык казынага каражат төлөп, өз турмушун да оңдоп жаткан баткендик Улукбүбү Амирова улам жаңы жолдорду изденип жаны тыным албайт. Бир эле учурда батир, ашкана, аймактагы жалгыз менчик радиону иштетип келет.

Изденүүнү сүйгөн Улукбүбү
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:19 0:00
Түз линк

Нарын Мамлекеттик университетинде окуган үч студент кыз биригип чакан бизнес ачты. Азыр алардын колунан кондитердик азыктар жана торттун түрү чыгып жатат. Студенттердин мындан аркы аракети, ишкерлик кылуу машакаты тууралуу радио репортаждан уга аласыз.

Студент кыздардын таттуу наны
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:16 0:00
Түз линк

Ысык-Көл облусунун тургуну Күлүйпа Жүзүмалиева аймакта деле ишкердикти өнүктүрүп, экономикага олуттуу салым кошсо боло тургандыгын далилдей алган тажрыйбалуу ишкер айымдардын бири. Ал башкарган сүт азыктарын иштетүүчү “Ак жалга” ишканасы бүгүн Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөргө жана алыскы чет мамлекеттерге сүт азыктарын экспорттоп жатат.

ЕАЭБга сүт азыктарын жөнөткөн айым
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:03 0:00
Түз линк

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG