Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:54

Журналистикага аттанган энелер


Жумагүл Тентиева жана Майрамбүбү Жусупбекова "Азаттык" радиосунун кеңсесинде.
Жумагүл Тентиева жана Майрамбүбү Жусупбекова "Азаттык" радиосунун кеңсесинде.

Жумагүл Тентиева 57, Майрамбүбү Жусупбекова 47 жашында журналистиканы үйрөнүүгө киришишти.

Бишкекте жаңы ачылган жеке "Журналистика мектебинде" жаштардын арасында небере көрүп калган эки аял да билим алып жатат.

“Өзүмдү өзгөртсөм дейм”

Майрамбүбү эже тигүүчү. Чүйдүн Аламүдүн районундагы Кашка-Суу айылынан. Мектепте окуган кезинде эле журналист болууну самап, майрамдарда алып баруучулук кылып жүргөн. Бирок максаты ишке ашпай, өкүттө калган.

-Турмуштагы ар кандай шарттарга байланыштуу кыялым орундалбай калды. Мен төрт дубалдын ичинен чыкпаган аялмын. Акыркы кездери өзүмдү өнүктүрүүнү каалап, издене баштадым. Ар кандай курстарга барып жатам. Адистерден кеп-кеңеш ала баштадым.

Майрамбүбү Жусупбекова турмуштук шарттан улам калем ордуна ийне саптап, тигүүчүлүк кесипти тандаган. Бирок бала кездеги аруу кыялын да унутпай, жүрөгүндө сактап жүргөн. Быйыл өзүн өзгөртүүнү каалап, алгачкы кадамды Журналистика мектеби курсунан баштаптыр. Ал гана эмес Жалпы республикалык тестирлөөгө сынак тапшырып, жыйынтыгын күтүп жатат. Университетте окуйм деген планы да бар:

-Туугандарыма эч нерсе айта элекмин. Кызым менен уулум колдойт. Күйөө балам, кызым, неберелерим менен чогуу турабыз. Алар колдойт мени. Башкалардын “койчу” деген чектөөлөрү менен ушул күнгө чейин жашадым. Мындан ары чечимди өзүм кабыл алайын дейм. Өзүңдү өзгөртсөң болорун эми түшүндүм. Жан дүйнөңдү байытып алсаң, чоң ааламга чыга алат экенсиң.

“Журналист болуп бир жыл иштесем да мейли”

Майрамбүбү сыяктуу кичинесинен журналист болууну кыялданып, бирок аны ишке ашыра албаган дагы бир каарманыбыз 57 жаштагы ​Жумагүл Тентиева. Ал Кочкор районунда туулуп-өскөн, учурда Бишкекте жашайт.

Бишкек шаарынын Свердлов райондук Элди өнүктүрүү башкармалыгында иштейт:

- Жаш кезимде гезиттерге анча-мынча макала жазып койчумун. Азыр окуп жаткан Журналистика мектебин аяктасам, балким бир гезитке жумушка кирем. Бир жыл иштесем да мейли, кыялымды ишке ашырсам болду.

Жумагүл эже үч баланын апасы. Журналистикада окуп, кыялын ишке ашырууну жолдошу сунуштаганын айтып берди:

- Көп жазам. Ар кандай темада макалаларды жаза берем. Бирок өзүм канааттанбай, ыргытып салам. Жолдошум “ушул сага корогон кагаздар ай” деп тамашалап калат. Мындан ары жазганымды гезит-журналгабы же сайттаргабы берейин деп турам.

Майрамбүбү Жусупбекова, Жумагүл Тентиева жана Сымбат Максүтова "Азаттык" радиосунун студиясында.
Майрамбүбү Жусупбекова, Жумагүл Тентиева жана Сымбат Максүтова "Азаттык" радиосунун студиясында.

Алдыга умтулган апалар

Эжелер окуп жаткан Журналистика мектеби Сымбат Максүтовага таандык. Ал курсту ачканда билим алууга алгачкылардан болуп Жумагүл Тентиева менен Майрамбүбү Жусупбекова келгенин айтып отурду.

- Мен ушундай курактагы эжелер окуганы келет деп, чынында күткөн эмесмин. Алгач таң калдым. Сүйүндүм. Адам өзгөртүшү керек, жашына карабай билим алышы керек, деген дүйнөлүк илимпоздордун, акылмандардын айткандарын ушул кыргыз эжелер далилдеп жатканына кубандым.

Сымбат Максүтованын айтымында, эки айым Журналистика мектебиндеги эң үлгүлүү окуучулары. Сабакта айтылган кеп-кеңештерди дароо илип алып, айтылган убакта кечикпей келишет экен.

Жумагүл Тентиева менен Майрамбүбү Жусупбекова кыргыз журналистикасынын азыркы абалына дайыма байкоо салып турушат.

- Бийлик тараптан журналисттерге кысым көрсөткөн учурлар болду. Айрым журналисттерди өлтүрүп кеткен окуялар да болду. Ага карабай, кыргыз журналистикасында кемчиликтерди ачыкка чыгаргандар, бийликтегилерге карата сынды ачык жарыялап жатышат. Кыргызстандагы журналисттерде дем күчтүү,- деген Жумагүл айым кыргыз журналистикасындагы кемчиликтерди да айтып берди:

- Кайталанма макалалар көп. Бир басылма жазган теманы башкалары да жазат. Жаш журналисттерде изденүү азыраак. Гезиттерди барактасаң, башка тилде чыккан макалаларды кыргызчага которуп, өзүнүкү кылып жарыялап жүрүшөт.

Майрамбүбү Жусупбекова болсо журналисттер саясатка гана басым жасап, карапайым элдин турмушуна көп көңүл бурбай жатканына кейийт. Журналист болуп иштеп калса, айылдагы көйгөйлөргө көбүрөөк ыктоону максат кылыптыр:

- Айылда көйгөй чачтан көп. Аны чагылдырып, көрсөтүш керек. Башкалар билүүгө тийиш.

Апалар окуп жаткан "Журналистика мектеби" быйыл апрелде иш баштады. Окуу мөөнөтү эки айлык. Акысы окуу планына жараша 4000ден 7000 сомго чейин. Жумагүл Тентиева менен Майрамбүбү Жусупбекова жай келери менен сертификатка ээ болобуз деп турушат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG