Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:04

Аялдардын саясаттагы ролу талкууланды


Бишкекте партиялар аралык аялдардын коалициясы аркылуу парламенттеги аялдардын таасирин кеңейтүү боюнча форум өттү. Форум бир катар эл аралык уюмдардын демилгеси менен уюштурулган. Форумга катышкан кабарчыбыз Эдил Сапарбек уулу түз ободо маалымат берди.

- Партиялар аралык аялдардын коалициясы парламентте түзүлгөн бекен? Бул боюнча кандай маалыматтар айтылды?

- Расмий коалиция түзүлбөйт. Бул фракцияларга мүчө болгон аялдардын ортосунда кандайдыр бир уюм түзүү аракети болуп жатат. Мындай уюм түзүү мүмкүнчүлүгү бар болгонун эл аралык уюмдардын өкүлдөрү партияларга мүчө айымдарды чогулутуп алып, ушул тууралуу форум өткөрүп, маалымат беришти.

- Негизги кайсы маселелер талкууланды?

- Парламентте, дегеле Кыргызстандын саясатындагы айымдардын активдүүлүгүн белгиленип, алардын ролу, орду, бул багытта жүргүзүлө турган иш аракеттер айтылып, алар кантип бириге алат, өзүнүн кызыкчылыктарын жана башка маселелерде кандай аракеттер көрүлүш керек өңдүү суроолорго жана айымдардын аракеттери талкууланды.

- Азыр жаңы бекитилген өкмөттүн курамында аялзатынын өкүлдөрү болбогону айтылууда. Мунун себептери туурасында дагы көз караштар айтылдыбы?

- Бул өтө деле баса белгиленген жок. Бирок негизинен форумдун катышуучулары бул көрүнүшкө кабатырланууларын билдиришти. Айрым эл аралык, ЕККУ өңдүү уюмдардын өкүлдөрү Кыргызстан демократиялык өлкө болгондуктан мамлекеттик ар бир структурада айымдардан болуш керектигин белгилешти.

- Өкмөт мүчөлөрүнөн кимдер катышып жатат?


- Өкмөт мүчөлөрүнөн эч кимди байкаган жокмун. Бирок бул жерде 50дөй адам чогулса, алардын 45ке жакыны айымдар. Булар: парламенттеги беш фракциянын мүчөлөрү жана ошол партиялардан депутаттар да катышты.

XS
SM
MD
LG