Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:16

Момбеков: Депутаттык комиссия көп нерсени жашырып койгон


Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

Жогорку Кеңеш 18-июнда Стамбулда өлтүрүлгөн кытай жараны Айеркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө үчүн түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусун укту. Комиссиянын корутундусу добушка коюлганда депутат Рыскелди Момбеков гана каршы добуш берди.

Ал комиссиянын корутундусу тууралуу "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

"Азаттык": Түркияда өлтүрүлгөн кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө жана анын Кыргызстандагы иштерине байланыштуу түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссия жети ай иштептир. Анын парламентке алып келген корутундусуна сиз канааттандыңызбы?

Рыскелди Момбеков: Мен жалгыз гана корутундуга каршы добуш бердим. Анткени, корутундуну толугу менен окуп чыктым. Корутундуга жалгыз гана депутат Мирлан Жээнчороев кол койбоптур.

44 барактан турган корутундуда "Азаттык" келтирген фактыларды булар аныктаганга, ачыктаганга аракет да жасабаптыр. Тескерисинче, "Азаттыкты" каралаганга аракет жасаптыр. Мен ушундай бааладым.

Эми карап көрсөңүздөр, "кылмышка шектүү деп кармалып, камакта жаткан адамдын көрсөтмөсү менен Али Токтакуновго укуктук баа берилсин" дейт.

Али Токтакунов алып барган фактыларды биз аныктай алган жокпуз дейт. Аныктай алышпаса, анда эмнеге "6 миллиард 549 миллион сом бюджетке түшпөй калганы боюнча өкмөт аракеттерди көрсүн" деп жатышат.

Алар бир жагынан фактылардын бар экенин моюнуна алып, кол коюп туруп өкмөткө берип жатат. Бирок аларды ачык айтпайт. Көз каранды корутунду болуп калыптыр деген эле пикирге келдим.

"Азаттык": Эмне үчүн корутунду сиз айткандай калыс эмес, талаштуу болуп калды деп ойлойсуз?

Рыскелди Момбеков: Корутундуда бардыгын өздөрү ачыктап койгондон кийин аны жалпыга маалымдоо каражаттарына таратса болмок. Эмне үчүн муну парламент жайкы эс алууга тарай турган чакта чыгарып жатышат?

Былтыр ушул убакта "КТ мобайл" боюнча дагы парламенттик комиссия корутунду чыгарып, анан кетип калып, көпчүлүктөн көмүскөдө калтырган. Азыр деле ошондой болуп жатат.

Эми корутундуга жети ай иштеп, 700 миллион доллардын тегерегиндеги эч бир нерселерди таппай, ошол эле кезде тергөөнүн купуялуулугун ачыктап койгонучу. Кээде таң каласың да, убактылуу комиссияны түзгөндө биз ушуларды бер десек, "тергөөнүн купуялуулугу үчүн биз муну айта албайбыз, мыйзам жол бербейт" деп коюшат. Бүгүн бардыгын ачыкка чыгарып салышты. Өздөрүнө келгенде мыйзамды каалагандай калчашат. Башкаларга келгенде мыйзамды иштетпей коюп жатышпайбы. Мунун баары корутундуга кол койгон депутаттардын абийиринде.

Мен муну менен эмнени айткым келип турат? Мурда дагы Батукаевдин абактан чыгышы боюнча 5-чакырылыштагы парламенттик комиссия түзүлүп, эч нерсе тапкан эмес. Бирок кийин ачыкка чыгып, мына эми камалып жатышат. Менимче, бул парламенттик комиссия акыркысы эмес. Кийин дагы бул комиссиянын көрбөй койгон жумуштарын иликтей турган дагы бир комиссия түзүлөрүнө ишенип турам. Анткени, көп нерселерди комиссия ачыктаганга аракет жасаган эмес. Тескерисинче, көп нерселерди көмүскөдө калтырганга умтулган.

"Азаттык": Адатта, депутаттык комиссия талаштуу маселеге жооп табуу, саясий баа берүү үчүн түзүлөт эмеспи. Бул комиссиянын корутундусу коомчулукту канчалык ынандыра алды?

Рыскелди Момбеков: Коомчулукту бул комиссиянын корутундусу ынандыра албайт. Ынандырууга аракет болуп, бирок көп нерселерди, бир дагы күнөөлүү кишинин атын атабаптыр. Тескерисинче, ачык айткан кишинин өзүн күнөөлүү дегендей болуптур. Көпчүлүктүн көңүлү кала тургандай эле корутунду чыгыптыр. Ичинде эч нерсе жок. Болгону, тергөөдө айтылган эле сөздөр. "Азаттыкта" айтылган эле сөздөр.

Ошого болгон өкмөттүн жооптору. Эми аны эл көрүп, билип эле турат. Бирок 700 миллион долларды кандайча алып чыгып кеткен? Кимдер көмүскө жардам берген? Кимдер катышкан? Кайсы адамдар жашырган? Кайсы адамдар качырган? Ушулар тууралуу эч нерсе жок.

Бирок бардык жерде “Бул төргөө болуп жаткандан кийин биз айта албайбыз, ачыкка чыгара албайбыз. Муну баары соттон кийин чыгат. Комиссиянын ыйгарым укуктары жок. Бул тергөөнүн иши болгондон кийин юридикалык баа бере албайбыз. Буга экспертиза керек, тигиге да корутунду керек” деп жазып, ачып койгон. Депутаттык комиссия маселени ар тараптуу ачканга аракет жасаган эмес. Бир тараптуу болду десем аша чаппасам керек. Анткени, көп нерсе өзүнөн-өзү эле ачыкталып турат. Анын артына жетиш үчүн бир эле кадам калган. Бирок ошол кадамга да баргандан коркуп коюшкан.

"Азаттык": "Депутаттык комиссиянын корутундусу эске алынсын" деп укук коргоо органдарына тапшырма берилдиби?

Рыскелди Момбеков: Башкы прокуратурага бир топ тапшырмалар берилди. “Ушул тергөө иш мыйзамдуу жүргүзүлсүн. Бул нерселерге укуктук баа, бул көрүнүштөргө укуктук баа берилсин” деп коюптур. Тергөө жүрүп жаткандан кийин тергөөнүн купуялуулугу тууралуу антип айтпаш керек эле. Айткандан кийин анда башка нерселердин баарын айтыш керек эле. Жарым-жартылай, өздөрүнө керек жерин, мисалы Али Токтакуновго тиешелүү жерин ачыктап коюп, калган жактарын жаап койгон. Анда баарын ачыктап, башкаларга карата берилген көрсөтмөсүн да ачыкташ керек. Аларды айткан эмес.

"Азаттык": Башкы прокуратурага анын ичинен укук коргоо органдарына тапшырмалар берилди. Эми укук коргоо органдары канчалык ушул ишти калыс, адилет иликтеп берет деп ойлойсуз?

Рыскелди Момбеков: Мен ишенбейм. Алар парламенттик комиссиянын корутундусунда көрсөтүлгөн нерселерден алыс чыга албайт. Анткени, ал жерде “бул нерселерди гана жасагыла, буларга тийбегиле” дегендей кылып коюшуптур.

"Азаттык": Ошондо депутаттардын ичинен жалгыз сиз каршы добуш бердиңизби?

Рыскелди Момбеков: Жалгыз мен каршы добуш бердим. Калгандарынын бардыгы "макул" деп добуш беришти.

"Азаттык": Депутаттык комиссиянын курамындагы Мирлан Жээнчороев корутундуга кол койгон жок. Ал өзүнүн позициясын эмне менен негиздеп жатат?

Рыскелди Момбеков: Ал комиссиянын корутундусуна каршы болгондуктан, анын курамынан чыгып кетти. "Комиссиянын мүчөсү катары корутундуга келгенде кол койгондон баш тарттым. Анткени, корутундудагы көрсөтүлгөн "фактыларга" каршымын" деп расмий түрдө кечээ арызын жазып берди. Мунун баарын арызында келтириптир. Мен комиссиянын "жыйынтыгына каршымын" деп чыгыптыр. Демек, ал комиссиянын мүчөсү катары корутундуга каршы.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG