Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:55

Жөө жүргөн эл өкүлдөрү жазалансын!


Саясатчынын өз эрки, кайдан каалга жасаса... Kimbaike. 02.4.2011.
Саясатчынын өз эрки, кайдан каалга жасаса... Kimbaike. 02.4.2011.

“Жарымы жалган, жарымы чын, // Азыркынын жомогу. // Жарандардын көөнү үчүн, // Айтпасак деги болобу!” Кайсы бир өлкөнүн парламентинде жабык отурум башталаардагы сөздөрдөн үзүндү.

* * * * * * *

Илгери-илгери эмес эле интернеттик бир заманда бир евразиялык мамлекетте Жогорку жыйын деп аталган парламентте олуттуу бир темада жабык отурум өтүп жатты.

— Урматтуу айымдар жана мырзалар! — деп бир эл өкүлү маселе козгоду. — Бүгүн муну талкуулап албасак, анда парламентаризмдин быт-чыты чыкканы турат. Төлөнчө деген бир кесиптешибиз эл өкүлү деген зор милдет аркалап жатканынан карабастан, парламент үйүнө жөө келип жатат! Аны көрүп уят болуп жатабыз! Мен жердин жети түбүнө түшүп кетчүдөй болуп турам. Тийешелүү фракцияда анын иши каралса, андан соң жалпы парламентте анын жосунсуз жоругу тууралуу атайын токтом чыгарылса жакшы болоор эле. Ушуну мен бүгүнкү отурумдун күн тартибине кезексиз киргизүүнү сунуштайм.

Көпчүлүк добуш менен бул сунуш ушул күнкү парламенттин күн тартибине киргизилип, оболу ачык талкуу башталды.

— Мен да Төлөнчөнүн жоругун айыптайм. Бирок ал жалгыз эмес! — деди дагы бир депутат. — Маселен, Баланча деген кесиптешибиз жанагы акчасы жетишпеген кишилерге окшоп дайыма троллейбус менен ишке келип жатат! Дүйнө жүзү көрсө бизди эмне дейт? Эл өкүлдөрү ушундай бечара акыбалга кириптер болуптур деп баш чайкайт да! Анда "мындай жакыр өлкөгө инвестиция киргизбей эле койсокпу?" деп чет өлкөлүк олигархтар менен корлор да жаа бою качпайбы!

— Туура маселе козгодуңуздар! — деп үчүнчү депутат трибунага атып чыгаар замат “агынан жарылды”. — Биз жеке керт башыбызды гана эмес, жалпы парламенттин болочогун да ойлошубуз керек да! Мен Түкүнчө деген депутаттын маселесин ортого салгым келет. Эми ал, албетте, жөө жүргөн жок, троллейбуска түшкөн жок. Бирок ал саал кымбатыраак унаага – каттамдык минибустарга түшүп жатат. Анысы аз келгенсип, эл өкүлү кызматы үчүн ага бөлүнгөн автоунааны гараждан эч чыгартпай, өзүнүн бечара үй-бүлө мүчөлөрүн базарга, мектепке, бала бакчага, балан-байдыбан сатып алуу үчүн дүкөндөргө коомдук унаа менен жөнөтүп салып жатпайбы! Мындай жорукту коңшу өлкөлөрдүн эч биринен учуратпайбыз! Ушул уяттуу иштерди чогуу карайлык, урматтуу эл өкүлдөрү! Атайын бүжөттө каралган депутаттык кызматтык автоунаа үчүн делген каражатты өздөштүрбөй койгондорду жазалоо үчүн эбак эле мезгил жетти!

— Уят! Уят! Уялып бүттүк булардан! — залдан ар кыл кыйкырык үндөр угулду.

— Мен эл өкүлү деген макамга каршы келген, бетибизге чиркөө болгон мындай бузукулуктарга карата чечкиндүү чараларды көрүү сунушун жактайм! — парламентте анда-санда гана көрүнгөн бир эл өкүлү да чыдабай кетип, талкууга кошулду. — Ээн баштарды коомдук унаадан күчтөп түшүрүп салып, байлап-матап, анан катардагы жер тандабас кызматтык унаага эмес, атайын лимузиндерге салып туруп, барчу жерине атайын эскорт менен жеткирип салып туруу керек. Ошондо булардын көзү ачылат!

— Дароо токтомду токууга киришелик, кесиптештер! Ал эми Төлөнчө, Баланча, Түкүнчөлөргө сөз берүүнүн кажети жок! Алар кылгылыкты буга чейин кылып коюшту, эми убактыбызды коротуп актанып, миң шылтоо айтып отурушпасын! — деди дагы бири. — Опе-ей, жабык отурум деп койосуңар, тээ четте көздөрүн жылтыратып, видеокамераларын кылдыратып, журналисттер отуруп алган го? Урматтуу Төрага, чара көрүңүз!..

Талкуу мындан да кызый турган маалда, журналисттерди парламенттин отурум залынан чыгарып салышты. Ошондуктан окуянын мындан аркы өнүгүшүн азырынча төмөнкү тыныш белги менен гана баяндоого мүмкүн болду: <...>

* * * * * * *

TT

XS
SM
MD
LG