Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:21

Ливиялык козголоңчулар: бир кадам алга, эки кадам артка


Бреганын жанындагы уруштан бир көрүнүш. 31-март, 2011-жыл.
Бреганын жанындагы уруштан бир көрүнүш. 31-март, 2011-жыл.

Ливиянын тышкы иштер министри Британияга баш паанек издеп келди. Буга тушташ АКШ Ливиядагы козголоңчуларды жашыруун колдоого уруксат бергени кабарланды. Ливияда болсо козголоңчулар айрым турумдарын кайра каддафичилерге алдырды.

Британ тараптын ырастоосунда, Ливиянын тышкы иштер министри Муса Куса Лондондун жанындагы Фарнбро аэропортуна 30-мартта Тунис аркылуу келген.

Муса Кусанын Британияга баш паанек издеп келгени жана кызматынан чегингени жөнүндө жарыялап жатып, британ тышкы иштер министри Уильям Хейг Лондон Кусага соттук териштирүүлөрдөн иммунитет берүүнү убада кылбасын, бирок бул окуя Каддафинин режими ичтен ирип жатканын далили экендигин айтты:

- Ал бул жакка өз эрки менен келди жана кызматынан кетип жаткандыгын айтты. Биз азыр муну анын менен талкуулап жатабыз жана чоо-жайын жарыялайбыз.

Биз Каддафинин айланасындагыларды андан баш тартууга чакырып, Ливиянын жаркын келечегин колдоого үндөйбүз. Бул Ливия элинин мүдөөсүнө жооп берген, реалдуу өзгөрүүлөрдү жана саясий жаңыланууну караган келечек болот.

Муса Куса - Каддафи режиминин жогорку даражалуу өкүлдөрүнүн бири. Анын кызматтан чегиниши буга чейин да оппозицияны көздөй маанилүү качуулар болгон Каддафи режими кысым астында бөлүнүп-жарылып, өз ичинен ыдырап жаткандыгын көрсөтүүдө.

Министрлер четинен чыга баштады

Расмий Триполи Муса Куса качып кетти деген кабарды төгүндөп, ал Лондондо “дипломатиялык миссия” менен жүрөт деп ырастоодо. Каддафи анын 40 жылдан ашуун мезгилге созулган бийлигине каршы көтөрүлгөн элге катаал чара көргөндө, буга чейин юстиция жана ички иштер министрлери кызматтан чегинген эле.

Эл аралык коалициянын учактары Каддафинин күчтөрүнө каршы аба соккуларын жасай баштаган 19-марттан бери Ливия өкмөтүнүн жогорку даражалуу өкүлдөрүнүн алгачкысы режимди таштап отурат.

Муса Куса Батышта билим алган, Тышкы иштер министрлигине дайындалганга чейин Ливиянын чалгын кызматын башкарган. Андыктан ал Каддафинин режимин кулатууга жардам берүүчү баалуу маалыматтар менен бөлүшүшү мүмкүн. Муса Куса азыр Британиянын атайын кызматтарына сурак берүүдө.

Бул аралыкта Ливиянын күчтөнө албай жана кайра артка чегинип жаткан козголоңчуларын үмүттөндүрүүчү дагы бир маалымат Вашингтондон түштү. Америкалык басма сөздүн жазганына караганда, президент Барак Обама Борбордук чалгын кызматына ливиялык козголоңчуларды колдоо үчүн жашыруун операция жүргүзүүсүнө уруксат берген жашыруун буйрукка кол койгон.

“Нью-Йорк Тайм” гезити ЦРУ козголоңчуларга жардам берүүчү маалыматтарды чогултуусу үчүн Ливияга агенттерин жөнөткөнүн жазып чыкты. Мындай маалыматтарды ЦРУ азырынча комментарийлей элек.

Ал эми Ливиянын өзүндө бул аптада орун алган уруштар эгер Батыш чечкиндүүрөк чара көрбөсө козголоңчулар жеңилүүгө дуушар болуп калуусу мүмкүн деген ишенимди бекемдегенсиди.

Бирде утуш, бирде жеңилүү ызасы

АКШ, Британия, Франция козголоңчуларды курал менен жабдуу мүмкүнчүлүгүн айтууда, бирок чечим кабыл алына элек. Анткен менен бул идея НАТОго кирген өлкөлөрдүн бир канчасынын жана НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссендин каршылыгын жаратты. Баш катчынын айтымында, НАТОнун максаты “адамдарды курал менен жабдуу эмес, коргоо”.

Козголоңчуларды курал менен жабдууга алардын курамы жана максаты ачык-айкын эмес деп эсептеген Кытай, Орусия, Германия да каршылык билдирген.

Бирок эксперттер эгер чечимге келишсе кээ бир өлкөлөр козголоңчуларды курал менен камсыздоо үчүн НАТОну оңой эле буйтап өтө аларын айтууда. Лондондогу Экономикалык мектептин Жакынкы Чыгыш саясаты боюнча профессору Фаваз Гергес мындай дейт:

- Президент Обама жана Батыштын айрым расмий өкүлдөрү айтып жаткан нерсе – козголоңчуларды курал менен тикелей жабдуу маселеси. Козголоңчулар курал алып жатат. Алар үчүнчү тарап: балким Египет, башка өлкөлөр аркылуу келүүдө. Акысы босо Ливия өкмөтүнүн тоңдурулган активдери менен төлөнүп жатат. Андыктан бул жерде чаташпоо керек. Козголоңчуларды курал менен жабдуу болгон.
Каддафи режими кысым астында бөлүнүп-жарылып, өз ичинен ыдырап жаткандыгын көрсөтүүдө.
Уильям Хейг


Соңку күндөрү козголоңчулар каддафичил күчтөрдүн чагылгандай тез чабуулунан улам деңиз жээгиндеги Рас Лануф, Бин Жавад шаарларын кайра тарттырып жиберишти. Алар Брега шаарынан да өздөрүнүн башкы таяныч бекети Бенгазини көздөй кетүүдө. Батыштан козголоңчулардын колунда турган Мисрата шаарын Каддафинин күчтөрү ургалдуу аткылап жатат.

Козголоңчуларга жашыруун колдоо көрсөтүүгө көрсөтмө алган АКШнын Борбордук чалгын кызматынын Ливиядагы ролу али түшүнүксүз. Бирок анын агенттери козголоңчулардын муктаждыгы боюнча маалымат жыйнары күтүлүүдө. Кокус президент Барак Обама аларды курал менен жабдуу жөнүндө чечим кабыл алып калса, ушул нерсе зарыл болот.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG