Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:07

Министр өлкө аталышына байланыштуу кызматтан кетти


Парламенттин алдындагы нааразылык акциясы. Македония. 11-январь, 2019-жыл.
Парламенттин алдындагы нааразылык акциясы. Македония. 11-январь, 2019-жыл.

Скопье менен Афинынын ортосунда Македониянын аталышы боюнча жаралган талаш-тартыш уланып жатат. Жума күнү македон парламенти өз өлкөсүнүн аталышын "Түндүк Македония" деп өзгөртүүгө макул болду.

Анткен менен Грекияда айрым саясатчылар коңшу мамлекеттин аталышында "Македония" деген сөз такыр болбошун талап кылышууда.

Жекшембиде Грекиянын коргоо министри Панос Камменос кызматтан кетерин жарыялады. Ал коңшу өлкөнүн жаңы аталышында "Македония" деген сөз такыр болбошу керек деген пикирде. Кызматтан кетүүсүнүн башкы себеби ушул экенин айткан Камменос өзү жетектеген "Көз каранды эмес гректер" партиясынын өкмөттөгү өкүлдөрү да кызматтарын тапшырарын кошумчалады.

- Мен премьер-министр менен жолуктум. Биз көпкө сүйлөштүк. Төрт жыл ичинде биз бир өкмөттө иштедик. Саясий көз караштары бири-биринен караманча айырмаланган эки партия коалиция түзүп, өлкөнү кризистен алып чыктык. Биринчи максатыбыз ишке ашты. Македониянын аталышы миңдеген кишилердин өмүрүн алган. Бул үчүн мен кызматымда кала албайм, - деди " Көз каранды эмес гректер" партиясынын лидери Панос Камменос.

Анын мындай чечиминен кийин Грекиянын премьер-министри Алексис Ципрас өкмөткө ишеним көрсөтүү боюнча сунушун парламентке добушка коюуну спикер Никос Вуцистен суранды. Ал өкмөт депутаттардын ишенимине ээ болуп, күзгө чейин өз ишин жыйынтыктоого мүмкүнчүлүк аларына үмүттөнөрүн кошумчалады:

Грекиянын премьер-министри Алексис Ципрас. 13-январь, 2019-жыл.
Грекиянын премьер-министри Алексис Ципрас. 13-январь, 2019-жыл.

- Мен Панос Каменностон жана башкалардан так чечимдерди жана так сүйлөшүүлөрдү талап кылдым. Ошондой эле мен Камменоско ушул жылдары бирге жетишкен иштерибиз үчүн эле эмес, коалицияга кошулганы үчүн да ыраазычылык билдирем. Бүгүн ал коргоо министринин кызматынан кетерин жарыялап, өзүнүн партиясындагы министрлерди да иштен кетүүгө чакырарын билдирди. Мен анын кызматтан баш тартышын кабыл алдым. Башкалардыкын да кабыл алам.

​Парламенттик шайлоо Грекияда ушул жылдын октябрь айына белгиленген.

Македон парламенти чечимди колдоду

Македониянын парламенти өткөн жума күнү өлкөнүн аталышын "Түндүк Македония" деп өзгөртүүгө макул болду. Добуш берүүгө катышкан 120 депутаттын 81и Баш мыйзамга киргизилген тиешелүү өзгөртүүнү колдоду. Оппозиция өкүлдөрү бул кадамга бойкот жарыялап, жыйынга барышкан жок. Мамлекеттин аталышын өзгөртүү тууралуу келишим аны грек парламенти ратификациялаган соң күчүнө кирет. Өлкөнүн аталышын өзгөртүү боюнча маселе былтыр күзүндө өлкөдө жыйынтыгы кеңеш берүүчү мааниге ээ болгон референдумга коюлган. Ага катышкандардын көбү жаңы аталышты колдогону менен, калктын 50% азы гана добуш бергендиктен жалпысынан референдум өттү деп эсептелген эмес.

Германиянын канцлери Ангела Меркел жума күнү Афиныга барганда македон парламентинин чечимин толук колдой тургандыгын ишарат кылган.

Тарыхый макулдашуу

Македония менен Грекиянын ортосундагы талаш Македония 1991-жылы Югославиянын курамынан чыкканда башталган. Афины Грекиянын түндүгүндө да Македония деген облус бар болгондуктан коңшусунан аталышын өзгөртүүнү талап кылып, ошондон улам анын Евробиримдикке жана НАТОго киришине жолтоо болуп келген. Бир топко созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин июнь айында тараптар мунасага келишкен. Македониянын өкмөтү өз өлкөсүнүн аталышын Түндүк Македония деп өзгөртүүгө макул болуп, ал эми Грекия коңшусунун эл аралык уюмдарга кошулушуна бут тоспоого убада берген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG