Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:20

Македонияда референдумга эл келбей койду


Македониянын аталышын өзгөртүүгө каршы чыккандар. 30-сентябрь, 2018-жыл. Скопье.
Македониянын аталышын өзгөртүүгө каршы чыккандар. 30-сентябрь, 2018-жыл. Скопье.

Жекшембиде өткөн референдумга катышкан Македониянын тургундары өлкөнүн аталышын Түндүк Македония деп өзгөртүүгө макул болушту. Анткен менен добуш берүүгө калктын 50%дан азы гана катышкандыктан жалпысынан референдум өттү деп эсептелген жок.

Өлкө аталышын өзгөртүүгө каршы болгондор 1-октябрга караган түнү референдумдун өтпөй калышын Скопьенин көчөлөрүндө майрамдап, тууларды көтөрүп, парламент имаратынын алдында бийлеп жатышты.

- Өкмөт шайлоочулардын добуш берүүгө жетиштүү санда катышуусун камсыз кыла албагандыктан, референдум ийгиликсиз аяктады. Ошондуктан Македония Македония бойдон калат жана македондуктар македондук бойдон калышат, эч качан түндүк македондук болушпайт, - деди Скопьенин тургундарынын бири Филип Симяновски.

Жекшемби күнү өткөн референдумга өлкөнүн шайлоого катышууга укуктуу жарандарынын 37 пайызга жакыны гана катышты. Алардын 91,5% өлкө аталышын Түндүк Македония деп өзгөртүүнү жакташты. Референдум добуш берүүчүлөрдүн 50% катышканда гана өттү деп саналмак. Мындай жыйынтык буга чейин өлкө аталышын өзгөртүүгө каршы чыгып келген оппозициянын чырагына май тамызгандай болду. Оппозиция лидери Христиан Микоски өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылды:

- Македония бүгүн макулдашуу алгылыксыз экенин билдирди. Референдум ийгиликке жеткен жок. Зоран Заевдин жана өкмөттүн саясаты максатына жеткен жок.

Жекшембиде өткөн референдумда добуш берип жаткан аял. Скопье. 30-сентябрь, 2018-жыл.
Жекшембиде өткөн референдумда добуш берип жаткан аял. Скопье. 30-сентябрь, 2018-жыл.

​Референдумду бойкот кылууга калкын өлкө президенти Георге Иванов да чакырган. Анткен менен премьер-министр Зоран Заев Македониянын аталышын өзгөртүү үчүн бардык күчүн үрөй турганын билдирди:

- Мен билем, оппозиция билет жана бардык жарандар билет - Греция менен мындан жакшы макулдашуу болушу мүмкүн эмес. Мындан тышкары Македониянын Евробиримдикке жана НАТОго мүчө болушка альтернатива жок. Келгиле, биздин биримдигибиз жана Македониябыз менен ойногонду токтотолу. Македон парламентинин ар бир мүчөсүнө жеке кайрылып, айтарым - келгиле улуттук кызыкчылыкты, жарандардын кызыкчылыгын жана мамлекеттин стратегиялык кызыкчылыгын саясат менен партиянын кызыкчылыгынан жогору коелу.

Македониянын премьер-министри Зоран Заев референдумдан кийин сүйлөп жатат. 30-сентябрь, 2018-жыл. Скопье.
Македониянын премьер-министри Зоран Заев референдумдан кийин сүйлөп жатат. 30-сентябрь, 2018-жыл. Скопье.

Соңку чечимди парламент кабыл алат

Македониялыктар кандай добуш берсе да референдумдун жыйынтыгы кеңеш берүүчү гана мааниге ээ. Баш мыйзамга ылайык, соңку чечимди парламент кабыл алары маалым. Өлкө аталышын өзгөртүш үчүн мыйзам чыгаруучулардын үчтөн экисинин колдоосу зарыл. Референдумдун жыйынтыгын эске алуу менен талдоочулар Заевдин өкмөтү парламентте көпчүлүктүн колдоосун табарынан күмөн санап турушат. Өкмөттөгү расмий өкүлдөр аларды парламент депутаттарынын көбү колдойт деп ишенип жатышат.

Австриядагы Грац университетинин профессору Флориан Бибердин айтымында, референдум ийгиликсиз аяктап, жыйынтыгы өкүнткөнү менен добуш берүүгө катышкандардын көбү өлкө аталышын өзгөртүүнү колдогондорун эске алыш керек. Анткени буга чейин деле Македонияда шайлоого катышкандардын саны адатта 70 пайыздан ашчу эмес. "Алдыда дагы көп сыноолор күтөт"-деп жазды Бибер "Твиттердеги" баракчасына.

Коңшу Грекия референдумдун "карама-каршылыктуу" жыйынтыгын белгилеп, Афины менен Скопьенин ортосунда келишилген макулдашуунун оң дараметин сакташ үчүн коңшусун кылдат чечим кабыл алууга чакырды.

"Улутчулдук, күнүмдүк жалган маалыматтар, экстремизмге негизделген фанатизм, тилекке каршы, макулдашуунун артыкчылыктарын туура баалоого мүмкүнчүлүк бербей жатат" - деп жазылат Грекиянын Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө.

Евробиримдиктин кеңейүү иштери боюнча комиссары Йоханнес Хан Грекия менен Македониянын ортосундагы макулдашуу бардык тараптардын колдоосуна ээ экенин айтты. Ал Македониянын саясий лидерлери өлкө кызыкчылыгын эске алуу менен туура чечим кабыл алышарына үмүттөнөрүн "Твиттердеги" баракчасына жазды.

АКШнын Мамлекеттик департаменти референдумдун жыйынтыгын кубаттаарын жана Македония менен Грекиянын ортосунда түзүлгөн макулдашуунун аткарылышын колдой тургандыгын билдирди. Мекеме тараткан билдирүүдө тарыхый макулдашуу Македонияга НАТО менен Евробиримдикке кирүүгө шарт түзүп, аймактык туруктуулукка, коопсуздукка жана өркүндөп-өнүгүүгө салым кошору белгиленген.

Тарыхый макулдашуу

Македония менен Грекиянын ортосундагы талаш Македония 1991-жылы Югославиянын курамынан чыккандан тартып башталган. Афины Грекиянын түндүгүндө да Македония деген облус бар болгондуктан коңшусунан аталышын өзгөртүүнү талап кылып, ошондон улам Евробиримдикке жана НАТОго киришине тоскоолдук кылып келген. Бир топко созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин июнь айында тараптар мунасага келишкен. Македониянын өкмөтү аталышын Түндүк Македония деп өзгөртүүгө макул болуп, ал эми Грекия коңшусунун эл аралык уюмдарга кошулушуна бут тоспоого убада берген.

Македониянын премьер-министри Зоран Заев жана Грекиянын өкмөт башчысы Алексис Ципрас тарыхый макулдашууга кол коюлгандан кийин. 17-июнь, 2018-жыл.
Македониянын премьер-министри Зоран Заев жана Грекиянын өкмөт башчысы Алексис Ципрас тарыхый макулдашууга кол коюлгандан кийин. 17-июнь, 2018-жыл.

Анткен менен бул макулдашуу эки тарапта тең нааразылык акцияларына түрткү болду. Македониялыктардын айрымдары өлкө аталышын өзгөртүүгө караманча каршы болушса, грекиялыктардын айрымдары коңшу мамлекеттин аталышында "Македония" деген сөз такыр болбошун талап кылышкан. Мындан улам маселе референдумга коюлган.

Эки жылдык каржы кризисинен кийин 1,8 миллион калкы бар Македониянын экономикасы өтө начар абалда. Жумушсуздуктун деңгээли 20 пайыздан жогору. Өлкөдө орточо айлык 400 долларды түзөт. Бул аймактагы эң аз маяна болуп саналат.

Талдоочулардын айтымында Македония сыяктуу Балкан мамлекеттеринин европалык жана трансантлантикалык түзүмдөргө аралашуусу аймактагы туруктуулукка жана өнүгүп-өсүүгө өбөлгө түзмөк.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG