Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:53

Медиа: Талаштуу ЖМК мыйзамы, 24.kg агенттигинин иши


24.kg сайтынын жетекчиси Асел Оторбаеваны суракка алып бараткан учур. Бишкек. 2024-жыл.
24.kg сайтынын жетекчиси Асел Оторбаеваны суракка алып бараткан учур. Бишкек. 2024-жыл.

6-февралда “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” талаштуу мыйзам долбоору парламент комитетинин күн тартибинен алынды. Буга чейин документти эки комитет колдогон. Ал арада Бишкектин Биринчи Май райондук соту 24.kg агенттигинин кеңсесин ачып берүү жөнүндө өтүнүчүн карап, четке какты.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери боюнча комитетинин жыйынында “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору Орусиянын мыйзамынан көчүрүлгөнү, айрым жоболору өтө эле катаал экени сынга алынды. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги талаш жараткан жоболорду карап чыгарын билдирүүдө.

Депутат Жанарбек Акаев журналисттердин ишмердүүлүгүн кескин чектей турган жоболорду камтыган ЖМК мыйзамын сындап, комитеттин күн тартибинен алып салууну сунуштады. Депутат документке анализ жасап чыкканын белгилеп, мыйзам долбоорунун 95% Орусиянын мыйзамынан көчүрүлгөнүн билдирди.

“Журналисттер облустардагы ар бир мекемеден аккредитациядан өтүп чыгышы керек экен. Анда эч кимди иштетпей эле жаап салбайлыбы. Мыйзам долбоорун анализдеп чыктым. 95% Орусиянын мыйзамдарынан көчүрүлүптүр. Кээ бир беренелери 94-98% чейин көчүрүлгөн. Биз документти бул боюнча кабыл алганыбыз болбойт. Министрлер кабинетинин журналисттерде анча-мынча жоопкерчилик болушу керек дегени туура. Ага эч ким каршы эмес. Бирок аккредитациядан өтүшү керек, күбөлүк бериш керек дегендерди жөнгө салсак болот”, - деди Жанар Акаев.

Комитет жыйынына маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов өзү катышты.

Максүтов Министрлер кабинетинин мыйзам долбоорунун өзөгүн колдоп берүүнү суранып, медиа коомчулук, депутаттар айткан сунуштар эске алынарын убада кылды.

“Аккредитация боюнча башка комиттерде дагы эске алдык. Өзгөртүүлөрдү киргизип жатабыз. Азыр концепциясын кабыл алсак, эки-үч окууда сиздердин сунушуңарды эске алып киргизип жатабыз”, - деди.

Өлкөнүн медиа тармагын жөнгө салуучу мыйзам долбоору ушул вариантта кабыл алынса, журналисттер бардык мамлекеттик мекемелерден аккредитациядан өтүшү керек. Башкача айтканда, кайсы бир облустагы мамлекеттик мекеме журналистти аккредитациядан өткөрбөй, маалымат бербей коюуга шарт түзүлөт. Ал эми журналисттин негизги максаты коомчулук кызыктырган суроолорго жооп алуу.

Мыйзамдын баяндамачысы, министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгулов “Азаттыкка” долбоордогу өзгөртүүлөр жөнүндө айтып берди.

“Медиа өкүлдөр, депутаттар ошол аккредитация маселесине кооптонуп жатышат. Кенедей оорукана же мекемеге барышы үчүн журналист аккредитация алышы керек. Бул бир аз туура эмес формада жазылып калган. Кайра карап чыгабыз. Кайра каттоо боюнча Санарип министрлигинде веб-сайттар сөзсүз катталышы керек деген позициядабыз. Юстиция министрлигиндеги теле-радио, журнал-гезиттер дагы кайра катталуусун колдойбуз”, - деди Эсенгулов.

Министрдин орун басарынын айтымында, мыйзам долбоорунда сунушталган журналисттердин аккредитация маселеси жокко чыгарылышы мүмкүн. Бирок бардык медианы кайра каттоону министрлик колдоп жатат.

Мыйзам долбоорун окуп чыккан айрым серепчилер документ кабыл алынса ар кандай жүйө менен эркин медиа каражаттарын кайра каттабай коюу коркунучу бар экенин эскертишүүдө. Ошондой мыйзам долбоорунда “сөз эркиндигин кыянаттык менен колдонуу” деген жалпы түшүнүктөр камтылган чектөөлөр бар экенин айтышат.


Медиа эксперт Марат Токоевдун пикиринде азыркы иштеп жаткан ЖМК мыйзамы журналисттердин иштешине шарт түзөрүн айтып, жоопкерчиликке байланыштуу алымча-кошумча, өзгөртүү киргизүү менен колдоно берсе болот.

“Колдонуудагы мыйзам азыркы медиалардын иштешине толук шарт түзөт. Ал эми жоопкерчилик боюнча толуктоо киргизип койсо болот. Азыркы онлайн басылмаларга ылайыктап колдонуп, мыйзамды иштетсе болот. Журналисттерди жөнгө салууга кошумча мыйзамдын кереги жок”, - деди.

Бир нече жолу Жогорку Кеңештин комитет жыйындарынын күн тартибинен алынган мыйзам долбоору 30-январда эки комитеттен биринчи окуудан өткөн.

Журналисттердин ишмердүүлүгүн жөнгө салган мыйзам долбоору 2022-жылдан бери талкууланып, талаш жаратып келет. Эл аралык коомчулук кыргыз бийлигин ЖМК мыйзамын кабыл алууда медиа коомчулуктун пикирин эске алууга чакырган билдирүүлөрдү байма-бай жарыялап жатат. Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин жана аны коргой турганын кайталап келет.

24.kg: Журналисттер кеңсеси жок ишти улантууда

6-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук соту 24.kg агенттигинин өтүнүчүн карап, четке какты. Адвокат соттон тергөөчүнүн маалымат агенттигинин кеңсесин тинтүү учурунда адвокаттарды киргизбегенин, журналисттерге кеңседе ишин улантуусуна тыюу салышын мыйзамсыз деп табууну жана журналисттерге маалыматтарды эч кимге айтпоо талабын мыйзамсыз койгонун таанууга чакырган. Сот адвокаттын өтүнүчүн жабык карады.

Судья Миран Шерматов жана Турат Бекенов тергөөчүнүң аракеттеринде мыйзамсыздык жоктугун белгилеп, адвокаттын өтүнүчүн четке каккан.

Адвокат Нурбек Сыдыков райондук соттун чечимине карата Бишкек шаардык сотуна даттануу жолдонорун да кошумчалады.

“Сотто үч даттануу каралды. Алар 24.kg маалымат агенттигинин директору Асел Оторбаева башкаларга маалымат бербөө боюнча кепилдик алынганы туура эмес болгону, кеңсени тинтүү учурунда адвокаттарды киргизбегени тууралуу жана журналисттерге кеңсе кирип, ишин улантууга мүмкүнчүлүк берүүнү соттон суранышкан. Себеби, азыр 24.kg маалымат агенттигинин кеңесеси жабык, тергөөчүлөрдүн мөөрү басылып турат. Сот бул өтүнүчтөрдү канааттандырган жок”.

6-февралда Кыргызстандагы белгилүү медиа уюмдар, жалпыга маалымдоо каражаттары, укук коргоочулар, медиа эксперттер жана журналисттер тобу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жолдоп, 24.kg маалымат агенттигинин кеңсесин ачууга чакырды.

Атайын кызмат 24.kg агенттигинин кеңсесине мөөр басып, техникасын алып кеткенине 20 күндөн ашты. Маалымат агенттигинин жетекчиси Асел Оторбаева порталдын айланасындагы иштер боюнча Улуттук коопсуздук мамлекетик кызматынын төрагасы Ташиевге кайрылган. Анда 24.kg агенттигинин кеңсесинин жабылышы журналисттердин кесиптик ишмердигине кедергисин тийгизери, алар өз милдеттерин толук кандуу аткара албай турганы жазылган. Ага жооп боло элек.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызмат өткөн айда 24.kg кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, техникасын алып кетип, редакторлорун суракка алган. Редакцияга “Согушту пропагандалоо” беренеси боюнча иш козголуп, тергөө жүрүүдө.

24.kg агенттигинин жетекчиси Асел Оторбаева өзүнүн Фейсбук баракчасына соңку жагдай тууралуу жазып, иш жүзүндө журналисттер кесиптик, иштөө укугунан ажырап жатканын белгиледи. Анын жазганына караганда, кеңсеге мөөр басылып жабылгандыктан, агенттиктин кызматкерлери учурда аралыктан иштеп жатат. "Бул көптөгөн ыңгайсыздыктарды жана көйгөйлөрдү жаратат", - деп жазган Оторбаева.

Асель Оторбаева.
Асель Оторбаева.

"Ошол эле учурда мен өнөктөштөр жана мамлекеттик органдардын алдындагы өзүмдүн милдеттеримди аралыктан аткара албай жатам. Анткени тергөөчү биздин техника, мөөр, документ, телефондорубузду алып кеткен. Ошол бойдон кайтарып бере элек. Бул абалда кайтарып берүү ниеттери жоктой. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөөчүсү биздин агенттиктин кеңсесин ачып, мүлкүн камактан чыгаруу боюнча өтүнүчтү канааттандырган жок. Эмне үчүн биз өзүбүздүн кеңсебизде иштебешибиз керек дегенге УКМК аргументтүү жооп бере алган жок", - деп жазды ал.

Мунун алдында агенттиктин жетекчиси порталдын айланасындагы иштер боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы (УКМК) Камчыбек Ташиевге кайрылган. Сайтка чыккан кайрылууда 24.kg агенттигинин кеңсесине мөөр басылып жабылганы журналисттердин кесиптик ишмердигине кедергисин тийгизери, алар өз милдеттерин толук кандуу аткара албай турганы жазылган.

“Алар үй-бүлөлөрүн багышат, көп кызматкерлердин насыялары бар. Агенттиктин ишине коюлган чектөөлөр 24.kg порталынын кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөө жана төлөө боюнча келишимдерде каралган милдеттердин өз убагында аткарылышына таасирин тийгизиши мүмкүн”, - деп айтылат Оторбаеванын кайрылуусунда.

Оторбаева керектүү келишим, документтердин бардыгы жабылган кеңседе калгандыктан, санкциялык айыптар салынып, Салык кызматы, Социалдык фонд сыяктуу мамлекеттик мекемелерге каражат төлөй албай жатканын жазды. Муну ал бийликтин 24.kg агенттигин банкрот деген негизде жабуу максаты деп белгилеген. Ошондой эле айрым жарнама берүүчүлөр 24.kg менен "келишимди үзүүгө мажбур болуп жатышканын моюнга алышууда", - деди Оторбаева.

15-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери Бишкекте 24.kg агенттигинин кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, техникасын алып кетип, директору Асел Оторбаеваны, башкы редакторлор Махинур Ниязова менен Антон Лымарды суракка алган.

Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Согушту пропагандалоо” беренеси боюнча тергелип жатат. Атайын кызмат иш кайсы материал же маалымат боюнча ачылганын тактай элек.


"24.kg агенттигинин журналисттери эч качан согушту үгүттөгөн эмес, бир өлкөнүн экинчи өлкөгө агрессиясын жактоо максатын көздөгөн эмес", - деген Оторбаева.

Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 24.kg маалымат агенттигинин кеңсесин ачып, мүлкүн камактан чыгаруу боюнча өтүнүчтү канаттандырган эмес. Басылма өзүнүн сайтына жазганына караганда, Атайын кызматтын башкы тергөө башкармалыгынын катында редакция жетекчилигинин өтүнүчү эмне себептен четке кагылганын көрсөткөн эмес. Анда болгону бул иш боюнча зарыл болгон ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатканы айтылган.

"Тергөөнү кеңсени жаппай деле улантса болот"

"Журналисттер" коомдук уюмунун төрагысы Нурдин Дүйшөнбеков юридикалык көз караштан алып караганда кеңсени ачуу же техникаларды кайтаруу иштери тергөө, сот иштери бүткөнгө чейин созулуп кетиши ыктымал экенин белгилеп жатат. Анын айтымында, бул журналисттердин буга чейин чогултуп жаткан материалдары, иликтөөлөрү коомчулукка жарыяланбай калат.

Нурдин Дүйшөнбеков.
Нурдин Дүйшөнбеков.

"Бизде болгон маалыматка караганда, иш козголгондо негизи коомчулукка жарыяланган макала боюнча болду да. Болгондо дагы интернетке, социалдык тармактарга жайгаштырылды. Ага юридикалык документ катары мөөр басылбайт. Ошондуктан аны алып кеткенге эмне зарылчылык бар? Кеңседе журналисттер колдонуп жүргөн техникалар калды. Бул материалдын сапатына таасирин тийгизет. Экинчиден, бир нече айдан же бир нече аптадан бери чогултуп жаткан маалыматтар, статисткалар, жарым-жартылай болуп калган материалдар козголгон ишке тиешеси жок болсо дагы ошол компьютерлерде калып калышы ыктымал. Бул дагы ишти оорлотот. Бухгалтердик иштер жана мөөрдүн буга тиешеси жок экенин логика жактан деле түшүнүктүү болуп жатпайбы. Эгер далил болор материалдар деп материалга тиркеп койсо, анда тергөө бүтмөйүнчө чыкпайт. Чындап эле бул 24.kg - олуттуу, көрүнүктүү, күчтүү медиа агенттиктин бири. Канча жылдан бери так, даана, үзүлтүксүз маалымат менен камсыз кылып турду. Анын өлкөдө маалымат чөйрөсүндө салымы чоң, биз ошондон айрылып кала тургандай болуп жатабыз".


Журналист Аскер Сакыбаева бийликтин эркин медианы жабуу иши өлкөнүн абалына да олуттуу таасир этерин эскертти. Ал мекеменин ишин токтотпой, кеңсесин жаппай деле тергөөнү уланта берсе жакшы болот эле деген ойдо.

Asker Sakybaeva journalist
Asker Sakybaeva journalist

"Тилекке каршы, акыркы кезде укук коргоо органдарынын күч көрсөткөнүн гана көрүп жатабыз. Мунун арты дайыма эле жакшылык менен бүтпөйт. Айрыкча маалымат каражаттарына келгенде үстөмдүк көрсөтүү, иштөөсүнө тоскоолдук жаратуу, бара-бара таратып, жок кылуу максатын көздөгөндөй таасир калтырат. Албетте, 24.kg агенттигиндеги кесиптештердин акыбалы баарыбызды ойлонтот. Ойдо жок жерден кандай гана маалымат каражаты болбосун башына ушундай иш түшүп калуу мүмкүндүгү ар бир кадам сайын жолугуп жатат", - деди журналист.

Буга чейин бир катар эл аралык уюмдар журналисттердин үйлөрүн тинтүү менен жапырт кармалышына жана 24.kg маалымат агенттигинин жетекчилеринин суракка алынышына байланыштуу кабатырлыгын билдиришкен. Алар кыргыз бийлигине кайрылуу жолдоп, өлкөдө сөз эркиндигин, жарандардын өз оюн эркин айтуу укугун коргоого чакырышкан. Бишкекте медиа уюмдардын өкүлдөрү жыйын куруп, журналисттердин жапырт камалып, суракка чакырылышын сынга алышкан. Алар сөз эркиндигине басым жасоо, журналисттерди куугунтуктоо өлкөнүн Баш мыйзамына каршы келерин белгилеп жатышат.

Эркин журналист Мирлан Дүйшөнбаев өлкөдө сөз эркиндигине чектөө жоктугун белгилеп, муну менен катар жоопкерчиликти дагы эстен чыгарбоо зарылдыгын белгилеп жатат.

Мирлан Дүйшөнбаев
Мирлан Дүйшөнбаев

"Сөз эркиндигин абсолюттук мааниде кабыл албаш керек. Эгер ошондой кабыл алып, ошондой пайдалансак, анда өлкөдө, охлократия, хаос, башаламандык болот. Каалаганыңды жаза бер, каалаганды тарката бер деп эч кандай чара көрүлбөсө, Кыргызстан жунгли токоюнан айырмасы болбой калат. Конституция менен жашаган мыйзамдуу өлкө болгондон кийин, айрым аракеттерге, журналисттик ишмердикке укуктук баа берилип, чаралар көрүлүш керек да. 24.kg агенттигине деле ошондой эле аракет болуп жатат. Мыйзамга каршы аракети болсо, укуктук жоопкерчилигин алат, эгер бул иштин аягында саясат турса, чын эле агенттиктин ишин токтотуу аракети болсо, ал деле ачыкка чыгат", - деди Дүйшөнбаев.


Президент Садыр Жапаров 19-январда “Кабар” мамлекеттик агенттигине курган маегинде 24.kg агенттиги тууралуу учкай пикирин билдирип, тергөө жүрүп жатканын, бул иштер мыйзам талап кылгандай уланышы керектигин белгилеген.

Мамлекет башчы Кыргызстанда ар бир жарандын мыйзам алдындагы жоопкерчилигин эске салып, журналисттер менен блогерлер так маалымат таратуу үчүн жоопкер экенине токтолгон.

Жапаров Кыргызстанда сөз эркиндиги бардыгын, бирок жалпыга маалымдоо каражаттарына байланыштуу мыйзамдар сакталышы керектигин айтты.

"Биз сапаттуу иликтөөчү журналистиканы колдойбуз. Бирок көп учурда блогерлер “чымындан пил жасаган” фактыларды жайылтып же коомчулукту манипуляция кылып, дүрбөлөңгө салуу менен алек. Алардын материалдары ойдон чыгарылган маалыматтар менен эмес, фактылар менен бекемделиши керек. Биз коомдо көп пикирдүүлүктү колдойбуз, бирок мамлекеттин жок болушуна, тагыраагы, жоопкерчилиги жок сөз эркиндигине каршыбыз. Биздин эркиндигибиз Кыргызстандын кызыкчылыктарын коргошу керек”, - деген президент.

Жапаров демократиялык өнүккөн өлкөлөрдө да сөз эркиндигин кандайдыр бир саясий максатка, коомдо туруксуздукту пайда кылуу үчүн колдонгондорго чектөөлөр бардыгын, андыктан Кыргызстанда да улуттук коопсуздукту коргоо үчүн зарыл чаралар көрүлүшү керектигин белгиледи.

Былтыр ноябрда Адам укугу боюнча эл аралык өнөктөштүк уюму (International Partnership for Human Rights - IPHR) жана Укукту өркүндөтүү фонду (Legal Prosperity Foundation - LPF) Кыргызстандагы адам укугу, саясий, сөз эркиндиги жаатындагы абалды талдаган баяндамасында бийликти сындаган жарандык активисттер, журналисттер, блогерлер басым-кысымга, куугунтукка кабылып жатканын белгилеген.

Бул багыттагы жагдай Клооп басылмасынын, 24.kg агенттигинин тегерегиндеги абал, 11 журналисттин жапырт кармалышын эске алганда, дагы начарлашы ыктамал.

  • 16x9 Image

    Канымгүл Элкеева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG