Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:52

Соттук-медициналык экспертиза талашка түштү


Лаборатория.
Лаборатория.

Кыргызстанда 2017-жылы 22 миңден ашуун адамга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, 4363 маркумдун сөөгү иликтөөдөн өткөн. Бирок калк арасында соттук- медициналык иликтөөнүн жыйынтыгына нааразы болгондор четтен чыгат.

Ушу тапта Кыргызстанда соттук психиатрия боюнча тогуз гана адис иштейт. Бул тармак техникалык жактан да аксап келет. Маселе Жогорку Кеңеште бир нече жолу көтөрүлгөн. Ошол эле учурда соттук-медициналык эксперттин айлыгы абдан аз, иштөө шарты начар.

Анткен менен тармакты башкарууну өкмөттүк органдар эмнеге талашып жатат? Кыргызстанда адам укуктары менен сот адилеттигинин башкы кепили боло турган соттук-медициналык экспертизанын деңгээли эмнеге төмөн?

"Арай көз чарай" берүүсүндө ушул маселе талкууланды. Ага Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардам жана дары саясаты бөлүмүнүн жетекчиси Кубанычбек Калмаматов, медициналык жардамды уюштуруу боюнча эксперт Бурул Макенбаева жана укук коргоочу Рита Карасартова катышты.​

"Арай көз чарай" талкуусу.
"Арай көз чарай" талкуусу.

"Азаттык": Соттук-медициналык экспертизанын материалдык, техникалык жана кадрдык өксүктөрү аябай көп экени айтылып келет. Ошого карабай бул кызматты эмнеге өкмөт менен Жогорку Кеңеш талашып жатат?

Кубанычбек Калмаматов: Соттук-медициналык экспертиза Саламаттык сактоо министрлигине карайт. Анда 520 адам эмгектенет. Алардын 236сы дарыгер, калганы медициналык жактан тейлеген кызматкерлер.

2016-жылы президент жарлыкка кол коюп, "Ички иштер министрлигиндеги соттук экспертизаны жакшыртуу жана бир органга баш ийдирүү керек" деген талап коюлган.

Кубанычбек Калмаматов.
Кубанычбек Калмаматов.

​Бул жарлыктын негизинде Юстиция министрлигинин карамагындагы соттук- медициналык экспертиза өз алдынча орган болуп бөлүнүп чыккан. Учурда ага Саламаттык сактоо министрлигине караган соттук-медициналык экспертизаны кошуу керек деген маселе жаралды.

Өкмөттүн максаты - бул кызматтын баарын борборлоштуруп, бир жерге топтоо. Бирок бул демилге ишке ашса, кемчиликтер да кошо келип чыгышы мүмкүн. Негизи соттук-медициналык экспертиза мыйзамда калкка "медициналык жардам берүүчү" кызмат катары белгиленген, анын иликтөөчү функциясы жок.

Бурул Макенбаева.
Бурул Макенбаева.

Бурул Макенбаева: "Күч органдарынын ичинде экспертизалар бар" деп айтылбадыбы. Дал ошол эксперттер бир жагынан тергөөнү уюштурат, анан эле кайра иликтөө жүргүзөт.

Башкача айтканда, кайсы бир кылмыш ишиндеги медициналык бүтүмдү чыгаруу бир эле күч органынын колунда болуп жатат. Ушундан улам президенттин 2016-жылдагы жарлыгы дал ошол тергөө органдарынан экспертизаны бөлүүнү көздөгөн.

Бирок саламаттык сактоо органдары тергей албайт да, күч органдары бул тармакты медиктерге өткөрүп бергиси келбей жатат. Себеби, эл аралык уюмдар "эки кызмат бириксе чоң суммадагы каражат бөлөбүз" деген. Бийлик ошого кызыгып жатат.

Альтернативалуу текшерүү жокко эсе

"Азаттык": Деги эле соттук-медициналык экспертизага ишеним көрсөтпөгөн жарандар үчүн кандайдыр бир альтернативалуу, өз алдынча уюм барбы? Ушу күндө эл арасында соттук-медициналык экспертизага ишенбей, "адилетсиз чечим чыгарды" дегендер четтен чыгат.

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

Рита Карасартова: Кандай гана экспертиза болбосун, баары бир адам укуктарына тиешелүү маселе көтөрүлөт.

Себеби, соттук-медициналык экспертизаны ала турган болсок, бир жылда орто эсеп менен 52 миңдей иликтөө жүрөт экен. Бул 52 миң тагдыр дегенге барабар.

Ошондуктан соттук териштирүү адилет болушу үчүн ар бир жаран альтернативалуу, ар тараптуу изилдөө жүргүзө алууга тийиш. Кааласа мамлекеттик же жеке эксперттерге кайрылсын. Бул жагынан анын укугу чектелбеши зарыл.

Бул үчүн мамлекет атайын мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүгө милдеттүү.

Бирок буга өкмөт тоскоолдук кылып жатат. Маселен, январь айында Кылмыш-жаза кодексиндеги жаңы беренелер иштей баштады. Анда соттук-медициналык териштирүүнү "атайын" уюмдар ишке ашыра алаары белгиленген.

Жалпы экспертизага ар түрдүү уюмдар катышып, өзүнүн дарамети жетсе териштиргенге шарт түзүлүшү керек. Тилекке каршы, Бурул айым айткан жарлыкка жабышып алып, милиция өзү тергөө жүргүзүп, кайра эле экспертизаны өзү жасап жатпайбы. Мында "карга карганын көзүн чукубайт" болуп, коррупция менен мыйзам бузууга жол ачылат.

Анан калса соттук-медициналык экспертизанын иш принциптери жана концепциясы чабал. Бул тармакты өнүктүрүш үчүн атаандаштык аянтчасын түзүү учур талабы.

Азыр соттук экспертиза медицинаны да өзүнө кошуп алып, коррупцияны мыйзамдаштыргысы келип жатат. Маселен, өткөндө ушул суроону өкмөттүк жана өкмөттүк эмес уюмдар менен талкуулап жатканда Грузиядан эксперт келди.

Ал: "Силер "мыйзамды жазып, бириктерибиз" дейсиңер, ошол эле кезде бул эки кызматтын кантип иштей тургандыгы тууралуу так концепциясы жок болгондон кийин кантип мыйзам кабыл аласыңар? Кылмыш-жаза кодексинде баары айтылып турбайбы, кошумча мыйзамдын кереги жок", - деди.

Соттук-медициналык экспертиза талашка түштү
please wait

No media source currently available

0:00 0:24:30 0:00
Түз линк

Өкмөт техникага жарыбаганына кайдыгер

"Азаттык": Эгерде бул бириктирүү ишке ашса, бул кызматка кандай артыкчылыктар жана кемчиликтер берилет? Ансыз да материалдык-техникалык базасы алсыз, кадрлар, аны менен катар лабораториялар жетишпей жатпайбы?

Кубанычбек Калмаматов: Ооба, чындыгында азыр абал аябай оор. Жалпыга маалым болгондой, Дача-СУдагы учак кырсыгынан кийин соттук-медициналык экспертизанын жабдууларын жаңыртууга акча бөлүү маселеси Жогорку Кеңеште көтөрүлүп, өкмөт тарабынан кандайдыр бир жардамдар каралды.

Бирок жыл аягы болуп калгандыктан соттук-медициналык экспертиза кызматы аны албай калган. Бул маселе ошол бойдон көтөрүлбөй жатат. Азыр биздеги лабораториялар өтө эски. ДНК анализин жасаш керек болсо, жеке менчик жайларга кайрылууга аргасыз болуп жатабыз.

Рита Карасартова: Акча маселесине келгенде Финансы министрлиги ар дайым жаңы сунуштарды декабрдын башында гана алып чыгат. Бул сыяктуу кызматтарга бир ай эле убакыт берип, "тендер жарыялап чече калгыла" дешет. Албетте, мындай кыска убакыт ичинде эч ким ар тараптуу тендер өткөрө албайт. Ошентип соттук-медициналык экспертизанын техникалык базасын чыңдоого кете турган каражат бөлүнбөй калды. Бул жерде да коррупцияны байкоого болот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG