Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:20

Чукул кырдаалдар министрлигинде чуу чыкты


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын курамы параддан өтүп баратат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын курамы параддан өтүп баратат.

Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдун кеңешчиси Нурбек Жолборсов коррупцияга шек саналып, эки айга камалды.

Ишти караган Аскер прокуратурасы министрдин кеңешчиси эмне себептен кармалганынын чоо-жайын тергөөнүн кызыкчылыгынан улам айткан жок.

Туугандары аны "тергөө менен кызматташпай койгону үчүн" темир тор артына отургузуп коюшканын билдиришти. Ошондой эле кеңешчи ири өлчөмдө пара алып жаткан деген маалымат да чындыкка дал келбей турганын анын жакындары баса белгилешти.

Нурбек Жолборсовдун иши Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси "Коррупция" менен сотко чейинки өндүрүшкө алынганын Башкы прокуратуранын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн прокурору Жаркынай Азиева билдирди:

"Сотко чейинки өндүрүш 20-июнда ачылган. Жолборсов 6-июлда кармалган. Ишти Аскер прокуратурасы карап жатат".

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова кылмышка шектүү Нурбек Жолборсов Бишкектеги №1 убактылуу кармоочу жайына эки айга камалганын бышыктады:

“Камакта отурат. 6-июлда алып келишкен, 6-сентябрга чейин камалган”.

Нурбек Жолборсовдун атасы Жаныбек Жолборсов уулу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чукул кырдаалдардын таасирин жоюу боюнча түндүк борборундагы каржылык кылмыштарга байланыштуу күбө катары чакырылып, камалганын айтты:

"Нурбек күбө катары суракка барган. Тергөө менен кызматташкандар министрге кеңешчиси аркылуу акча берип турганын айтышкан. Ошондон улам Нурбекти прокуратура күбө катары чакырып, тергөө менен кызматташууну сунуш кылган. Нурбек баш тартканы үчүн эки айга камап коюшту. Эч кандай акча менен колго түшкөн жок".

Жолборсов уулунун кармалышында министрликтин алдындагы Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түндүк борборунун башчысы Асылбек Жусубалиевдин көрсөтмөсү роль ойногонун кошумчалады.

Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов "Азаттыкка" кеңешчисинин камалышы жана аты аталып жаткан Асылбек Жусубалиев жетектеген мамлекеттик ишканадагы каржылык мыйзам бузуулар тууралуу комментарий берди.

"Биз март айында Чукул кырдаалдардын таасирин жоюу боюнча түндүк борборун текшере баштаганбыз. Ошондо кассадагы 16 миллион сом жок болуп чыккан. Ошол жакта иштеген жумушчулар "биздин жетекчи иштебей жатат, чара көрүңүз" деп мага кайрылуу жасаган".

Мирзахмедовдун белгилешинче, Асылбек Жусубалиев өткөн айдын башында иштен алынган жана министрликте 10 кишиден турган топ түзүлүп, иликтөө жүргүзүлгөн.

"Алар текшергенде кассадагы 16 миллион сом жок болуп чыккан. Муну Жусабалиев кассадан өзү эле алып койгон болот. Мен ушул 16 миллион боюнча Аскер прокуратурасына "иш козгогула" деп материалдарды өткөрүп бергем. Текшерүү дагы деле уланып жатат. Андан сырткары 37 тонна күйүүчү май, төрт тонна А92 үлгүсүндөгү бензин жок болуп чыгат".

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдында Чукул кырдаалдардын таасирин жоюу боюнча түндүк жана түштүк борборлору бар. Бул мамлекеттик ишканалар ар кандай тендерлерге катыша алат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тапшырган жумуштарды аткарат.

​Азырынча Асылбек Жусубалиевден бул иш тууралуу комментарий алууга мүмкүн болгон жок. "Азаттык" анын пикирин коомчулукка угузууга даяр.

Урандын уусун жойчу "Росатомдун" долбоору

Министр Мирзахмедов министрликтин алдындагы түндүк борбору Орусиянын "Росатом" мамлекеттик концернинин РосРАО ишканасынын субподрядчиги экенин ырастады. "Былтыр бир канча тендерди жеңип алып, төрт-беш объект боюнча иш жасашкан. Эки-үч дамба курушкан" - деди министр. Түндүк борбор Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 30-40 миллион сомдук ишин аткарганын кошумчалады.

РосРАОнун коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Денис Плещенко алардын ишканасы Тоң районундагы Кажы-Сай жана Миң-Куштун аймагындагы Туюк-Суу деген жерлерде көмүлгөн уран калдыктарын зыянсыздандыруу долбоорун ишке ашырып жатканын билдирди.

"Биз Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен иштешебиз. Кыргыз тараптын координатору министрлик, бизден "Росатом". РосРАО - жумушту аткарат" - деди Плещенко "Азаттыкка" берген комментарийинде. Ал ошондой эле тендердин суммасы канча экени тууралуу "кат менен кайрылгыла" деп айткан жок.

Быйыл май айында Кажы-Сайдагы уулуу калдыктар көмүлгөн жерде иштеген жумушчулар айлап эмгек акысын ала албай жатканына арызданышкан. Асылбек Жусубалиев "РосРАО" акча которбой жатат деп, маселени Москваны көздөй бурган. Орусиялык ишканынын баш кеңсеси журналисттерге тиешелүү акча эбак эле Бишкекке которулганын билдирген.

Миң-Куш жашагысы келет (22-ноябрь, 2012-жыл)

2013-жылы Орусия менен Кыргызстандын ортосунда уран калдыктарын зыянсыздандыруу программасы башталган. Анын экинчи этабында - 2017-2023-жылдары Кыргызстандын аймагындагы уулуу калдыктарды рекультивациялоо үчүн курулуш иштери жүргүзүлөт деп пландалган.

Нурипа Муканова.
Нурипа Муканова.

Коррупцияга каршы ишкер кеңештин баш катчысы Нурипа Муканова Жолборсовдун ишинин артында чоң кишилер турган болушу мүмкүндүгүн айтып, прокуратура терең иликтеши керектигин белгиледи:

“Мындай иштер сүйлөшүүлөр аркылуу ишке ашып, анан бир адам күнөөлүү болуп кармалат. Прокуратура түйүндүн учун табышы керек. Бирок бизде андай иштер аягына чыкпайт. Саясий эрк жетпей калабы, билбейм. Транспорт жана жолдор министринин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиев деле ири өлчөмдө пара алууга айыпталып, бирок анын үстүнөн бирөө-жарым көзөмөл кылганбы же жокпу, ачыкка чыкпай жатпайбы”.

​35 жаштагы Нурбек Жолборсов министр Нурболот Мирзахмедов менен ал Сузак районунун акими болуп турган жылдардан бери чогуу иштеп жүргөн. Ага чейин Жалал-Абад мэриясынын жаштар комитетинде жана жаштарга арналган ар кандай долбоорлордо эмгектенген. 2015-жылкы парламенттик шайлоого "Бир Бол" фракциясынын тизмесинде талапкер болгон.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG