Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:13

Митингди чектөө мөөнөтү эмнеге узарды?


Бишкектеги акция, 25-февраль 2022-жыл.
Бишкектеги акция, 25-февраль 2022-жыл.

Бишкекте митинг-пикеттерге тыюу салган чечимдин мөөнөтү дагы үч айга узартылып, 1-октябрга чейин тынч чогулуштарды өткөргөнгө болбойт.

Шаар бийлиги мындай чечим дүйнөдөгү кырдаалды, Бишкектин инвестициялык климатын эске алуу менен кабыл алынганын айтууда. Юристтер болсо чечим мыйзамга каршы келе турганын билдиришти.

Кыргызстандын мыйзамдарында ар бир жарандын тынч чогулуш өткөрүүгө укугу бар экени белгиленген.

Акимиат демилгелеп, сот мыйзамдаштырган тыюу

Тынч чогулуштарга чектөө 2022-жылы март айында, орус элчилиги Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине нота жөнөтүп, элчилик алдында митинг-пикеттерге тыюу салууну сурангандан кийин кирген. Кийин бул чектөө жалпы Биринчи Май районуна жайылып кетти.

Мындай чечимди район бийлиги кабыл алып, аны мыйзамдуу деп табуу өтүнүчү менен сотко кайрылган. Ошондон бери ар эки-үч ай сайын чектөөнүн мөөнөтү гана узартылып келет. Биринчи Май муниципалдык администрациясынын аппарат жетекчиси Медет Кубатбеков тыюу тууралуу буларды айтты:

“Өзүңөр билгендей дүйнө жүзүндө туруксуздук болууда. Бири Орусияны, экинчиси Украинанын колдоп жатат. Биз эми буга аралашпашыбыз керек. Мындан тышкары Биринчи Май району Бишкектин борбордук бөлүгү. Ага туристтер келип жатат. Көп киши чогулган акцияларда көзөмөл жакшы болбой калат. Жолго, машинеге тоскоол болушат. Ошон үчүн Горький паркына сунуштап атабыз”.

Биринчи Май райондук соттун чечимине ылайык, президенттик администрациянын, УКМКнын, Жогорку Кеңештин, Жогорку соттун, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин тегереги, Ала-Тоо аянты, Эркиндик бульварынын Линейная көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки тилкеси, Таттыбүбү Турсунбаева жана Иван Панфилов атындагы парктын жанында митинг-пикет өткөрүүгө болбойт.

Мындан тышкары Ленин районундагы президенттик резиденция, Бишкек мэриясы, Украинанын, АКШнын элчиликтери жана улуттук филармония жайгашкан жерлер боюнча да тыюу салынганы кабарланган. Акция өткөрүүнү каалагандар Максим Горький атындагы бакчага гана чогулганга уруксат.

Адвокат Бактыбек Жумашев тынч чогулуштарга тыюу салган чечимди жокко чыгарууга аракет кылып, Бишкек шаардык жана Жогорку сотко кайрылган. Бирок анын бул аракетинен майнап чыккан жок. Анткени сот органы чечимди арыздануу мөөнөтү өтүп кеткени менен түшүндүргөн.

"Тынч чогулуштар жөнүндө" мыйзамда чечимдин үстүнөн арызданууга 24 саат гана берилет. Бактыбек Жумашев Биринчи Май райондук соттун 2023-жылдын 31-мартындагы чечимине каршы арызданган. Ал бул чечим боюнча 3-апрелде гана окуп калып, апелляциялык даттануу мөөнөтүн калыбына келтирүү өтүнүчү менен кайрылган.

"Үч айга чогулуш өткөргөнгө болбойт" деген чечим акылга сыйбайт. Анткени бул аралыкта кандай митинг-пикеттер болорун билбейсиң. Бул соттун негизги катасы. Бирок шаардык сотто, Жогорку сотто менин өтүнүчүмдү канааттандырбай коюшту. Апелляциялык даттануумду карай баштаса, анда чечимдин ашмалтайы чыкмак. Ошон үчүн четке кагышты", - деди адвокат.

Юристтер, укук коргоочулар митинг-пикеттерге тыюу салган чечимдерге каршы эл аралык укук коргоо уюмдарына кайрылуу жолдогон.

Соттун чечими менен мыйзамдагы карама- каршылык

Жарандардын тынч чогулуш, митинг-пикет өткөрүү укугу Конституцияда жана "Тынч чогулуштар жөнүндө" мыйзамда бар. 2012-жылы кабыл алынган документте тынч чогулуштардын жол-жобосу так көрсөтүлгөн. Кандай учурда чектесе, тыюу салса, күч колдонсо болору да жазылган. Мисалы, мыйзамдын 15-беренесинде төрт учурда гана тынч чогулуштарга тыюу салса болору жазылган. Алар:

  • Согушту пропагандалаганда;
  • Басмырлоону, кастыкты же зомбулукту шыкактоо болуп эсептелген этностук, расалык же диний жек көрүү, гендердик жана башка социалдык артыкчылык пайдасына жактап чыгууларда;
  • Улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин бузууга чакырганда;
  • Тынч чогулушту үзгүлтүккө учуратуу максатында башка каршы чогулуш өткөрүүдө.

Укук коргоочулар Биринчи Май райондук администрациянын чечими мыйзамда көрсөтүлгөн учурларга туура келбей турганын айтышууда. Анын үстүнө аталган жоболор конкреттүү, мөөнөтү белгилүү митинг-пикеттерге гана тиешелүү. Юристтер соттун чечими да бир эле иш-чарага тиешелүү болушу керектигин белгилешет.

"Кылым шамы" коомдук бирикмесинин жетекчиси Азиза Абдирасулова тынч чогулуштарга чектөө боюнча анализ жасап жаткан укук коргоочулардын бири. Ал азыркы чектөө адам укуктарынын негизги принциптерин бузат деп эсептейт.

“Мыйзамда тынч чогулуштарды кай жерде өткөрсө болбой турганы да так жазылган. Мисалы, темир жолдун үстүндө, стратегиялык маанидеги мекемелерде, ооруканаларда, балдар үйүнүн ичинде. Калган жерлерде тыюу салынган эмес. Бирок Орусиянын элчилиги баштаган демилгени мэрия, акимиат, сот колдоп атат. Мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөй турган прокуратура көз жуумп отурат. Бул адам укуктарын чектеген кылмыш болуп эсептелет. Бирок жоопсуз калып атат. Убакыт келгенде мыйзам бузгандар жооп берип калышы мүмкүн".

Биринчи Май райондук соттун чечими 2023-жылдын 1-октябрына чейин күчүндө болот. Бул мөөнөт аяктаганда райондук администрация кайра арыз менен кайрылып, чектөөнү дагы узартып коюшу толук мүмкүн. Район бийлиги арызды жазуу, же жазбоо чечимин ошол маалдагы кырдаалга карап кабыл ала турганын айтышты.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG