Линктер

шейшемби, 15-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 03:18

«Москва ишине» окумуштуулар да каршы


«Москва ишине» каршы акциялар.

Орусиядагы Илимдер академиясынын 50дөн ашык кызматкери бийликти репрессивдүү саясатты токтотууга чакырды.  

Окумуштуулардын кайрылуусунда өкмөттүк жана укук коргоо органдарынын жарандардын укуктарын коргоого милдети тууралуу эскертилип, тынчтык жүрүшүнө катышкандарды соттоо, куугунтуктоо аракети сынга алынган.

«Окумуштуулар объективдүүлүктү, кара ниеттик менен бурмалоого жана алдамчылыкка жол бербеген так далилдер системасын талап кылат. Биз муну жакшы билебиз, ошондуктан биз укук коргоочу система дал ушул башкы принциптерге негизделиши керек деп эсептейбиз», деп жазылган илимпоздордун «1-июль» клубунун билдирүүсүндө.

Катта тергөө менен соттор адам укуктарын коргоо ордуна аны кордоп жатканы айтылган:

«Репрессия толкундары, ошол эле кезде укук коргоочу органдардын мыйзамсыз аракеттерине эч кандай чара көрүлбөгөнү, соттордун ээнбаштыгы өлкөдө тескери маанай жаратууда. Буга сүрөтчү, мугалим, дарыгер, диниятчылар менен китеп чыгаруучулардын ачык каттары далил. Москвада 2019-жылы 27-июлда өткөн тынчтык митингинин катышуучуларын кылмыш иштери менен куугунтуктоону токтотууну талап кылгандардын 200 миңдей колу топтолду».

Орусияда бийликке нааразы адамдардын митингдери июлдан бери уланып келет. Буга 8-сентябрда өткөн жергиликтүү шайлоо тизмесинен оппозицияга ыктагандардын талапкерлиги ар кандай себептер менен чийилгени негиз болгон. Бийлик уруксат бербеген жүрүштөргө катышканы үчүн жүздөгөн орусиялыктар камакка алынып, айрымдары соттолуп кеткен.

«Москва ишинин» каармандары

«Москва иши» деген аталышка ээ болгон кылмыш иштери 27-июлда Орусиянын борбор калаасында өткөн массалык жүрүштөн кийин козголгон. Бийлик бул акцияны «башаламандык» деп тапкан.

«Москва ишине» каршы акция.
«Москва ишине» каршы акция.

«Күч органдарынын кызматкерине кол көтөргөн» жана аларга карата «жек көрүүчүлүк менен зомбулукту козуткан» деген айып менен Евгений Коваленко, Кирилл Жуков, Данила Беглец, Иван Подкопаев менен Владислав Синица эки жылдан беш жылга чейин соттолгон.

Буга окшош айып менен 24 жаштагы актер Павел Устинов 3,5 жылга соттолуп, кийин коомчулуктун талабы менен камактан бошотулган.

Мындан тышкары 34 жаштагы программист Константин Котов «коомдук иш-чара өткөрүү эрежелерин бузду» деп төрт жылга соттолгон.

Азыркы кезде «бийлик өкүлүнө каршылык көрсөткөн», «күч колдонгон», «экстремисттик чакырык жасаган» деген айып менен Сергей Фомин, Айдар Губайдулин, Егор Жуков, Алексей Миняйло, Самариддин Раджабов менен Эдуард Малышевский тергөө абагында жатат.

Ал эми жубайлар Ольга менен Дмитрий Проказовдор акцияда бир жаштагы баласын көтөрүп жүргөнү үчүн өлкөдөн чыкпоого милдеттендирилген.

«Москва иши» боюнча айыпталгандар.
«Москва иши» боюнча айыпталгандар.

Кремлдин позициясы

Окумуштуулардан мурда «Москва ишин» токтотууну талап кылып мугалимдердин, дарыгерлердин, юристтердин жана журналист, программисттердин кесиптик бирикмелери ачык каттарын жарыялашкан.

19-сентябрда орусиялык студенттер менен аспиранттардын да кайрылуусу чыкты.

24-сентябрда Кремлдин катчысы Дмитрий Песков Жогорку экономика мектебинин медиа факультетинде окуган студенттер менен жолугуп жатып «Америка жана Канадада уруксат берилбеген акциянын катышуучусу полиция кызматкерине стакан ыргытса аны атып салышат» деп айткан.

Дмитрий Песков.
Дмитрий Песков.

Учурда экстремизмге байланыштуу айыпталып жаткан Жогорку экономика мектебинин студенти Егор Жуков тууралуу сураган жаштарга Дмитрий Песков жооп кайтарган.

- Силер бир нерсени түшүнүшүңөр керек. Силер жолдош катары карайсыңар, тилектештик бар. Ал силердин досуңар. Силер аны коргоп жатасыңар. Мен мамлекет кызматкери болгонум үчүн мамлекеттин ишинен күмөн санап, аны айыптай албайм, - деген Песков.

«Москва ишин» токтотуу боюнча буга чейин жарыяланган кесиптик бирикмелердин тилектештигине актерлор менен режиссёрлор да кошулду.

Орусияда июлдан бери созулган митингдерден улам күч түзүмдөрү коомчулуктагы нааразылык маанайды басыш үчүн уруксат берилбеген жүрүштөргө чыккандарды жазалоого өткөн. Бирок бул аракет бийликке каршы маанайды баса элек.

Орус оппозициясы 29-cентябрда өлкө боюнча жапырт көчөгө чыгууга дагы чакырык таштады.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG