Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:59

Мигрант эне: Балдарыбыз биз көргөндү көрбөсүн


Нургүл Эндешова тарбиялануучулары менен.
Нургүл Эндешова тарбиялануучулары менен.

Кыргызстандык Нургүл Эндешова Москвада мигранттардын балдары үчүн бала бакча иштетип келет.

Нургүл он жыл мурун чиедей балдарын жана өзү сүйгөн мугалимдик кесипти таштап, жолдошу менен Орусияга иштегени келген. Ары-бери урунуп жүрүп, мигранттык жашоого бышкан ал баштан өткөн оор күндөрдү жылмаюу менен эстейт:

- Оштогу университетте англис тили факультетин бүткөм. Мугалим болуп он жылдай жеке билим берүү борборлорунда жана бала бакчаларда иштегем. Өзүм үч баланын энесимин. 2005-жылдан бери эле жолдошум менен келип-кетип иштеп жүрөбүз. Башында эл кылган бардык жумушту кылдым. Тазалыкта иштедим, дүкөндө иштедим. Өз алдынча бала бакча ачууну Ошто жүргөндө эле кыялданчумун, бирок, Москвада ачам деп эч качан ойлобопмун.

Москвада бала бакча ачуу идеясы мурда Кыргызстанда калган балдарына болгон катуу сагынычтан улам келип чыккан.

Kids Club бакчасы
Kids Club бакчасы

“Балдар ата-энелери менен бирге болсун” деген үмүт-тилек менен ачылган Kids Club бакчасынын азыр Москвада үч чакан бөлүмү бар, анда кыргызстандык отуздай наристе тарбияланат:

- Тогуз ай болуп калды иштегенибизге. Шүгүр, башында бала жок, эч ким биз жөнүндө билбей, бир топ эле кыйналдык. Жолдошум дагы “кой, бул ишти ташта” деген күндөрү болду. Ага деле болбой өзүмдүн балдарымды жетелеп жүрдүм. Азыр эми Москванын Алма-Атинский, Бабушкинская, Первомайская метролорунда бакчаларыбыз бар. Ар биринде 8-10 бала тарбияланат.

Бакчада кичинекей бөбөктөр орус-англис тилдерин үйрөнүп, сүрөт жана бий ийримдерине катышат.

Тамактануу маалында
Тамактануу маалында

Бакчанын ишине көзөмөл салган ата-энелердин өзүнчө комитети да бар. Нургүлдүн айтуусунда, ата-энелер Москвада күнү-түнү иштесе деле бардыгы балдарын үзгүлтүксүз окута алышпайт:

- Кээ бир ата-энелер балдарын бир-эки ай алып келип, анан шарттары болбой калат. Үйгө бирөөгө деле каратышат акчага. Ал тамагын берип, ойнотуп коёт. Бул жерде балдар билим алышат. Орус, англис тилин үйрөтөбүз, мектепке даярдайбыз. Өзүмдүн кызым Кыргызстанда орус тилдүү мектепте окуп жүрсө да бул жакка келгенде аябай кыйналды. Ошондуктан, балдар мектепке барганда тилден кыйналбасын деп, орус тилине басым кылабыз. Тарбиялануучуларыбыз тамга таанып, китепти ачып шар окушат. Үч маал тамак беребиз, түштөн кийин уктатабыз. 3-4 жаштагыларды өзүнчө, улуурактарын өзүнчө эки топ кылып окутабыз.

Москва: мигрант балдардын бала-бакчасы

Москва: мигрант балдардын бала-бакчасы

Москвада кыргызстандык мигранттар батирлерде бала бакча ачып же бөбөктөрдү өз алдынча окутуп келишет. Быйыл ачылган Kids club борбору мигранттардын балдарын окутуп, тарбиялап жаткан учуру.

“Москвада үч бакча иштетип байлык топтобосом да кыялым орундалды, балдарым жанымда”, - дейт шүгүрчүлүк кылып Нургүл:

- Төрт-беш айга чейин пайда деле көрбөдүк, бекер эле иштеп жүрдүк. Биз имаратты ижарага алабыз, ичинин баарын өзүбүз жасалгаладык. Башында насыя алып баштагам, жолдошум каршылык көрсөткөн менен кайра эле өзү төлөп жүрдү. Эми деле Орусияда иштеген мекендештердей эле айлыкка иштейм. Мисалы, он баланын 10 миң рублдан алынган акчасынын көбү эле кайра өздөрүнө кетет. Үйдө деле өзүмдүн балдарымды карап отура бермекмин. Бул жакта болсо балдарым жанымда, билим берип жатам, башка мекендештердин балдарын дагы карап, аларды дагы окутуп жатам. Жакшы эле иш кылып жатам го деп ойлойм. Мигранттардын балдары бизге окшоп жүрбөсүн, кеңири жашап, бактылуу өмүр сүрүшсүн, келечектери кең болсун дейт экенсиң.

Кыргызстандыктардын балдары үчүн Kids Club бакчасы алгач Айсулуу Тургунбаева жетектеген Москвадагы Кыргыз маданий борборунда түптөлгөн. Азыр эми бакча өз алдынча кулач жайып, кеңейүүдө. Нургүлдүн белгилешинче, Kids Club бакчасы мугалимдик жогорку билими бар, тажрыйбалуу мекендештерди дагы жумуш менен камсыз кылууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG