Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:01

Кырсыкка кабылган мигранттын жакындары чындык издейт


22 жаштагы кыргызстандык
22 жаштагы кыргызстандык

Москвада кыргызстандык А.И. аттуу жаран жумуш маалында кырсыкка учурап, бир аптадан бери оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бир туугандары жумуш берүүчүнү жоопкерчиликке тартуу аракеттерин көрүшүүдө.

23 жаштагы А.И. бир аптадан бери Москвадагы шаардык ооруканада оор абалда жатат. Агасы Жаныбектин билдиришинче, бир тууганы курулушта иш маалында электр тогуна урунуп, күйүп кеткен.

- 26-августта ишке барган. Ал жерден уруп түшүрмө балка менен жер казган. Ошол маалда жердеги электр кабелине туш болуп, ток урган, анан күйүп кеткен. Азыр абалы өтө оор. Дарыгерлер денесинин 50 пайызы күйгөнүн айтышты. Ишти интернет аркылуу таап барган экен. Кыргыз балдар менен иштешкен.

Мигрант өмүрү кылдын учунда...

Мигранттын өмүрү кылдын учунда...

15-февралда Анарбек Жукушев аттуу 31 жаштагы жигит бычак жеп каза тапкан. Боорунан алган жарааттан улам ал ооруканага жетпей эле үзүлүп кеткен.

Орусияга бир ай мурун иш издеп барган кыргызстандык туруктуу жумуш таппай, күнүмдүк иш менен алектенип жүргөн. Бул ирет тааныштар менен Москванын борборундагы бакчадагы жумушка жалданып барган.

- Рождественский бульварында шаарды реконструкциялоо фирмасы менен иштешкен. Ал жакта мамлекеттик ишканабы, башкы подрядчик же субподрядчик экени дагы белгисиз. Прорабдар дароо эле качып кетишкенин айтышты. Өзүн директор катары тааныштырган бирөө медициналык камсыздандыруу жасатып жатам деген, ал да жок.

Күнүмдүк жалданып иштегендиктен, жабыркаган мигранттын колунда эмгек келишими болгон эмес. Башкы жумуш берүүчү ишкана, жооптуу жетекчилер жөнүндө маалымат берилген эмес. Жалданма жумушчуларды курулушта электр тогу менен иштөө коопсуздугу, техникалык эрежелер менен тааныштырышкан эмес. Ал эми кырсыкка күбө болгон жанындагы кыргызстандыктар акыркы кезде байланышка чыкпай жүрөт:

- Иним ооруканага түшкөндө полицияга маалымат берилген. Анан чогуу иштеген балдар күбө катары полицияда кармалышкан. Кийин угушумча алардан акча алып, окуянын чоо-жайын аныктабай эле чыгарып жиберишиптир. Балдар башында ооруканага келип жатышкан, эми полициядан кийин телефондору өчүк. Алар Оштун Кара-Суу районунан, мен алар байланышка чыгып, күбө катары маалымат беришет деп ишенем. Бул ишти караган полициянын бөлүмүндө ишкана жана анын жетекчилиги жөнүндө маалымат бар делет. Бирок ишти тергөө комитетине жөнөтүү үчүн адвокат жалдап, күбөлөрдү табуу керек.

Учурда Жаныбек Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине кайрылып, бул иш боюнча тергөө ишинин ачылышын, тийиштүү тараптар жоопко тартылышын суранып эшик каккылап жүрөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG