Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:55

Жоржия штатындагы шайлоодо Оссоффко жеңилгенин сенатор Пердью мойнуна алды


Сенаттык орундарга Жоржия штатындагы талапкерлер Рафаэл Уорнок (оңдо) менен Жон Оссофф чыканактарын тийгизип бири-бирин колдошууда. Атланта, АКШ. 2021-жылдын 4-январы.
Сенаттык орундарга Жоржия штатындагы талапкерлер Рафаэл Уорнок (оңдо) менен Жон Оссофф чыканактарын тийгизип бири-бирин колдошууда. Атланта, АКШ. 2021-жылдын 4-январы.

Эми АКШнын Конгрессинин жогорку үйү – Сенатта да демократтар көзөмөл кылып калышты. Жоржия штатындагы сенатордук орун үчүн ат салышкан республикачы Дэвид Пердью 5-январдагы экинчи айлампада демократ атаандашы Жон Оссофф мырзага жеңилип калгандыгын 8-январда мойнуна алып, Оссофф мырзаны расмий куттуктады. Пердью 2015-жылдан бери бул штаттан сенатор болуп келген.

7-январда болсо республикачы сенатор Келли Лёффлер демократ Рафаэл Уорнокко Жоржия штатындагы дагы бир сенаторлук орунду алдырганын мойнуна алган.

АКШ Сенатындагы бош турган бул акыркы эки орун үчүн шайлоонун экинчи айлампасындагы ат салышуу 5-январда өттү. Анын биринчи айлампасы 2020-жылы 3-ноябрда болуп, анда эч талапкер 50 пайыздан көп добушка ээ боло албай калган эле.

Эми АКШ Сенаты демократтар жана аларга туруму жакындар менен республикачылардын ортосунда теңме-тең бөлүндү (эки тарабына тең 100 орун тийди). Вице-президент болуп шайланган демократ Камала Харрис Сенаттын төрайымы (президенти) катары тараза ташын тийешелүү жакка оодара турган добуш берүү укугуна ээ.

Буга чейин Конгресстин Өкүлдөр үйүн да демократтар көзөмөлдөп калган. Эми Сенаттагы көзөмөл демократтарга өз өкүлү, шайланган президент Жо Байдендин мыйзам чыгаруу жаатындагы демилгелерин жүзөгө ашырууга кыйла мүмкүнчүлүктөр түзөт.

Жоржия штатындагы зор түйшүк менен алынган бул жеңиш демократтар үчүн жалпы эле республикачылардын чеби саналган АКШнын түштүгүндөгү ири жетишкендик болуп калды.

Оссофф – 33 жашта жана ал эң жаш сенатор болуп калды. Уорнок болсо Атлантадагы таанымал баптисттик чиркөөнүн дин кызматкери. Ал Жоржия штатынын тарыхында сенаторлукка шайланган алгачкы кара түстүү өкүл болуп калды. (TT)

XS
SM
MD
LG