Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:17

Пхеньян чет өлкөлүктөрдү Түштүк Кореядан чыккыла деди


Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өлкөнүн аскерий жетекчилери менен өткөргөн чукул жыйында чабуулдун планын талкуулаган, 29-март, 2013
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өлкөнүн аскерий жетекчилери менен өткөргөн чукул жыйында чабуулдун планын талкуулаган, 29-март, 2013

Түндүк Корея жакын арада Түштүк Корея менен согуш чыгып кетиши мүмкүн деген таризде коңшусундагы бүт чет өлкөлүктөрдү мамлекеттен чыгып кетүүгө үндөдү.

Пхеньяндын эскертүүсүн Мамлекеттик телеканалдын алып баруучусу окуду.

"Биз Сеулдагы жана Түштүк Кореядагы компанияларда иштеген чет өлкөлүктөргө, ошондой эле туристтерге “өзүңөрдүн эле амандыгыңар үчүн мамлекеттен чыгып кеткиле” деп сунуш кылабыз", - деди алып баруучу.

Бул – Корей жарым аралында соңку апталарда Пхеньян тараптан айтылган коркутуулардын эң акыркысы. Өткөн аптада Түндүк Корея Пхеньяндагы бардык чет мамлекеттердин элчиликтерине 10-апрелден баштап алардын коопсуздугуна жооп бере албастыгын эскерткен, ошон үчүн дипломаттарга өлкөдөн чыгып кетүүнү сунуштаган.

Айрым кабарларда Түндүк Корея өзүнүн орто аралыкка жетчү ракеталарынын бирин чыгыш жээкке жылдырганы да айтылып жүрөт.

Жапон өкмөтүнүн башчысы Синдзо Абэ ракеталарды асмандан атып түшүрчү “Патриот” деген системаларынын бирин Токионун жанына орноштурганын, Жапония Пхеньяндын коркутууларынан чочулабай турганын билдирди.

"Биз Бириккен улуттар уюмунун соңку санкцияларынын негизинде иш алып барганыбыз өзгөчө маанилүү деп ишенем, - деди жапон премьери. - Жапониянын өкмөтү өз элинин өмүрүн сактап калыш үчүн өзүндөгү коргонуу чаралардын баарын колдонот".

Түндүк Кореянын аймагында эки Корея биргелешип иштеткен Кэсон өндүрүштүк аймагына да шейшемби күнү түндүк кореялык кызматкерлер ишке келишкен жок.

Кэсон комплексин Пхеньян дүйшөмбүдө жаап салып, андагы 53 миң кызматкерди ишке киргизбей турганын айткан. Ал эми өткөн аптада Түндүк Корея бул жакка Түштүк Кореядан келчү кызматкерлер үчүн эшикти жапкан болчу.

Аталган индустриалдык комплекс эки Кореянын ортосунда экономикалык кызматташтык бар экенин символдоштуруп турган акыркы байланыш эле.

Шейшембиде Түштүк Кореянын президенти Пак Кын Хе Кэсон аймагынын жабылышынын экономикалык кесепети Түндүктөгү коммунисттик өлкөгө оор болоорун эскертти.

"Инвестиция иштин жыйынтыгы көрүнүп турганда гана жасалышы мүмкүн. Түндүк Корея болгон эл аралык эрежелердин, убадаларынын бузуп жатса, Кэсонду жаап койсо, анын мунун баарын дүйнө көрүп турса, Түндүккө мындан кийин ким инвестиция жасамак?", - дейт президент Кын Хе.

Корей жарым аралындагы соңку чыңалуу Түндүк Корея өткөн айда үчүнчү жолу ядролук куралын сынагандан кийин күчөгөн.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG