Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:25

Норвегиялык Брейвик чабуулдарды моюнуна алды


Осло шаарында жана Утой аралында болгон 22-июлдагы террордук эки чабуул үчүн Андерс Брейвикке расмий айып тагылат.

32 жаштагы норвегиялык бул жаран терракттарды моюнуна алганын жекшембиде полиция жарыялаган. Акыркы маалымат боюнча 22-июлдагы террордук чабуулда өлгөндөрдүн саны 93кө жетти. Бир киши ооруканада мерт болгон. Жоон топ киши дарексиз экени кабарланууда. Жекшемби күнү коомчулук чиркөөдө өлгөндөрдү эскерди.

Бул жерге премьер-министр Йенс Столтенберг, падыша Харалд V жубайы Соня менен келишти. Литургиялык гимн менен коштолгон бул сыйынуу өзгөчө эмоционалдуулугу менен айырмалангандыгы айтылууда.

Премьер-министр Йенс Столтенберг

Чиркөөдө премьер-министр Столтенберг
- Биз жоготкон ар бир киши – биз үчүн чоң кайгы. Баары бириккенде – улуттук трагедия,- деди.

Ушул эле жекшемби күнү шектүү деп кармалып, камакка алынган норвегиялык Андерс Беринг Брейвик 22-июлда Ослодо жана Утой аралында болгон террактарга тиешеси барын тастыктады:


- Ал жардыруучу зат аркылуу чабуул жасаганын жана аралдагы адамдардын өлүмүн мойнуна алды, – деп билдирди Осло шаардык полиция башчысынын орун басары Свейнанг Спонхейм журналисттерге.

Брейвик кылганын мойнуна алганы менен, аны күнөө катары санаган жери жок. Анын адвокаты Жейр Липестад жергиликтүү телеберүү аркылуу:

- Ал [Брейвик] жасалган аракеттер жырткычтык экенин билген, бирок муну жасоо зарыл деген ишенимде болгон,- деп айтты. Адвокат анын кардары өз кадамынын себептерин дүйшөмбүгө белгиленип жаткан сотто айтаарын билдирген.

Полиция башчысынын орун басары Спонхеймдин айтымында, 32 жаштагы Андерс Брейвик христиан-фундаменталисттеринен, ал мусулмандарга каршы көз карашты тутунат. Полицияга террактарды жалгыз жасадым деп көрсөтмө берип жатат. Полиция болсо мындан шектенүүдө. Бир нече шектүү адамдар кармалып, кайра бошотулгандыгы да маалымдалды.

Ослодо жардыруунун курмандыктарын эскерүү, 24-июл, 2011-ж.

Ар кайсы маалымат булактарынын жазгандарына караганда, Андерс Брейвик Ослодо төрөлүп, мененжмент мектебин бүткөн. Окуусун аяктагандан кийин Ослонун чекесине отурукташып, ал жерде жашылча-жемиш өстүрүүчү "Breivik Geofarm" ишканасын түптөгөн. Бирок айрым булактар бул ишкананы өзүнүн түпкү максатын ишке ашыруу үчүн калканч катары жасалма түзгөнүн жазып жатышат.

Норвегия полициясынын маалыматына караганда, окуя болгондон бир аз мурдараак ал интернетке өзүнүн манифестин жарыялап, анда европалыктардын ар башка маданияттарды жакындаштырабыз деген аракети исламдык колонизациянын айынан түпкү элдин өзүн-өзү улут катары сыйлоосуна шек келтирип жатат деп жазган. Адвокатына Брейвик өз баалуулуктарын саткан түпкү европалыктарды жазалагысы келгенин айткан.

Бул аралыкта эл аралык коомчулук жүзгө жакын адамдын өмүрүн жалмаган мындай мыкаачы аракетти кескин айыптап, күнөөлүүнү аеосуз жазалоого чакырып, Норвегия элине көңүл айтууда.

Норвегия: Өкмөт үйүнүн жанындагы жардыруу
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:35 0:00
Түз линк
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG