Жоон топ адам президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков “Түндүк” мамлекеттик маалыматтык тутумунан “жеке маалыматыбызды колдонду” деп арызданган. Кийин милиция териштирүүнү токтоткону үчүн алар сотко даттанышкан.
Ленин райондук соту активист, юристтердин арызын 25-ноябрда карап, анда Орунбековго карата кылмыш ишин козгоодон баш тартуу тууралуу чечим негизсиз деп табылганын адвокат Нурбек Токтакунов билдирди. Анын айтымында, сот Ленин райондук прокуратурасына аны жокко чыгарууну жана тергөөчүгө толук кандуу текшерүү жүргүзүүнү милдеттендирди.
"Биздин талаптарды прокурор да колдоду. Соттук отурумда тергөөчү биздин жүйөлөрдү гана эмес, прокуратуранын көрсөтмөлөрүн да эске албай койгону белгилүү болду. Менин постторумду байкап туруңуздар. Кыязы, "Орунбековдун иши" деп аталган сериал эми гана башталып жатат".
Токтакунов милициянын тергөөчүсү Орунбековду суракка чакыруудан коркуп, "Түндүк" системасын жеке маалыматтар кантип ачыкка чыгып кеткени жөнүндө суроолорго жооп берүүгө мажбурлай албай жатат деп эсептейт. Ал баштаган адамдар тергөөчүгө каршы арыз менен ушундай негизде сотко кайрылган.
Ленин райондук соту 25-ноябрдагы отурум жана анда чыккан чечимдер тууралуу маалымат тарата элек. Дайырбек Орунбеков да комментарий бере элек.
Орунбековдун соцтармактагы билдирүүсүнө байланыштуу буга чейинки отурум 1-октябрда болуп, анда милиция Орунбековдун тизмеси боюнча териштирүүнү улантууга милдеттендирилген. Анда адвокат тергөөчү тиешелүү адамдарды, анын ичинде Орунбековду да суракка алышы керектигин белгилеген.
Ага чейин отурум 24-сентябрда өтүп, териштирүүнү улантуу боюнча прокурордун көрсөткөн документинде маселе жаралып, сот кийинки отурумга анын түп нускасын алып келүүнү тапшырган.
Ленин райондук милициясы териштирүү жүрүп жатканын "Азаттыкка" билдирген.
"Учурда текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча колдонуудагы мыйзамдардын алкагында тиешелүү чечим кабыл алынат", - деп жазылган билдирүүдө.
Дайырбек Орунбеков 20-июлда Фейсбукта Кыргызстанда саясатчылардын тарапташтары өздөрүнүн жана фейк аккаунттар аркылуу чет элдиктер жөнүндө терс маалыматтарды таратып жатканын жазган.
Постко социалдык тармактарда өзүнүн пикирин активдүү билдирген 70тен ашуун кишинин ар бири тууралуу маалымат, сүрөтү, туулган күнү, айы, жылы менен коштолгон тизме тиркелген.
“Жалган маалыматтарды таратып, улут аралык кастыкты козуткандыгыңар үчүн мыйзам алдында жооп берип, камаласыңар. Токтоткула ушагыңарды. Темир жол бүтүп, завод-фабрикалар салынышы керек. Биз өндүрүшү өнүккөн, экономикасы кубаттуу, эмгек акылары менен жөлөк пулдары жогору өлкөдө жашагыбыз келет. Силерге 30 жыл алдандык. Эми алданбайбыз. Президенттин администрациясынын Кырдаалдык борборунун мониторинг бөлүмү социалдык тармактар аркылуу коомчулукту козутууга аракет кылган аккаунттарды, алардын байланыштарын аныктап жатат. Мындан тышкары, укук коргоо органдары дагы иш алып барууда”, - деп жазган ал.
Орунбеков мындай маалыматтарды “мурдараак Адахан Мадумаровдун, Алмазбек Атамбаевдин жана өкмөттүк эмес уюмдардын тарапташтары таратып” келген болсо, эми аларга Камчыбек Ташиевдин командасынын фейктери кошулганын” жазган. Бирок көп өтпөй Ташиев жөнүндө сөздү алып, ага байланыштырган адамдардын тизмесин да өчүргөн.
Постто аты аталган бир топ жарандар “Түндүк” системасындагы жеке маалыматтарынын ачыкка чыгып кеткенине нааразы болуп, Орунбековду сотко берген.
22-июлда адвокат Нурбек Токтакунов президент Садыр Жапаровго кайрылып, жарандардын жеке маалыматтары кандайча ачыкка чыгып кеткенин текшерүүнү өтүнгөн. Ушундай эле арыз менен «Кылым шамы» укук коргоо уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова жана башка жарандар да кайрылган.
Андан кийин Ички иштер министрлиги тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүп, кылмыш ишин козгоодон баш тарткан. Арызданган тарап буга байланыштуу сотко даттанышкан.
Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик Орунбеков жарыялаган тизмеде ондогон адамдардын жеке маалыматтары ачыкка чыгып кеткенине байланыштуу териштирүү башталганын билдирген. Анын жыйынтыгы боюнча азыркыга чейин маалымат бериле элек.
“Түндүк” ачык акционердик коомунун 100 пайыз акциясы Президенттин иш башкармалыгына өткөнү быйыл май айында белгилүү болгон.
Иш башкармалык жарандардын мамлекет купуялыгын кепилдеген маалыматынын ачыкка чыгып кетишине байланыштуу комментарий берген эмес.