Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:55

Орусияда аялын бычактап, баласын урган кыргызстандыктар


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Москва облусунун Дмитров шаарында кыргыз эненин балдарынын көзүнчө бычакталып өлтүрүлүшү коомчулуктун үрөйүн учурду. Кылмышка шек саналып күйөөсү кармалды. Бул кабарга улай Москвада кыргызстандык келин баласын урган деген шек менен камалганы белгилүү болду.

Кызганычтан кыйылган өмүр, жетим калган беш бала

Москва облусунун Дмитров шаарында беш балалуу кыргыз эненин бычакталып өлтүрүлүшү коомчулуктун үрөйүн учурду. 43 жаштагы келин күйөөсүнүн колунан ажал тапкан. Маркум алган жараатынан ооруканага жетпей үзүлгөн. Экспертиза бычак жүрөктү тилип кеткенин аныктаган.

Окуяга балдары күбө болуп, Тез жардам, полиция чакырган. Маркумдун жакындары келин буга чейин дагы үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып келгенин, уруштун көбү кызганычтын айынан чыкканын "Азаттыкка" айтып беришти.

Алар ысымын ачык айтууну каалаган жок.

"Буга чейин дагы уруш-талаштар болуп турчу. Көп учурда сөз менен урушуп, моралдык басым болчу. Уруштун көбү кызганычтан улам чыгат эле. Апам жумушта болчу, телефон чалса, албай калыптыр. Байланыша албай калса эле жини келе берчү. Үйгө келгенден кийин урушуп кетишти. Ага чейин апам каякта болбосун ар беш мүнөт сайын чалып, көзөмөлдөп турчу. Үйгө дагы видеокамера койгон. Кичүүбүз апама аябай жакын болчу. Ага айта элекпиз, кандай кабыл аларын билбейм", - деди маркумдун улуу кызы.

Туугандарынын айтымында, күйөөсүнүн колунан ажал тапкан келин буга чейин дагы бир нече жолу ажырашууга бел байлаган экен. Бирок жолдошунун "экинчи колум тийбейт" деген убадасынан кийин кайра жарашкан.


Кыргызстандык жубайлар орус жарандыгын алып, узак убакыттан бери Москвада иштеп жүргөн. Ортодо беш бала бар. Улуусу 18, кичүүсү тогуз жашта. Жашы жете элек үч баласы учурда ошол аймактагы кризистик борборго жайгаштырылган.

Маркумдун эжеси Майрам (аты өзгөртүлдү) сиңдиси буга чейин дагы үй-бүлөдө зомбулукка кабылып жүргөнүн, кээде качып келген учурлары болгонун айтып берди:

"Зомбулук тууралуу айтып берчү. Акыркы жолу качып келип, биздикинде беш-алты ай жашады. Балдары окуп, өзү мага жардам берип жүрдү. Кийин күйөө балам келип сиңдимди алдап алып кетти. Баргандан кийин дагы эки күн жаңжал болуптур. Мен ал убакта Бишкекке келип калдым эле. "Эже, мен мындан коркуп жатам" деп айтканынан Бишкекке балдары менен чогуу чакырып алгам. Кийин кайра ата-энесин ортого салып эки-үч айдай жашашты. Эми балдары бар, беш бала оңой эмес, чогуу чоңойтуп, чогуу жашашсын деп ата-энеси ортого түшүп жатса, жок деген эмеспиз. Күйөө балам ыйлап, ажыларды ортого салганынан мынчалыкка барат деп ойлогон эмеспиз. Өзү намаз окуйт. Акыркы жолу кошуп берип ката кетирген экенбиз. 23-24 жыл биз менен аралашып жүргөн адамдын жаналгыч экенин билбептирбиз. Сиңдим ачык-айрым, жашоону сүйгөн, ичинде кири жок, балдары дегенде үзүлүп түшкөн, аракетчил жан эле. Балдарынын баарын өзү эле баккан".

Майрам маркум сиңдисинин улуу кызы жана уулу колунда жүргөнүн кошумчалады.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Москва облусунун Дмитров шаарында аялын бычактап өлтүрдү деген шек менен кармалган адам тууралуу маалымат берди.

Киши колдуу болгон 43 жаштагы А.А.М. аттуу аял жана аны өлтүрүүгө шектүү 44 жаштагы Ч.М.А. орус жарандыгын алган. Элчилик маркумдун жакындарына керектүү консулдук жана юридикалык жардам көрсөтүүгө даяр экенин кабарлады.

Мунун алдында социалдык тармактарда бул үрөй учурган окуяга байланыштуу видео тасма жана маалыматтар чыккан. Анда келинди 2-августта балдарынын көзүнчө күйөөсү кызганычтын айынан бычактап салганы айтылган. Интернетке тараган видеодон кыз ыйлап, "ал апамды өлтүрдү" деп кыйкырып жатканын көрүүгө болот.

ТИМдин маалыматына караганда, аялын өлтүрүүгө шек саналган жаран кармалып, убактылуу тергөө абагына камакка алынды.

Телеграм-каналдарга шектүүнүн сурак берип жаткандагы кыска видеосу тарады. Анда ал кылмышты мойнуна алган.

"Ашканада турган бычакты алып, артынан эки-үч жолу сайдым", - деп айткан ал.

Шектүүнүн жакындары жана жактоочусу комментарий бере элек.

Москвада баласын сабаган келин

Бул окуяга удаа Москвада кыргызстандык келин баласын урган деген шек менен камалды. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги тараткан маалыматка караганда, окуя Хорошево-Мневкин районунда болгон жана 2014-жылы туулган М.А. аттуу бала шаардагы социалдык реабилитацияга муктаж балдар үйүнө жайгаштырылды.

"Москванын укук коргоо органдары административдик укук бузуу фактысына байланыштуу баланы камакка алуу протоколун түздү. Элчилик Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү менен бирге баланын мындан аркы жашоосу, анын жакын туугандары менен байланышуу жаатында иш алып барат. Бул маселе Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин көзөмөлүндө", - деп жазылган маалыматта.

Элчилик камалган келин тууралуу кеңири маалымат берген жок.

Орусияда кыргызстандык жарандар өзүнүн же туугандарынын балдарын урган, мындан улам кылмыш иши козголуп, соттолгон учурлар буга чейин дагы болгон.

Былтыр жайында тууганынын үйүндө бала багып жүргөн 11 жаштагы секелек сабалган. Зомбулук көргөн секелекти таежеси, Кыргызстандын жараны эки баласын бактыруу үчүн алып жүргөнү белгилүү болгон. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги ошондо кыздын көзүндө жана колдорунда көгала тактар бар экенин, ошондой эле ал психологиялык басымга кабылганы байкалганын кабарлаган.

Элчилик бул окуяга байланыштуу Москва облусунун полициясына, ошондой эле Кыргызстандын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине тиешелүү чараларды көрүү тууралуу кайрылган. Бул окуя эмне менен аяктаганы белгисиз. Элчилик маалымат берген жок.

Мигранттарды кылмышка түрткөн жагдайлар

Укук коргоочулардын билдиришинче, Орусияда жүргөн айрым кыргызстандыктар алысыраак туугандарынын өспүрүм, секелек кыздарын алып кетип бала бактырган учурлары кадыресе көрүнүшкө айланган.

Орусиядагы мигранттар арасында кылмыштуулук күчөп жатканы тууралуу маселе буга чейин парламент жыйынында да көтөрүлгөн. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, ушу тапта орус абактарында 1100дөй кыргызстандык түрмөгө кесилген. Дагы 900дөйү убактылуу кармоо жайларында отурат.

Орусияда мигранттарга юридикалык жардам көрсөтүп келаткан, укук коргоочу Гулиза Акматсияева кыргызстандык мигранттар арасында зомбулукка, ар кандай кылмыштарга кириптер болгон учурлар көп болуп жатканын айтууда.

Юрист Гулиза Акматсияева
Юрист Гулиза Акматсияева

"Мындай учурлар аябай көп. Төртүнчү кабаттан аялын ыргытып жиберген окуя катталган. Үй-бүлөлүк зомбулук көбөйдү. Биз эркиндикти жактырган калкпыз да. Анан башка өлкөгө барып алып, ал болбойт, бул болбойт деп бир рамкага түшүп калып, агрессиясын үйүнө көрсөтөт. Акча жоктугун үй-бүлөсүнөн чыгарат, аялын сабайт, балдарын сабайт, аялын өлтүрөт... Бир жакка чыгып жатканда моралдык жактан даярданып барыш керек. Азыр мигранттардын бардыгы эле максаты жок келип алышат, документи жок, депортация болушат. Дайыма депрессия, стрессте жүрөт дагы, анын баарын үй-бүлөсүнөн чыгарышат".

Акыркы жылдары мигранттардын укугун коргоо менен алектенген Гүлнара Дербишева кылмыштуулуктун көбөйүшү, коомчулукту чочуткан окуялардын катталып жатышынын бир нече себептерин атады. Ал Орусиядагы миграциялык мыйзамдардын катаалдашы, орус-украин согушу, жумушсуздук, айлыктын жетпегени сыяктуу жагдайлар мигранттарга таасирин тийгизүүдө деп эсептейт.

Гүлнара Дербишева.
Гүлнара Дербишева.

"Орусия жылдан жылга миграциялык мыйзамдарын катталдатып келет. Азыр каттоосу жок канчалаган мигранттар жүрөт. Мыйзамсыз жүргөндүн өзү эле кылмыштуулукка түртөт. Экинчиден, миграциянын айынан үй-бүлөлүк баалуулуктар жоголуп, экөө эки жакта жүргөнү ички руханий жагдайга дагы таасирин тийгизүүдө, көптөрү депрессияда. Ошол өлкөнүн өзүнүн көйгөйлөрү болсо, мисалы, согуштун фонунда санкциялар, экономиканын түшүшү ал мигранттарга дагы таасирин тийгизет. Азыр мигранттар айлык өспөйт, тескерисинче, азайып жатат, көп акча албай калдык деп жатышат. Иш болгон менен, келечек жок болууда. Ошондуктан стресс, депрессия жана травмадан кийинки абал дагы таасирин тийгизүүдө. Эркектердин көбү "качан согушка чакыруу" келип калат деп коркуп жүрүшөт".

Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны бүгүнкү күндө Орусияда эмгек мигранты болуп жүрөт. Акыркы 30 жыл ичинде 650 миңден ашуун кыргызстандык Орусиянын жарандыгын алган. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматынын "Азаттыкка" кабарлашынча, быйыл алты айда чет өлкөлөрдөн мекенине 297 кыргызстандыктын сөөгү алып келинди.

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) былтыр бир жыл ичинде чет мамлекеттерден 350 кыргызстандыктын сөөгү мекенине келгенин кабарлаган. Алардын 200дөн ашууну Орусияда каза болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG