Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:02

"Аялымды урбай калдым". Кызуу кандуу эркектерди жоошуткан борборлор


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда зомбулуктан жабыркагандар менен эле эмес, зомбулук жасаган адамдардын жүрүм-турумун, ой жүгүртүүсүн өзгөртүү боюнча атайын программа иштейт.

"Чыр жок жерден чыгат турбайбы"

Талас шаарынын тургуну, 34 жаштагы Ысак (аты өзгөртүлдү) жети жыл мурда үйлөнгөн. Төрт баланын атасы.

Каарманыбыз акыркы жылдары жубайына көп кол көтөргөнүн, анын айынан ажыраша турган болгондо кризистик борбордун адистери үй-бүлөсүн сактап калганын айтып отурду.

"Арзыбаган нерсе үчүн эле уруша берчү экенбиз. Көр турмушта көйгөй түгөнбөйт экен. Айрым учурларда келинчегиме колум тийчү. Келинчегим таарынып, балдарды алып төркүнүнө кетип жүрдү. Былтыр дагы ошентип уруша кетип, уруп койгом. Кайын-журт аралашып, чырыбыз күчөп кетти. Аялым арыз жазган экен, милиция мага коргоо ордерин берип, ал аз келгенсип бул жакка мажбурлап алып келген. Башында эч нерсе уккум келбей ызаландым, "бүттү, ажырашам" деп чечкем. Бул жердин кызматкерлери менен эки жолу сүйлөштүм, алар менин дагы жүйөмдү угушту. Кеп-кеңеш беришти, анан кийинки жолугушууларга өзүм келе баштадым. Бир күнү келинчегимди ээрчитип келдим. Адистер аны менен да иштешти. Экөөбүз тең болбогон нерсе үчүн чырдашып, балдардын эсин чыгарганыбызды моюнга алдык. Үй-бүлөнү сактап калуу 1-орунда экенине көзүбүз жетти. Ошондон бери мурдагыдай урушпай калдык. Кээде казан-аяк кагышат, бирок, аны жай отуруп чечип калдык. Балдар да мурдагыдай элеңдебей, үйүбүзгө кут кирди".

Каарманыбыз зомбулук кылган адамдарды "оңдоп-түздөөчү" же коррекциялоочу программа менен иштеп жаткан "Талас Маана" коомдук уюмунун кризистик борборуна барган.

Зомбулукту жасабоого үйрөтүүчү программа

Зомбулук көрсөткөн адамдарды оңдоо же өзгөртүүгө багытталган коррекциялык программа 2019-жылы августта өкмөттүн токтому менен киргизилген.

Программанын максаты - үй-бүлөнүн агрессивдүү мүчөсүнүн жүрүм-турумун, психикасын жакшы жакка өзгөртүүгө жардам берүү.

Программанын алкагында адистер түгөйүнө же баласына кол көтөрүп, психологиялык кысым көрсөткөн адам менен иштешип, ага зомбулуктун кесепетин түшүндүрөт.

Зомбулукка кабылгандарга кеңеш берүүчү нускама.
Зомбулукка кабылгандарга кеңеш берүүчү нускама.

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукту азайтуу, алдын алуу аракеттери 90-жылдары эле башталган. Ошол убактан бери эл аралык уюмдар, жарандык коом кыргыз өкмөтүн зомбулуктун кесепети менен күрөшүүгө караганда анын алдын алуу оңой экенин эскертип келген.

Өлкөнүн "Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо" мыйзамына ылайык, коррекциялоо программасын ишке ашыруу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине жүктөлгөн. Аталган министрликте тиешелүү адистер, психологдор, окутуу иштерин жүргүзүүчү орун жоктугуна байланыштуу, 2022-жылы бул милдет аймактардагы кризистик борборлорго жүктөлгөн. Ал үчүн мамлекеттен акча бөлүнгөн.

Учурда бул программа боюнча жети облустагы жана Бишкектеги кризистик борборлор өкмөттүн жана ар кандай уюмдардын колдоосу менен иштеп жатат. Маселен, USAID уюмунун “Жигердүү жарандар” долбоору коррекциялык программаны ишке ашырган кризистик борборлорду колдоого алган.

Идея мыкты, бирок кантип ишке ашат?

Караколдогу “Аялзат-Каракол” кризистик борбору дагы эки жылдан бери үй-бүлөдө зомбулук көрсөткөн адамдар менен иш алып барууда.

Уюмдун адистери буга чейин үй-бүлө зомбулугунан жабыркаган аялдарга колдоо көрсөтүп келген.

Мекеменин бул программа боюнча координатору Мира Абдраимова отуздан ашуун адамдын жүрүм-турумун оңдоп, ой жүгүртүүсүн өзгөртүүгө салым кошконун белгиледи:

"Ички иштер министрлиги, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен кызматташабыз. Мисалы, үйдө жубайына же балдарына кол көтөргөн адамдардын үстүнөн арыз жазылып, коргоо ордери берилсе, милиция аларды бизге жиберет. Биз алар менен иштейбиз. Ачык айтуу керек, башында иштөө оор. Бир-эки жолу жолугуп, сабак өткөнчө бизди жаман көрүп, "колуңардан эмне келет?" дегендей мамиле кылып, тоготпогондор бар. Үч-төрт жолугушуудан кийин көпчүлүгү ичиндеги бугун айтып, аягында кеңеш сурашат".

"Аялзат Каракол" коомдук уюмунун тренери Мира Абдраимова
"Аялзат Каракол" коомдук уюмунун тренери Мира Абдраимова

Мира Абдраимова акыркы убакта программага өз эрки менен жазылып, келип жаткандардын саны арбыганын белгиледи.

"Былтыр күзүндө жубайлар окуудан өткөн. Экөө чогуу жети жыл жашаптыр, төрт баласы бар экен. Күйөөсү аялына кол көтөргөн экен, милиция бизге алып келген. Ага чырдын себебин аныктоону, сабырдуу болууну, маселени тынч, сүйлөшүү жолу менен чечүүнү үйрөткөнбүз. Жакында эле келинчеги экөө "урушуп кеттик" деп чалышты. Мен аларга чырды ырбатпай, ынтымакта жашоо боюнча кеңеш бердим. Кечинде экөө чогуу тамак жасап, балдары менен дасторкондо отурган сүрөтүн салып жиберишиптир".

Талас облусундагы “Талас Маана” кризистик борборунун зомбулук жасаган адамдар менен иштөө программасын Зухридин Саадабаев көзөмөлдөйт.

"Мурда бизге милициянын коргоо ордери менен келгендер окушчу. Алардын көбү намыстанып, бизди уккусу келбей, орой мамиле кылышчу. Бир-эки жолу жеке сүйлөшүп, пикирин уккандан кийин ичиндеги көйгөйүн айтып, жоошуп калышты. Бизге ишенич пайда болду. Айрым адамдар чырды сүйлөшүү жолу менен чечсе болорун түшүнүштү. Өздөрүндө маселе барын мойнуна алышат. Акыркы убакта бизге өз каалоосу менен келип, коррекциялык программадан өтөбүз дегендер көбөйдү. Өз ыктыяры менен келүүнү каалаган аялдар да, эркектер да бар".

“Талас Маана” коомдук уюмунун тренери Зухридин Саадабаев
“Талас Маана” коомдук уюмунун тренери Зухридин Саадабаев

Тилекке каршы зомбулук кылган адамдарды коррекциялоо программасына бардык эле каалоочулар катыша албайт.

Программанын башкы тренери Елена Ткачева шарттар жана талаптар тууралуу "Азаттыкка" түшүндүрүп берди.

"Расмий никеге турган жубайлар чырдаша кетип, бири-бирине кол көтөргөн учурлар бар. Кээде туугандарынын кийлигишүүсү менен милицияга түшүп, коргоо ордерин алган учурлар болот. Мына ушундай үй-бүлөлөр менен иштейбиз. Ачык айтышыбыз керек, ичкиликке берилген же маңзат колдонгон адамдарды албайбыз".

Зомбулук көрсөткөн адамдар менен иштешүү боюнча 2022-жылы кабыл алынган атайын нускама бар. Анда эркектер жана аялдар милдеттүү түрдө жана өз каалоосу менен коррекциялык программадан өтөт.

Ага ылайык, адистер кол көтөргөн эркектер менен милдеттүү түрдө 30 күн иштейт. Анын ичинде эки сааттан эки жолу жеке жана төрт жолу топ-тобу менен окутуу каралган. Өз каалоосу менен кайрылган эркектер алты ай окуйт. Аялдар үчүн милдеттүү түрдө 30 күн, анын ичинде төрт жолу тайпаларда окуу каралган. Өз каалоосу менен келген аялдар төрт айда 15 жолу тайпаларда окутулат.

Айрым адистер бул программанын натыйжалуулугу - аны элге түшүндүрүп, маалымат берүүдөн көз каранды деп эсептешет. Ошол эле учурда Бишкек, Ош шаарларындагы кризистик борборлорго коррекциялык программаны жүргүзүүчү адистердин билимин кеңейтип, санын көбөйтүү зарылчылыгы пайда болду.

Елена Ткачева
Елена Ткачева

"Мурда кризистик борборлор зомбулуктан запкы жеген аялдарга гана психологиялык жана башка жардамдарды берип келсе, азыр эми аны зомбулукка дуушар кылган адамдар менен да иштеп жатат. Бирок мында кризистик борборлордогу адистерди көбөйтүү зарылчылыгы пайда болду. Бул жагынан кыйынчылыктар бар. Анткени кризистик борборлорго гендердик жактан сезимтал, психология жаатында билими бар адистер керек", - деди Елена Ткачева.

Зомбулукка барып, бирөөгө үстөмдүк кылган адамдар менен иштөө программасынын алкагында аймактардагы милиция кызматкерлери, социалдык кызматкерлер да окутулууда. Демилгечилердин айтуусунда бул программанын эл арасына жетип, жемиштүү болушуна өбөлгө түзөт.

Ушу тапта Кыргызстанда үй-бүлө зомбулугун алдын алуу жана зомбулукка кабылган аялдар үчүн 15ке жакын кризистик борбор иш алып барууда. Аларга кайрылгандардын саны жыл сайын орто эсеп менен 7 миңге жетет.

Кыргызстанда жыл сайын Ички иштер министрлигине үй-бүлө зомбулугуна байланыштуу 10 миңден ашуун арыз түшөт. Акыркы эки жылда 20дан ашуун аял зомбулуктун курмандыгы болгон.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG