Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:00

Орусияда дагы терактка шектүүлөр кармалды


Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы Москва шаарында жана Донецкидеги теракттардын алдын алганын билдирди. Эки шаарда тең күч органдары Борбор Азия мамлекеттеринин жарандарын кармашты, бирок алар кайсы мамлекеттен барганы азырынча тактала элек. Кармоо учурунда шектүүлөрдүн бири өлтүрүлгөн.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы Москвадагы синагогага кол салууну алдын алганын, аны даярдоого шектелип борборазиялык бир киши кармалганын билдирди.

Москвада кармалган шектүү өлтүрүлдү

"Интерфакс" агенттигинин маалыматы боюнча, 10-апрелде шектүү камакка алуу учурунда каршылык көрсөтүп, өлтүрүлгөн. Бирок 22 жашта делген кишинин аты-жөнү айтыла элек.

Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) маалыматында, ал жашаган батирде колго жасалган жардыргыч заттар сакталган. Терезенин айнегин тешип өткөн октун издери көрүнүп турат.

"Ал кылмыш жасап, өз өлкөсүндө абакта отурганда терроризм үчүн соттолгон адамдар менен байланыш түзүп, алардын таасири астында Орусияда тыюу салынган эл аралык террордук уюмдун идеологиясын жайылта баштаган", - деп айтылат билдирүүдө.

11-апрелде "Астра" Tелеграм-каналы Федералдык коопсуздук кызматы тараткан дагы бир видеону жарыялады. Анда Борбор Азиянын алты жараны Донецкидеги аскердик объектиде теракт уюштурууга шек саналып кармалганы айтылат.

Видеодо күч кызматкерлери чет өлкөлүктөр жашаган батирге куралчан кирип келип, кишилерди жерге жаткырып, колдоруна кишен салып жатканы көрсөтүлөт. Бирок алардын жарандыгы же аты-жөнү айтылбайт.

Федералдык коопсуздук кызматы кармалгандардын жашаган жеринен колго жасалган жардыруучу зат жана гранаталар табылганын билдирди. Орусиялык атайын кызматтардын маалыматы боюнча бул топтун мүчөлөрү теракттан кийин Түркияга барууну пландап, андан ары Украинага өтүүнү көздөшкөн.

7-мартта "Москвадагы синагогага кол салуу уюштурууну даярдаган" деп шектелген эки казак жараны Калуга облусунда да өлтүрүлгөнү кабарланган. Алар дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө террорчу деп таанылган “Ислам мамлекети” уюмунун ооган канатынын мүчөлөрү экени айтылган. Шектүүлөр кармоо учурунда куралдуу каршылык көрсөткөнү маалымдалган.

Буга чейин The Washington Post басылмасы эки булакка таянып, америкалык атайын кызматтар Орусиянын ФСБсына Москвадагы синагогага ыктымал чабуул тууралуу эскерткенин жазган.

Орус полициясы Москвадагы элчиликтин кызматкерин текшерген

Москва шаарынын четиндеги "Крокус Сити Холл" борборундагы кол салуудан кийин Орусиянын укук коргоо органдары мигранттарга, анын ичинен борборазиялыктарга текшерүүнү күчөтүп, байма-бай рейддер болуп жатканы кабарланууда. Мындай текшерүүлөргө элчиликтин кызматкерлери да кабылганы белгилүү болду.

11-апрелде "Кактус Медиа" басылмасы ВЧК-ОГПУ Телеграм-каналына таянып, Орусиянын эки полиция кызматкери Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин кеңешчиси Манас Жолдошбековдун тийиштүү уруксаты бар-жогун текшерүү үчүн анын үйүнө мыйзамсыз киргенин жазган.

Телеграм-канал жазгандай, эки укук коргоо кызматкери Жолдошбековдун үйүнүн кулпусун жана сырткы эшигин бузуп кирип, орой мамиле жасап, миграциялык каттоо боюнча документти талап кылышкан.

Көп өтпөй Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин кеңешчисинин үй-бүлөсүнө карата орусиялык полиция кызматкерлеринин мамилесин айыптап, буга байланыштуу 12-апрелде Орусиянын элчилигинин консулу-кеңешчи Андрей Бурьевой менен жолугушуу өткөнүн кабарлады.

Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жарандарды антитеррордук иш-чараларга байланыштуу зарыл иши болбогон кыргызстандыктарды Орусияга барбай турууга чакырган.

Түркияда дa ондогон чет өлкөлүктөр кармалды

Түркиянын ички иштер министри Али Йерликая жыл башында Стамбулда католиктердин чиркөөсүнө кол салгандарга жардам берген 30 чет өлкөлүк жаран кармалганын билдирген.

Анын 6-апрелдеги билдирүүсүндө өлкөнүн тогуз провинциясында жүргүзүлгөн операцияда террордук уюмдарга мүчө деп шектелген чет элдиктер кармалып, кылмыш иши козголгону айтылат.

Быйыл жыл башында Стамбулда беткапчан эки адам таат окулуп жаткан маалда католиктердин чиркөөсүнө кол салган. Түрк бийлиги алардын бирөө тажикстандык, экинчиси орусиялык экенин жарыялаган.

5-апрелде түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган тажик жарандарынын Түркияга визасыз кирүүсүнө уруксат берген чечимди жокко чыгаруу жарлыгына кол койду. Жарлыкта: "Тажикстандын сыртка чыкканга паспорту бар жарандарынын Түркияга визасыз кирүү режимин жокко чыгаруу чечими кабыл алынды", - деп айтылaт.

Ал эми 8-апрелде Milliyet басылмасы Анкаранын мындай чечимине Москвадагы "Крокус Сити Холл" борборуна кол салууга шек саналып кармалгандар тажикстандыктар экени жана алардын кеминде экөө Түркиядан туруктуу жашоого уруксат алуу үчүн документ тапшырып, кийин Москвага учуп барганы себеп болгонун жазды.

Акыркы маалыматтарда "Крокус Сити Холл" борборундагы терактта 140тан көп адам мерт болуп, жараат алгандардын саны 500дөн ашкан.

Теракт үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" террордук уюму өзүнө алганы менен, Орусия анын артында Украина турганын айтып келет. Украинанын жетекчилиги муну "орус бийлигинин күнөөнү Киевге оодаруу аракети" деп сыпаттап, четке каккан.

Орусияда дагы Борбор Азиянын тургундары кармалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:19 0:00

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG