Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:02

"Орусияга автоунаа ташып жатасыңар дешти". Литвадан өтө албай жаткан ишкерлер


Иллюстрациялык сүрөт. Литва чек арасы.
Иллюстрациялык сүрөт. Литва чек арасы.

Литвадан автоунаа ташыган кыргызстандык ишкерлер чек арадан өтө албай калганын айтып кыргыз бийлигине кайрылды. Айдоочулар бул өлкөнүн бийлиги "Литвадан чыккан автоунааны санкция салынган Орусияга чыгарып жатасыңар" деген жүйө менен кармап жатканын айтышты. Азыр чек арада Кыргызстандан барган 90дон ашык айдоочу турганы маалым болду. Ал арада Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Литванын бийлигинен расмий маалымат күтүп жатканын билдирди.

Балтика боюндагы Литва, Латвия, Эстония - Евробиримдикке мүчө өлкөлөр жана Батыштын Орусияга каршы санкцияларына кошулган.

"Төрт күндөн бери өтө албай жатабыз"

Литва менен Беларустун чек арасындагы транспорттук коридордо турган айдоочулардын бири Бакай Берикбаев оор жүк ташуучу машине алып келип сатат. Ал төрт күндөн бери чек арадан өтө албай турганын айтты.

"4-сентябрдан тарта чек араларды жаап, биз үчүн кыйынчылык жаралды. Автоунаа ташыган казактар, кыргыздарды булар "Орусияга сатасыңар, ошондуктан чек ара жабылды" деп айтышты. Биз Австриядан, Германиядан, Швециядан, Швейцариядан унаа ташып иштейбиз, көпчүлүк учурда интернетке чыгарган унааларды көрүп, жерине барганда баалашабыз. Айрыкча, жаз-күз айларында иш кызыйт. Азыр менде 5-6 оор жүк ташуучу унаа бар, аларды алып чыга албай убара тартып жатам. Биз алган унаалар арзан эмес, бери дегенде 30-40 миң евро турат. Жок дегенде 200 унааны чыгара албай биздин ишкерлер турат ушул жерде. Кыргыз бийлиги Литванын бийлиги менен сүйлөшүп, бир айласын таппаса, булар "согуш бүткүчө алган унааларыңарды чыгара албайсыңар" деп коркутуп жатышат. Азыр айдоочулар чогулуп, батир ижарага алып, күтүп жатабыз".

Европа өлкөлөрүнөн жеңил жана оор жүк ташуучу унааларды 10-15 жылдан бери ташып иштеп жаткан ишкерлерге Түркия аркылуу чыгып кетүү сунушталган. Бирок айлоочулар ал жолду тандаса 10 миң долларлык чыгымга кабыларын айтышууда.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Литванын Беларус менен чектешкен аймагында, тактап айтканда "Шумскас-Лоша" жана "Тверачиус-Видзы" өткөрүү пункттары жабылганына байланыштуу машинелер кезек күтүп туруп калганын "Азаттыкка" тастыктады.

Алдын ала маалымат боюнча, чек арада Кыргызстандын 80-90го жакын жараны жана 70 жүк ташуучу автоунаа турат. Ошол эле учурда Беларус тарапта чек ара бекети ачык. Жеңил жана жүк ташуучу унаалар үчүн төрт көзөмөл-өткөрүү пункттары ишин улантууда: "Лаворишкес Литва – Котловка", "Мединкай Литва – Стоун лог", "Шалчининкай Литва – Бенякони", "Райгардас Литва – Привалка".

"Тышкы иштер министрлиги өткөрүү пункттарында Литва Республикасы тарабынан киргизилген чектөөлөр тууралуу расмий маалымат күтүп жатат. Министрлик Кыргызстандын Беларустагы элчилиги менен бирдикте мекендештерге керектүү жардам көрсөтүү максатында чек арадагы кырдаалга көзөмөл жүргүзүүдө", - деп жазылат ТИМ берген маалыматта.

Литва көзөмөлдү күчөттү

5-июндан тарта Литва санкция салынган товарларды үчүнчү өлкөлөргө экспорттоо Орусия же Беларустун аймагы аркылуу жүргүзүлсө ага көзөмөл күчөтүлөрүн билдирген.

Ал эми 3-июлдан тартып Литва Орусия же Беларус аркылуу транзит менен товар ташыгандар үчүн экспортко же реэкспортко кошумча талаптарды киргизерин Бажы департаменти маалымдаган. Мындай чаралар санкция салынган товарларды Орусияга жана Беларуска андан ары сатууга жол бербөө үчүн кабыл алынган.

Ошондой эле Литванын бийлиги быйыл 11-сентябрдан тарта оор жүк ташуучу унааларды чыгаруу эрежелери күчөй турганын эскерткен. Мындан улам Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирген өлкөлөргө коюлган талаптар кыйла өзгөрөрү да айтылган.

Эстония жана Латвия соңку төрт айдан бери Евробиримдиктен сатылып алынган транзиттик оор жүк ташуучу унааларды өткөрүүнү токтоткон. Борбор Азиядан барган ишкерлер үчүн автоунааларды чыгарып кетүүнүн бир эле жолу Литванын транспорттук коридору болууда.

Кыргызстанга ташылган машинелер

Быйыл алты айда Кыргызстанга импорттолгон оор жүк ташуучу унаалардын саны 5 701ге жетип, бул былтыркы жылдын жарымына салыштырмалуу 205% көп. Сырттан ташылган оор жүк ташуучу машинелердин көбү Литва аркылуу келчү. Машинелер Түштүк Кореядан, Финляндиядан, Словакиядан жана Монголиядан да ташылат.

Ал эми 67 миң 430 жеңил автоунаа импорттолгон, бул 2022-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 415% көп. Бул маалымат Улуттук статистика комитетинин сайтына жарыяланды. Оор жүк ташуучу унаалардын көбү Монголиядан, Түштүк Кореядан, Литвадан, АКШдан, Финляндиядан жана Германиядан алынып келген.

Кыргызстанга дүйнөнүн 48 мамлекетинен автоунаа ташылат.

Өлкөгө кирген автоунаалардын көбү Кыргызстандын аймагында калары да Статистика комитетинин маалыматында көрсөтүлгөн. Маселен, 2023-жылдын алгачкы алты айында оор жүк ташуучу унаадан болгону бешөө, ал эми жеңил унаадан 4519у чет өлкөлөргө экспортко чыгарылган.

Жүк ташуучулар ассоциациясынын башчысы Темирбек Шабданалиев кыргыз бийлиги бул маселени чукул арада чечпесе ишкерлер экономикалык чыгымдарга учурашы ыктымал экенин белгилейт.

"Литванын чек арасынан чыгарбай турганы жакшы эмес. Мындан ары кыргыз ишкерлери сатып алган унааларды Литва бийлиги конфискация кылып коюшу ыктымал. Мындай учурда ишкерлердин каражатын эч ким кайтарып бербейт. Ошондуктан Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги, өкмөт башчылары тез реакция кылып, маселени дипломатиялык жол менен чечсе жакшы болмок. Дагы бир жагы, азыр Орусиянын жолдорун Кытайдын унаалары толтуруп атат. Биздин өлкө да Европа мамлекеттеринен сырткаркы өлкөлөрдөн оор жүк ташуучу унаа жана жеңил унааларды ташыганды бир жолго салып алышы зарыл болуп турат".

29-августта тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргызстан АКШ жана Европа Биримдиги Орусияга каршы салган санкцияларын эч качан бузбаганын билдирген.

Министр Кыргызстан Батыштагы өнөктөштөрү менен келишимдерди аткарып, ошол эле учурда Орусия менен соода жүргүзүүдөн баш тартпайт деп билдирген.

Август айынын ортосунда Кыргызстанга сапар менен келген Европарламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Дэвид Макаллистер Орусияга каршы санкцияларды сактабагандарды кескин айыптай турганын билдирген. Ал Евробиримдиктин санкциялары эң ириде Украинага кол салганы үчүн Орусияга багытталганын белгилеп, башка өлкөлөр аны кыйгап өтүүгө көмөктөшпөшү керектигин эскерткен.

Июль айында болсо АКШнын Каржы министрлиги Орусиядагы 120дан ашуун компания менен катар Кыргызстанда катталган төрт ишканага да санкция салган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG