Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:55

Мүллер: Кыргызстанды Косового салыштыруу чекилик


Кыргызстандын ИИМин реформалоого көмөктөшкөн ЕККУ программасынын иш чарасы, Ош шаары
Кыргызстандын ИИМин реформалоого көмөктөшкөн ЕККУ программасынын иш чарасы, Ош шаары

ЕККУнун 22 полиция кеңешчиси кыргыз ИИМине кварталдык милиция, адам укуктарынын сакталышы, көп улуттуу коомдо иш алып барууга көмөк көрсөтөт.

Эл аралык адистер өлкөнүн 9 райондук ички иштер бөлүмдөрүндө жергиликтүү милиция кызматкерлери менен иштешүүдө. Жакында Жогорку Кеңеште ЕКУУнун полициячыларын Кыргызстанга ким чакырган жана алар эмне менен алектенип жатканын текшерүү маселеси көтөрүлдү.

ЕККУнун полиция кеңешчилер тобунун жетекчиси элчи Маркус Мүллер "Азаттыкка" курган маегинде жогорудагы суроолорго жооп берди:


Маркус Мүллер: Биринчиден, парламенттин өз өлкөсүндө эмне болуп жатканына кызыкканы жакшы көрүнүнүш жана алардын биздин долбоорго кызыкканына ыраазычылык билдиребиз. Өзүңөр билгендей, ЕККУ Кыргызстандын ички иштер тармагын реформалоого көмөктөшүү боюнча 8 жылдан бери иштешүүдө.

Ушул максатта бул жылдар ичинде жүздөгөн кеңешчилер Кыргызстандын милициясына көмөктөшүүгө келип-кетип жатышат. ЕККУ менен Кыргызстандын бул узак кызматташтыгы 2003-жылдагы «Өз ара түшүнүү» меморандумуна негизделген.

2010-жылы июнда Кыргызстандын өткөөл өкмөтү ЕККУга кайрылып, түштүктө коопсуздукту камсыз кылууга көмөк көрсөтүүнү суранган. ЕККУ болсо 52 эл аралык адисти Кыргызстандагы абалды жөнгө салууга жардамдашууга жөнөтүүгө даярдаган. Андан кийин август-сентябр айларында кыргыз тарап мындай долбоордун зарылчылыгы жоктугун билдирген.

4-ноябрда Кыргызстандын Ички иштер министринин орун басары Вена шаарында ЕККУнун Туруктуу кеңешинде кыргыз тарап башка долбоорго муктаж экендигин билдирген. Кыргыз ИИМи менен ЕККУ жаңы долбоор түзүүнүн үстүндө иштей баштаган. Албетте мындай аракет Тышкы иштер министрлиги жана өткөөл өкмөт менен макулдашалган болчу.

Жаңы долбоор «Жамааттык коопсуздук демилге» деп аталып, биздин адистер 9 райондук ички иштер бөлүмдөрүндө иштеп жатышат. Кыргызстанда бир аз болсо дагы жашап кеткен киши кыргыз милициясында көйгөйлөр бардыгын, ал эми июн окуясынан кийин алар көбөйгөндүгүн жакшы билет. Бардык иш-аракеттер Кыргызстандын ИИМи менен координациялган, андыктан бул жерде кандайдыр бир тыштан кийлигишүү деген жок.


- Эмне үчүн ЕККУ аймактык, саясий коопсуздук уюм катары Кыргызстанга өз маалында жардам бере алган жок?

ЕККУнун полиция кеңешчилер тобунун жетекчиси, элчи Маркус Мюллер
Маркус Мүллер: Июндагы жаңжал тез эле басылып, биздин алгачкы долбоордун зарылчылыгы болбой калды. Кыргыз бийлиги кырдаалды көзөмөлдөп калууга жетишти. Тактап айтып койчу нерсе, 4-ноябрда кыргыз өкмөтү ЕККУга кайрылып колдоо сураган. Анан ЕККУга мүчө өлкөлөр Кыргызстанда жаңы долбоорду ишке ашырууну колдоого алууну жактырышкан.

- Июндагы жаңжалдан кийин адам укуктары эбегейсиз бузулуп, милициянын массалык кармоолорорунан өзбектер катуу запкы тартканын айтып ЕККУ Кыргызстанды азыркыга чейин сындап жатат. Анда эмне үчүн абройлуу уюм өз учурунда аракет кылган жок?

Маркус Мүллер: ЕККУ болобу, башка уюм болобу кыргыз мамлекетинин макулдугу менен гана иш алып бара алат. Жаңжал маалында кыргыз өкмөтү өз милдетин аткарып турду. Ал эми адам укуктарынын бузулушу сыяктуу маселелерди чечүүдө биз кыргыз тарап менен өнөктөш катары иштеше беребиз. Дагы айтайын дегеним, биз кыргыз өкмөтүнүн чакыруусу менен гана иш жүргүзө алабыз. Эл аралык саясаттын эрежеси боюча эгемен өлкөгө бир жактуу тыштан кийлигишүүгө болбойт.


Эл ЕККУ полиция кеңешчилери менен иштешүүгө кызыкдар

- Эл аралык полиция кеңешчилеринин ишинен кандай майнап чыгууда? Алардын ишине ыраазысыңарбы?

Маркус Мүллер: Эң негизги позитивдүү нерсе – кеңешчилер ички иштер бөлүмдөрүндө жакшы маанайда кабыл алынды. Ошондой эле коомчулук дагы бизди жакшы кабыл алды. Биз жер-жерлерде коомдук алдын-алуу борборлорун түздүк. Алар жергиликтүү аялдар, жаштар топтору, аксакалдар соту жана кварталдык милиция кызматкерлери менен иштеп жатышат. Биз жамааттарда коопсуздукту бекемдөөнүн үстүндө иштейбиз, жергиликтүү тургандар болсо биз менен иштешүүгө өтө кызыкдар.

Азыр иштеп жаткан долбоордун мөөнөтү ушул жылдын 31-декабрында соңуна чыгат. Андан кийин биз кыргыз ИИМи менен бирге отуруп, бул долбоорду кийинки жылга созуунун зарылдыгы бар-жогун чечебиз.
Мына азыр Кыргыз парламентинде, коомунда милицияны реформалоо боюнча чоң талкуулар болуп жатат. Биздин долбоор сыяктуу бул тармакта жүзөгө ашырылып жаткан иштер пайдалуу эле болсо керек.

Бул долбоор ондогон донор өлкөлөр аркылуу каржыланат. Негизинен Европа биримдиги, АКШ, менин мекеним – Швейцария, Финляндия, Норвегия, Германия, Франция, Лихтенштейн, ал тургай Андора каржылык колдоо берүүдө. Финансылык жактан кыргыз өкмөтүнөн салым жок.

- Элчи мырза, айрым учурда «ЕККУнун полиция кеңешчилери буга чейин Косоводо иштешиптир. Алар эми Кыргызстанды мурдагы Югославиядай бөлүп-жарууну көздөп келиптир», деген сөздөр айтылып калат. Кыргызстанга келген адистериңер тууралуу айтып берсеңиз.

Маркус Мүллер: Тилекке каршы көптөр чындыгында Косоводо эмне болгонун так түшүнбөйт. 1998-99 жылдагы жарандык согушта өлкө таптакыр кулап калган. Сербиянын полициясы толугу менен дезинтеграцияланган болчу. Улуттар Уюму Косового эл аралык күчтөрдү жиберүүнү чечкен.

1999-жылы Косового 4 миң 700дөй полиция жиберилген. Андан кийин ЕККУнун полиция кеңешчилери азыркы күнгө чейин 6 миңден ашуун Косовонун полициясын кесиптик даярдыктан өткөрдү. Муну кайсыл жагынан карабайлы, эч кандай негативдүүү нерсе жок. ЕККУ тескерисинче мындай көмөгү үчүн сыймыктана алат.

Бул милдетти эл аралык полиция кеңешчилери аткарган. Анан дагы көпчүлүк кыргызстандыктар билбегендей эле, Кыргызстандын компетенттүү адистери дагы Косоводогу полицияга көмөктөшүүгө тартылган.

Албетте айрым саясатчылардын биздин чакан, пайдалуу долбоорду Косово менен эмне себептен байланыштырып жатканын аңдаса болот.

Косово менен Кыргызстанды салыштыруу – чоң чекилик. Мен Кыргызстанда он жылга чукул жашайм. Бул жерге келгенден бери Кыргызстанды өз мекеним Швейцария менен салыштырам.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG