Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:27

ЕККУнун 30 полиция кеңешчиси Кыргызстанга келет


ЕККУнун полиция кеңешчилери Кыргызстанга жаңы жылдан кийин келет. Алар ички иштер тармагын реформалоого кол кабыш кылмакчы.

ЕККУнун Кыргызстандагы ички иштер тармагын реформалоо долбоорунун жетекчиси Евгений Черенков 2011-жылы ЕККУ өлкөдөгү милицияны реформалоо иш-чарасын баштарын жарыялады.

- Бизге каражат бөлүндү, келерки жылдын январь айынан тарта 30 полиция кызматкери ишти баштайбыз. Биз ИИМдин бийлик куралы болбой, элге кантип кызмат кылууну үйрөнүүгө жардам берип, ар тараптан кеңеш беребиз. Кылмыш иликтөө иштерине кийлигишпейбиз. Чет өлкөлөрдөгү полициянын методикалык тажрыйбаларынан бөлүшөбүз.

Шамшыбек Мамыров
Ички иштер министрлигинин укук жана криминалдык анализ башкы башкармалыгынын өкүлү Шамшыбек Мамыров ЕККУнун программасы үчүн Кыргызстандын 7 облусунан жана Ош, Бишкек шаарларынан 18 ички иштер бөлүмдөрү тандалып алынганын билдирди.

- Долбоордун негизги максаты - адам укуктарын коргоо, милиция менен калктын социалдык өнөктөштүгүн жандандыруу, этникалык чөйрө иштерин, гендердик саясат маселелерин жөнгө салуу, ички иштер бөлүмдөрүндө демократиялык башкарууну, иштөөнүн эл аралык стандарттарын киргизүү. Мындан сырткары долбоордун негизги тапшырмаларынын бири - ЕККУнун биздин милицияга материалдык-техникалык жактан жардам көрсөтүүсү.

Шамшыбек Мамыровдун маалыматы боюнча, кеңеш берүүчү полиция тобунда отузга жакын кызматкер болот. Кыргыз милициясы полиция өкүлдөрүн адистигине жараша иргеп алып 18 ички иштер бөлүмдөрүнө жиберет. Чет жердик адистер Кыргызстанда курал алып жүрүшпөйт жана кылмыш иликтөө, тергөө иштерине кийлигишпейт. Алардын коопсуздугуна милиция кызматкерлери көз салышмакчы. Учурда Түркия, Сербия, Болгария, Швеция, Финляндия, АКШ өлкөлөрүнөн полиция кызматкерлери Кыргызстанга келе баштаган экен.

Кыргызстанда ЕККУнун полиция кеңешчилерине каршы бир нече жолу нааразылык жыйындары өткөн. 26-июль, 2010-жыл
Ошол эле учурда бул факт айрыкча Кыргызстан түштүгүндөгү элдин бир катмары тарабынан жактырбоо менен кабыл алынып жатканы айтылууда. Мисалы, Ош шаарындагы “Адам укугу жана демократия” борборунун жетекчиси Идирис Кубатбеков ЕККУнун полиция өкүлдөрү аракеттери улуттар арасындагы ынтымакка дагы доо кетирбес бекен деп күмөн саноодо.

ЕККУнун Кыргызстандагы ички иштер тармагын реформалоо долбоору 2003-жылдан бери иштеп келатат. Буга ылайык өлкөнүн эки жүздөн ашуун милиция кызматкери чет мамлекеттерге барып, тажрыйбага каныгып, кесиптик деңгээлин жогорулатып келген. Мындан тышкары ИИМдин төрт миңден ашуун кызматкери ЕККУнун полиция өкүлдөрүнөн кеп-кеңеш алып, машыгуулардан өтүшкөн.

XS
SM
MD
LG